ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР

Азыр мен жашоонун күнгөй-тескейин көрүп калган адаммын.Бир беткей өзүмчүлдүгүм жан сырымды бирөөгө айттырууга жар бербей, ачуумду ичиме жутуп жашап келдим. Эми бул азаптан өзүмдү сууруп чыгууга белсенип, ичтеги өкүтүмдү сиздерге кат аркылуу жиберүүнү эп көрдүм. Балким мен кетирген жаңылыштык айрым адамдарга сабак болор.

«ЖАШООМ ОЙДОГУДАЙ БОЛУП ЖАТТЫ»
– Өзүм айылда чо­ңойдум. Турмуштун ысык-суугун көрүп өстүм. Ата-энемдин кара жумуштан тапкан жарыбаган акчасы, үй-бүлөдөгү оош-кыйыш турмуш мени алда качан чоңойтуп койгон. Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин төрт бир тууганым бар.
Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына тапшыртууга ата-энемдин чама-чаркы чак келген жок. Айылда бош жүргөнүмдү угуп, таежем Бишкекке чакыртты. Мени тигүү цехине жумушка киргизди. Тапкан тыйынымды айылга жиберип турдум. Тааныш күтүп, шаарга да көнүп калдым. Жездем менен таежемди кыйнабай, өзүнчө батирге чыгууну айтсам, макул болушту. Өзүмдөн 3-4 жаш улуу чогуу иштеген Бурул эже менен бирге батирге чыктым. Айылдан апам менен сүйлөшүп калганда «Кызым, эстүү бол. Жаман адамдарга кошулба» деп энелик насаатын дайым кайталачу. «Апа, силерди уят кылбайм, буюрса, акча топтосом эл катары билимимди жогорулатам» деп ишенимдүү айтып, апамды кубандырар элем. Аз да болсо акча кармап, өз алдымча оокат кылып, бөбөктөрүмө камкордук жасаганыма өзүмдү чоң кишидей туя баштадым.

«БИР КҮНДҮК ЖЫРГАЛ КЕЛЕЧЕГИМДИ БУЗДУ»
– Күз айлары болчу. Бурул эженин туулган күнү болуп калды. Кафеге бардык. Биринчи жолу кафеге барышым эле. Кулагыма батыштын чоочун музыкасы жаңырып жатты. Бизди көпкө күттүрбөй эле эки курбу кызы эки жигитти жетелеп кирип келишти. Бир аздан кийин арабызга гүл көтөргөн узун бойлуу, келбеттүү жигит келип кошулуп, Бурул эжеге карап «Жаным, туулган күнүң менен!» деп бетинен өөп куттуктады. Ал Бурул эженин жигити Бектур экен. Туулган күндүк шаң уланып, ырдап-бийлеп, өзүмдү эркин сезип жаттым. Эл катары мен да тост көтөрүп, аз-аздан ичип олтурдум. Арактан ууртаган сайын көздөрүм жымыңдап бийлегим, сүйлөгүм келип, бийиктикке көтөрүлүп баратканымдай туюлуп жатты. Ошентип түн бир оокумда кафеден чыктык. Бектур байке такси даярдап коюптур. Машинага олтурган соң «бул менин досум Азамат» деп бирөө менен тааныштырды. Үйгө жеткенибизде Бурул эже «туулган күн бүткөн жок, улантабыз» деди.
Ошол күнү биринчи ирет мас болдум. Ички дүйнөм уйгу-туйгу болуп, бирде күлкүм келсе, бирде ыйлагым келип жатты. Акылымды башкара албай калыптырмын. Бир убакта ысык дененин алдында эрип атканымды билем. Алсыз гана баш ийип бердим. Башка аргам бар беле? Андан аркысы эсимде толук калбаптыр. Уктап калыптырмын. Оозум кургап, ойгонуп кеттим. Бүткүл денем таш менен жанчыгандай ооруп калыптыр. Өзүмдөн-өзүм чочуп, Азаматтын коюнунда энеден туума жылаңач жатканыма ишене албай селейип, дендароо боло түштүм. Мен ишенген Бурул эже жигитинин коюнунда жатат. Үнүмдүн барынча «Мени куткарып койсоңуз болмок! Баарына сиз күнөөлүүсүз!» деп Бурул эжеге кыйкырып, ыйлап кирдим.Ал ачуу үнү менен мага «Алыңа жараша ичпейт белең! Мага неге кыйкырасың?» деп жаактан ары бир чаап жиберди. Ызама чыдабай чачташып уруша кеттик. Бизди Бектур арачалап токтотту. Алсыздыгымдан пайдаланып, пайдалуу бир иш кылгансып маашырланган Азаматты ачуум менен чапкылап кирдим. «Намысымды тепседиң, тагдырыма балта чаптың. Менин кийинки турмушумду ойлодуңбу?» деген суроомо «кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзмөк беле, өзүңдү кармап, алыңа жараша ичпейт белең!» деп кабагын салды. «Анда мени аялдыкка аласың» деп өзүмдү таңуулап баштадым. Азамат мыйыгынан күлүп, «кечирип кой, карындашым, менин үй-бүлөм, балдарым бар» деп басып кетти. Кимге каарымды төгүп, кимден жинимди чыгарышымды билбей, көз жашымды көлдөтүп кала бердим.
Ошентип азап баскан ал күн да артта калды. Арадан 3-4 апта өткөн соң кош бойлуу экенимди билдим. Тозок жашоо эми башталды. Өзөгүм өрттөнүп, жанымды коёрго жер таппай, сансыз санаанын кучагындамын. Апам менен сүйлөшкөн сайын өзүмдү ала качып, телефонду өчүрүүгө шашылам. Ата-энемдин асыл максаттарын жерге тепсегениме ызаланам. Менин өзөгүмдү жанчыган боюнча мезгил токтоп калса кана? Антпейт, убакыт өтүп жатат. Ичим күн санап чоңоюп баратат. Ата-энем билсе кандай болот? Өлүп алгым келет. Бирок жан таттуу. Боюмдан алдырсамчы? Ушул өңдүү сан миң ойлор күнү да, түнү да түйшөлтүп келет. Ошол азапка салган түпөйүл ойдон сууруп алар амал табылар бекен?

Айзада
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (60)
altynmsuu
2014-06-12 12:21:20
Мындай окуялар аябай эле кобойуп кеттиго дейм э?
0
aiko_87
2014-06-13 14:58:26
ээ синдим тороп ал бул тун балан кийин болбой калышы да мумкун. эл бир эки ай суйлойт анан унутка да чыгып кетет.Жамгырдан кийин кун чыгышын да унутпа. Азыр биринчи турмуштан жалчыбагандар экинчисинен кыйналбай жашап жаткандар бар го озун акыл эстуу эле кыз окшойсун турмушка чыксан куйоонду сыйлап ала тургандай. эч артка чегинбе келечек алдында эч тайманба.
Nora сен алдырып сал дептирсин кийинки ден соолукка берген зыян жактарын ойлодунбу.
0
myrza72
2014-06-13 21:17:00
... "кунажын козун сузбосо, бука жибин узбойт"...Бул эмне деген тантырактык,кыз деп эле кордой берсе боло береби. Ычкыры бош ушундай эркектерибиздин айынан тагдырдын таштанды балдарынын саны кобойуп жатат. Алмаз, сага кенеш: "Эгер, кочодон жаш бала корсон, башынан сылап от. Ал сенин балан болуп калышы мумкун. Эгер, абышка корсон, жолдун бул бетинен аркы бетине жетелеп откоруп кой, Ал сенин атан болуп калышы мумкун". Ушунчалык эле макалчы болсон...
+2
Lukrecia
2014-07-09 17:52:23
myrza72, азаматсыз. Азыр эркек балдар ушунчалык эрки жок алсыз дейсиз. Ошон учун куудулдар Аялдар базарда эркектер казанда дешип айтышып журот да. Азыр аял кишилер моралдык жактан да физикалык жактан да кучтуу!
+1
sterva
2014-06-13 23:12:04
Тороп алганын жакшы,ар бир бала оз ырыскысы менен торолот,кыйналасын ,бирок баары убактылуу.Эл уро берет,кербен журо берет))эне болуп,баландын жытын жыттап,ак сутун менен багып чонойткондон откон бакыт жок аялзаты учун...
0
rozka
2014-06-13 23:45:25
Эч качан алдырба апана айт бир нерсе кылат эл эмне дейт деп элди ойлобо эл суйлой берет озуно керек бала ээхх Автор азыр менин бойумда болуп калса кана 2 балам бар 10 жылдан бери торой албай журом торой албагандар канча ошон учун ойлон
0
begimai1989
2014-06-15 18:43:55
ата-энене айтып жакшынакай кылып алып эле тороп ал балан торолсо баарын унуттасын баланды коруп наристенин кулгону эле канча.
0
jypara1415
2014-06-16 11:24:24
Никесиз жаралган наристеден кудай сактасын !
0
koiluev-m
2014-06-24 14:19:43
Ех турмуш биро учун ушул кыз суйуктуу адам азыркы ушундай кыздарды коруп уйлонгун да келбей кетет ар ким оз карындаш ежесин ойлосо биронун тагдырына балта чапканча ех кыскасы кызда да куно бар екен ичпеш керек
0
anya
2014-06-27 18:03:20
Жети олчоп бир кес деп бекер айткан эмес, ошон учун кечеге барарда абайлаш керек озундон башка эч кимге ишенбеш керек жанында жургондор алсыздыгынды пайдаланып кеткен.
0
Lukrecia
2014-07-09 17:47:21
Биринчи жолкусунда деле болуп кала берет,эгер сактанбаса. Жаш кыз болсо озу. Бул да болсо кудайдын башка салган сыноосу экен. Биринчи чоон сыноодон сынып калдын. Эми кайра куноого батпа. Баланы тороп ал. Эртенки куну эмне болушун билбейбиз,эгер торой албай калсанчы алдыргандан кийин. Ар кимдин организми ар кандай. Аборт кыл дегендер ошол кичинекей ымыркайдын ордуна озунорду койуп коргуло. Силерди аборт кылып салса эмне болот эле. Анда биердетотуруп оозунарды толтуруп суйлобойт эленер!
0
guka007.kg
2014-08-12 12:14:54
жашоо адам заатка кандай гана сыноо бербейт, баарын жети олчоп, бир кесиш керек .
0
syimon
2014-08-23 12:48:08
олуп алганын жакшы эми!
0
kanyshaikg
2014-11-03 17:15:09
мындай окуялар коп эле болуш керек. бирок ар бир кыз озун карап арак ичпеш керек да
0
altyshka_23
2017-01-28 18:55:55
Эркек эшек деп ошон учун айтылганда,болбосо жаш кыздын тагдырын ойлоп тийбей койсо болотда
+1
altyshka_23
2017-01-28 18:57:58
Анан комментарий жазгандар тим эле озунорду аппак сезесинерда
0
№ 605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан