CМС-БИЛДИРҮҮНҮ ЫЛДАМ ЖАЗУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕКОРД
Өткөн айда АКШнын Нью-Йорк шаарында смс-билдирүүнү ылдам жазуу боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда мурдагы рекорд жаңыланды. Бул ирет 16 жаштагы бразилиялык өспүрүм Марсель Фернандес атаандаштарынан тездиги менен айырмаланып, Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ал «Серрасалмус жана Пигосентрус түркүмүндөгү тиши учтуу пираньялар – дүйнө боюнча тузсуз суудагы абдан агрессивдүү балыктар. Бирок, чындыгында, алар адамдарга чанда гана кол салат» деген сүйлөмдү 18,19 секундда жазууга жетишкен. Бул сүйлөм англис тилинде жалпысынан 159 символдон турат. Фернандес мелдеш учурунда сенсорлуу телефонун колдонгон. Ал эми буга чейинки рекорддук көрсөткүч 18,44 секунд болгон.
МАРСКА БОЛГОН КЫЗЫГУУ БҮТӨ ЭЛЕК
Адистер 377 бактерияны иликтеп, алардын ичинен 11 пайызы жогорку температурага жана радиацияга туруштук бере аларын байкашкан. 2012-жылы «Кьюриосити» Марска жөнөтүлгөн бактерияларды атайын процедурадан өткөргөндө, 65 түрү өлбөй жашап кеткен. Мындан улам адистер Жердеги бул бактерияларды аталган планетага жетип, жашап кетиши мүмкүн деген ишенимде. Бул тууралуу Американын микробиологиялык коомунун жыйынында айтылды. Божомол туура чыкса, келечекте таарынгандарды Таласка эмес, Марска бар деп калсак керек.