Ырчылар «өз атым калып, мени ырдын атынан атап калышты» деп кээде капаланып калышат. Алар кайсы той-кечеге барышпасын эл бир эле ырын суранып, кайра-кайра ырдатып, чарчатышкан учурлар толтура эмеспи. Эмесе, ырчылардын «визиттик карточкасы» болгон ырларына кайрылып, ким кайсы ырынын артынан кандай ийгиликке, байлыкка жетишип жатканын билели.
Омар:«КЫРГЫЗСТАНЫМ» ДЕГЕН ЫРЫМДЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ АЯБАЙ КҮТҮШӨТ»
– Негизи, той-кечелерге барганда чөйрөнү карап, ошого жараша ырдайм. Мисалы, улуу муун болсо «Энекем», «Булбулум», «Күлгүн жаш» дегендерди, ал эми жаштар болсо ошого жараша. Кээде ырдап бүткөндө «кел, эми, Омарчик, «Кыргызстанымды» ырдап койчу» деп суранып калышат. Көбүнчө чет өлкөгө концерт менен барганда ушул чыгарманы аябай күтүшөт. Ырды аткарып жатканда мекендештерибиздин көздөрүндө кадимкидей Мекенин сагынып жатканы көрүнүп турат. Андыктан көбүнчө тойдун же концерттин башында бир, аягында да бир жолу ырдап коём.
Негизи, ырды акча табуу максатында жазган эмесмин. 2010-жылкы Апрель революциясы, Июнь окуясынан кийин мүңкүрөп калган элге жакшы жашоого үмүт, ишеним жараткан ыр болсун дегенбиз. Мага да репертуарымдагы жаккан ыр «Кыргызстаным» болду.
Мирлан Баеков:«КАЗАКТАР «КЫЗЫЛ ӨРҮКТҮН» ТҮП НУСКАСЫН УГАЛЫ ДЕП КӨП ЧАКЫРЫШАТ»
– «Кызыл өрүк» аттуу ырды ырдап чыкканыма быйыл 5 жыл болот. Ошондон бери мени багып келе жатат. Бул ырды казакчага да которуп ырдашпады беле. «Кызыл өрүктүн түп нускасын угабыз» деп казактар мени көп чакырышат. «Кызыл өрүк» аттуу ырымдын артынан үйлөндүм, темир тулпарлуу болдум, кандай максат койсом, баары чекесинен аткарылып келе жатат. Кайсы жакка тойго барбайын, ушул ырды ырдатмайын кетиришпейт.
Былтыр кышында болсо керек, Казакстанга барып, 5 жолу кайталап ырдап бердим. Жаңы эле ырдап бүтсөм «атайын Ала-Тоонун ары жагынан келгенден кийин кайра суранып коёлу» деп кайра-кайра суранышкан. Боордоштор депутат, чиновниктеринин тойлоруна чакырышат. Бир жолу Казакстанга атайын ушул ырды аткаруу үчүн баргам. Эң көбү сот болуп иштеген бир кишинин жакшылыгына барып, 2500 долларга эки ырды аткарып келгеним болду.
Гүлзат Байзакова:«ЖАР-ЖАР» ЫРЫМ ҮЧҮН КҮНДӨ ТОЙГО ЧАКЫРЫШАТ»
– Жаңыдан тойлорго чакыруу ала баштаганымда Жамин Акималиевдин «Жалжалым» аттуу ырын ырдап жүрчүмүн. 1996-97-жылдары Турусбек Жумалиев Казакстанга барып, бир тойдун сценарийин көрүп келип «Жар-жарды» ырдабайсыңбы» деп калды. Ошондон бери ушул ырды тойлордо ырдап келе жатам.
Кудайга шүгүр, күндө тойдон куру эмесмин. Бир учурда эки жакка чакыруулар болот. Тойлордун убактысына карап бир тойдо «Жар-жар» айтып бүтүп, кийинки тойго жетишип барганга аракет кылам. Атайын ченеп алган баам жок, сүйлөшүүгө жараша болот. Ырдын санына карап, 200 долларга чейин ырдап берем.Чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештеримдин да тойлорунда «Жар-жар» айтып, Сема, Чыңгыз Мырзаев, Нуриса Абазова, Нэна, Турдалы Аскарбековдордун келин-күйөөлөрүн киргиздим. Тойлор жеке эле мени эмес, студенттен баштап тамадаларга чейин багып келе жатат.
Гүлжигит Сатыбеков:«КӨЗӨМӨЛЧҮ МИЛИЦИЯЛАР КОШО БИЙЛЕП КЕТИШКЕН»
– Менин ырларымдын арасынан эл көп суранганы 2010-жылы чыккан «Лейлектик кызга» болду.
Эсимде, Исфана шаарында концерт бергенимде кайра-кайра ушул ырды сурана беришти. Акыры «Канча жолу ырдап берейин?» десем, «3 жолу» дешти. Мен «3 жолу эмес, 5 жолу эле ырдап берейинчи» деп ырдап кирдим. Элдин баары сахнага чыгып, катарга туруп алып акча кыстарып жатышат. Менин көзүм болсо милиция кызматкерлеринде, бирөө жарым көзөмөл кылып коюшабы дейм. 6 милиция кызматкери бар эле, карасам, алтоо өздөрүнчө эч ким менен иши жок бийлеп жатышат. Ошол окуя эсимде калыптыр.
Бул ыр чыккандан кийин оң жана терс сындар айтылды. Кантсе да «Лейлектик кызга» ырым тойлордо жакшы эле кызмат кылып жатат. Мен үчүн ырдын артынан тапкан байлык эмес, элдин жүрөгүнө канчалык деңгээлде жеткени маанилүү.
Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg