«Үй-бүлө очогу эмнеден бекемделет?» десе, «ишенимден» деп жооп берүүгө ашыгат элем. Анткени ишеним бар жерде ырыскы, тынчтык, сүйүү бар экенин баарыбыз моюнга алсак керек. Бири-бирин ар тараптан колдогон, «кайда жүрөсүң?» деп 10 мүнөт сайын телефон чалып шектенбеген, эң башкысы, бири-бирине ишенген түгөйлөр деп куудул Борончу Кудайбергеновдун үй-бүлөсүн айтса болот.
– Өткөндө жеңебиз экөөңөрдү көрүп, ортоңордо сүйүү дагы деле күчүндө окшойт деп койдум...
Борончу: – Эртең менен эле келинчегим экөөбүз кучакташып, бири-бирибизди эркелетип жатып «жаштар көрсө «бул экөөнө эмне болгон?» дешпейби» деп күлгөнбүз. Анткени жаштардын көзүнө биз картаң эле көрүнсөк керек. Мен бала кезде бирөөнү элүүгө чыгыптыр десе, «ий, байкуш, жакында өлөт турбайбы» деп ойлочумун. Мына, үч жылдан кийин өзүм элүүгө чыгам. Аялым экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү жаш кездегиден айырмасы жок, тескерисинче, сүйүүнүн экинчи деми ачылды.
– Борончу байке «сүйөм» деген сөздү айтууда сараң эмеспи?
Ырыс: – «Сүйөм» деп көп эле айтат. Мурун көп айтчу, азыр аз деп бөлбөйм. Азыр деле комплименттеринен кийин «сүйөм» дейт. Мен ошол сөзүнө татыктуу жубай болоюн деп, ага тоскоол болбогонго аракет кылам. Үйдө кандай маселе болбосун өзүм бүтүрөм. Жакшы чыгарма жаратса экен деп мен да изденем. Көчөдө, жумушта болгон окуяларды айтып берем. Балким, ал окуядан жакшы юмор жаралат деп.
– Кандай кожоюнсуз, сырттан караган адамга оор басырыктуу, жубайына кол көтөрбөй турган адамдай көрүнөсүз?
Б.: – Чын эле ошондоймун. Куттуу кеңсеңерде отурам, аялыма бир гана жолу колум тийген. Жаңы үйлөнгөндө «Ош базарда» соода кылып жүрүп урушуп кетип жаакка чаап салгам. Аялдар базарга бир кирип алса оңою менен чыкпайт го. Албаса да акыркы калып буюм-тайымын жыйнап жаткан соодагерге барып «эмне кетпей жатасың?» деп сурайт. Биздин базардагы урушубуз кечке эле тиякка, биякка деп сүйрөй бергенден чыкса керек эле. Азыр ойлосом, «мен күйөөңмүн да, мени эмне сүйрөйсүң?» дегендей мамиле кылыптырмын.
– «Эмне кеч келдиң?» деген сыяктуу кептери менен кызганган учуру болобу?
Б.: – Артисттердин көбү билет, менин аялым чыгармачылыгымды сыйлайт, колдойт, түшүнөт. Ошондуктан эркин жүрүп чыгарма жаратууга бардык шарт бар. Айрым досторумду аялдары ырдатпай да койгон учур болгон.
– Таптакыр кызганбайсызбы?
Ы.: – Кантип эле кызганыч болбосун. Бар, бирок үйлөнгөндө эле артисттердин жашоосу кандай болорун түшүнгөм. Артист болом деп жаңыдан кадам таштаганда Чубак Сатаев менен иштешкен. Ошондо гастролго чыкканда мени жанына алып алчу. Артисттер менен тааныганы деле, тааныбаганы деле колтукташып сүрөткө түшө берерин көргөм. Ар бир кадамын «эмне мындай кылдың?» дей берсем, уруш чыга бербейби.
– Кайдан, эмне болуп таанышып калдыңыздар эле?
Б.: – Болот Алымкулов, Таалай Бектурганов, Нурлан Тилебаев болуп «Кыргызавтомаш» заводунда бир цехте иштечүбүз. Төртөөбүз тең артист болобуз дегендер экенбиз, «Ак тилек» деген топ түзүп алдык. Ишкананын ичинде майрамдык кечелер, туулган күн болуп калса ыр, бий, алып баруучулук жагын биз башкарабыз. Жатакананын ар бир бөлмөсүндө үнүбүз жаңырчу. Ошол маалда Ленин заводунун Маданият үйүнө комуз үйрөнгөнү барчумун, Ырыс менен ошол жерден таанышкам.
– Ырыс эже, таанышканда Борончу байке сизге да жакты беле?
Ы.: – Таанышканда тием деп деле ойлогон эмесмин. Анан Бишкектен Жумгалга ала качып кетти. 4-5 саат отурбайм деп чыр кылдым, аягында чарчап калдым. Байбичелер да ар кайсыны айтып тынчтантып коюшту. Борончунун мүнөзү жумшак, көтөрүмдүү, жөнөкөй, боорукер, үй-бүлөгө карамдуу. Борончудай эркектен бир да кыз баш тарта албайт эле, ошентип чогуу жашап калдык.
– Кандай белек бергенди жакшы көрөсүз?
Б.: – Мурда сюрприз кылып, өзүнөн сурабай эле көңүлүмө жакканды алып берчүмүн. Азыр «эмне алып берейин?» деп сурайм же өзүн ээрчитип барып тандатам. Аялдар базар араласа эс алат да. Дүкөнгө киргенде отургуч таап алып эс алып отура берем, телефонумду чукулайм. Ал «мобу кандай экен, жарашабы?» деп калса «ооба, жакшы» деп коё берем. Мен «жарашпайт экен, алба» десем эле албай калмак беле, баары бир алат да.
Ы.: – Мага айтпай чет өлкөгө эс алууга жолдомо алып койгонду жакшы көрөт. Аял үчүн кандай белек болбосун жагымдуу да.
– Үйдүн капчыгын ким кармайт?
Б.: – Мен эмес. Башынан эле колума акча кармабайм. Тапканымдын баарын аялыма алып барам. Айрым эркектер майдаланып, «тиги каякта, буга канча акча кетти?» дешет, мен андай эмесмин. Чоң үй салып жатам, буюрса, күздө кирип калабыз. Ишенсең, ал үйдүн эч нерсесине киришкен жокмун. Акча алып барып берем, эмне керек болсо аялым усталарга кошулуп барып сатып келет. Мен көчөдө эле чыгарма деп жүрө берип, үйгө чоочун болуп калыптырмын. Бир жолу мындай окуя болгон. Свет текшерип келип калышты. Эсептегич кайда экенин электрик экөөлөп издеп таппай койдук. Айлам кетип аялыма чалдым. Көрсө, үстүнө коробка кийгизип салыптыр. Свет текшергич «өз үйүңүз болуп туруп кайда экенин билбейсизби?» деп таң калды, абдан жаман болдум.
– Балдарды тарбиялоого аралашасызбы?
Б.: – Балдар менен да апасы алектенет. Менин жумушум кечинде башталат, балдар мектептен келгенде кетип калам. Кээде шоктук кылышканда катуу урушуп коём. Куудулдардын тили жаман да. «Тигиндей болгондо мындай болмок, сен баланчадай минтип каласың» деп салыштырып жеп коёбуз. Ошондуктан апасы балдарды мага салып бергенден коркот.
Ы.: – Атасынан экөө тең ыйбаа кылып турушат. Улуусу Улан Юридикалык академияда окуйт, 18де. Экинчиси Куйручук 8-классты аяктады. Улан жакшы ырдайт, бирок атасы «артист болбойсуң, кошумча кесип кылышың мүмкүн» дей берет. Кичүүбүз «артист болбойм» дегени менен өтө тапан.
– Байкасам аябай эле жумшак экенсиз, туугандар арасында «Борончу билбейт, аялы билет, аялынан сура» деген сөз жокпу?
Б.: – Чын эле андай сөз бар. Баарын аялым чечет. Керек болсо бир туугандарымдын тоюна барбай калам. Катыштын баарын Ырыс жайгарат. Анткени 2-3 ай мурун алган заказдарым болуп калат. Менин ордума досторум ырдап, тамадалык кылган учур көп болот.
– Жубайыңыздын кайсы мүнөзүнө чыдап келе жатасыз?
Б.: – Көктүгү жаман. Унчукпай, мелтейип кала берет. Ача-пача дей бергенден көрө унчукпай деле калган жакшы бир чети. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз тең жазылабыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg