АЯЛ ЖАКШЫ – ЭР ЖАКШЫ, ВАЗИР ЖАКШЫ – ХАН ЖАКШЫ

“Артистти аялым дебе, шопурду күйөөм дебе” демекчи, артисттерге жубай болуу оңой эмес. Гастроль, күйөрман кыздар, концерт, той деп түн ортосунда үйгө келүү чыныгы артисттин жашоосу. Мунун баарына чыдап, жаманын жашырып, жакшысын ашырган жубайы болуу тагдырына туш болгон биздин жеңелердин парады назарыңыздарда.

Семанын сандыктагы жубайы

Кыздардын параметрин жатка билген Сема 6-7 жылдан бери жубайы, бала-чакасын сандыкка катып, багып келүүдө. Анткени ушул убакка чейин Семадан үй-бүлөсү жөнүндө сурап калсаң ак да, көк да дебей кутулуп келген. Жеңекебиз Семанын чыгармачылыгына жолтоо болбоюн деп ошончо жыл сандыкта жашынып жатып бир кыз, бир уул төрөгөнгө жетишти. Жеңем дале унчукпаганы менен, Сема эми тутулду. Себеби, балдары чоңойду, тили чыкты. «Кимдин баласысың?» десе, «Семанын баласымын» дегенге жарап калды дегендей. Жеңемдин деле стажы жетип, сандыктан чыгып «пультту» башкарчу мезгил келди окшойт. Эми сандыкка Сема өзү түшүп калбаса болгону.


Сиңдисине да жан тартпаган Рахат

Нарындын кыздары артисттерге жубай болгонго ыңгайлуубу деп ойлоп калдым. Анткени ырчылардын түндүк-түштүгүнө карабай, артисттердин унчукпаган жубайлары – нарындыктар. Бек Борбиевдин жубайы, Семанын келинчеги, башында Айбек Карымов адашып ар жактын кызын алып көрдү эле, эми минтип Нарындын кызына токтолду. Мына, Санжар Бердибековдун жубайы Рахат да Нарындан экен. Бул куудулубуздун кылыгына чыдаган Рахатка рахмат. Балканактай уул төрөп берген жеңенин кың деген үнүн укпайбыз. Бир тууган сиңдиси Диана “Делбирим” тобунда ырдап жүрүп гастролдордо жездесинин анча-мынча “косяктарын” көрүп койсо керек. Анткени Санжар акебиз балдызын “ырдаба, мен жүргөн жерде сен жүрбөшүң керек” деп тыйганынан кабарыбыз бар. Ошентсе да жеңебиз сиңдисине жан таркан жок.


Съездбектен да популярдуу Жаркынай

Ырчы Съездбек Искеналиевдин жубайы Жаркынай Чүйдүн чүрөгү. Жаркынай жеңебиз Съезден да популярдуу сыяктуу. Анткени ырчынын кесиптештеринин туулган күнүбү, айтор, шоу-бизнес өкүлдөрү топтолгон жерге Жаркынай күйөөсүнөн мурда жетет. Анысына карабай, ырчыга жар болуп, артисттин артист жашоосуна чыдап келе жаткан жеңелерибиздин бири.


Замирди таластык кылып алган Лира

Колунан комузу түшпөгөн Замир Арыкбаев “Оштон алба дебечи, жеңекебай” деп жүрүп Таластын кызына туш болду. Көлдүн балдары жакшы болот дегенди катуу кармаган Лира Замирдин жүрөгүн багындырып алганы качан. Өзүңүз деле баамдасаңыз керек, азыр Замирдин өпкөсү кеңейип, Көлдөн мурда Таласты мактап ырдап калган. Бул эки жаш азыр эки кызды тарбиялоодо.


Камчыны кашы менен башкарган Элнура

Актёр, ди-джей Камчы Сарыбаев токмоктук кыздын урагыс тоосу болуп турган кези. Жеңебиз Элнура “эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген чечимге келип, окуп жаткан актрисалык кесибин таштады да, бала багып үйдө отуруп алды. Көлөм жагынан да, сөз жагынан эч кимден коркпогон актёр бир гана жубайынын каш серпигенинен коркуп кетет. Шөкүлө кийип ыймандуу көрүнгөн жеңебиз алп көкүрөк Камчыны, үй-бүлөсүн башкарып, аялдык милдетин аткарып келе жатат.


Сыймыктын сыймыгын ашырган Нурзада

Сөздүн жанын сууруп сүйлө­гөн Сыймык Бейшекеевдин жубайы Нурзада Токтогулдан. Кол ийрисине тартат болуп, Көлдүн ак куусуна ашык болуп турса да, өзүбүздүн өрдөккө жетпейт дегенби, айтор, жердеши Нурзадага баш байлаган. Нурзада жеңебиз ырчы акебиз менен тең тайлашып өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүргөн кези. Акебиздин анча-мынча эркектик кылып жетпей калган көлдүн сулуулары менен болгон мамилелерин укса да, кулагынын сыртынан кетирип, көп балалуу болууну каалаган ырчыга жеңебиз азырынча 2 уул, бир кыз төрөп бергенге жетишти.


Унчукпай жеңишке жетишкен Фарида

Ырчы Бек Борбиев – Нарындын күйөө баласы. Ырчыны «сүйөм, күйөм» деп сыздаган жаш кыздарга тарттырып жибербей, үй-бүлөсүн сактап келе жаткан Фарида жеңеке азамат. “Акылымдан кеттим, ай, сүйүп калып сени, Эркинай...” деп сыздаса деле, “уулуң мага окшогон...” деп “подозрительный” ырдап жатса деле билмексен болуп койкойгон жеңебизге даңк жана дүңк! “Унчукпасаң үйдөй балээден кутуласың” деген ырчынын жубайы жолдошу Эркинай демектен башка десе да, тизгини менин колумда деп дайыма көңүлү ток жүрөт. “Ат айланып казыгын табат” деп балдарын тарбиялап, өз милдетин мыкты аткарып келүүдө. Чындыгында эле Бек акебиз канча кызды сүйүп, ырында токсон тогуз жолу атын айтып какшаганы менен, эч нерсеге алмаштыргыс үй-бүлөсү бар эмеспи.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jazka
2009-11-07 22:12:23
ehh...adamazat...
0
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан