«УРПАКТАРЫБЫЗ МЕККЕГЕ ЗЫЯРАТКА КЕЛЕТ, ОШОНДО БААРЫ БЕКЕР БОЛСУН»

«Кыргыз элим үчүн сүйүнүчтүү кабарым бар» деген Койлубай ажы Термечик уулу аттуу мекендешибиз редакциябыздын босогосун аттап, Меккеге болгон сапарындагы кызыктуу окуяны айтып берди. Ал өткөн жылы Меккеге барып, анда Кыргызстандан барган зыяратчылар үчүн мейманкана акысыз экендигине күбө болгон. Мындан улам Койлубай ажынын көкүрөгүн «Эмне себептен кыргыздар үчүн мейманканалар акысыз?» деген суроо ээлеп алып, өз алдынча иликтөөнү баштаган. Көрсө, окуянын чоо-жайы 1917-1924-жылдарга барып такалат экен. Калганын Койлубай ажынын өз оозунан уксак.

– Койлубай ажы, Меккеде Кыргызстандан барган зыяратчылар үчүн мейманканалар менен тамак-аш акысыз экен деп жатасыз. Себебин биле алдыңызбы?
– 2013-жылы Жараткандын насиби менен ажылык үчүн Мекке шаарына барып калдым. Ал жерге барган соң биз жаткан мейманканада кыргызстандык зыяратчылар үчүн жатакана менен тамак-аш акысыз экендигине күбө болдум. Ал тургай мейманкананын кире беришине да бадырайтып «Кыргызстандык зыяратчылар үчүн тамак-аш жана жатакана акысыз» деп кыргыз жана араб тилдеринде жазып коюптур. Эмнеден улам мындай деген кызыгуу менен айланадагылардан сурасам эч ким билбейт. Анан бир күнү мейманканага баян айтууга келген шейхтен сурадым.
Көрсө, 1917-1924-жылдардын аралыгында Баткен облусунун Лейлек районунан Төрөкул Бий, Мухаммад Бакир, Кушбак уулу Стамкул, Короз уулу Шады, Бердибай уулу Рахматилла аттуу аталарыбыз Совет бийлигинин кысымына кабылып, Сауд Арабиясынын Таиф шаарына жер которушкан экен. Алардын бешөөсү тең колунда бар адамдар болгондуктан, ошол жерде соода-сатык иштери менен алектенишкен. Меккедеги Кааба мечитине жакын жерден жер алып, медресе менен мейманкана курушат. Кийинчерээк Сауд Арабиясынын бийлиги жогоруда аталган аталарыбызга кайрылып, «мейманкана менен медресени бизге саткыла, биз аны кеңейтип, эл көбүрөөк бата турган кылалы» дейт. Биздин аталарыбыз акылдашып көрүп, «бул жерди силерге бекер эле таштап кетебиз. Бирок бир шартыбыз бар. Кайсы бир убакта биздин урпактарыбыз зыяратка келишет. Ошондо алар үчүн жатакана жана 3 маал тамак-ашын акысыз бересиңер» дешет. Жергиликтүү бийлик шартка макулдугун берип, ортодо түбөлүк келишим түзүлүп, документке мөөр басылат. Ошондон тарта бул келишим күчүндө экен.

– Келишим түзүлгөндөн кийин Кыргызстандан алгачкы зыяратчылар качан барышыптыр?
– СССР тарагандан кийин Кыргызстандан алгачкы зыяратчылар 1993-жылы автобус менен барышыптыр. Барган соң бош мейманкана жок, автобуска жатууга мажбур болушат. Аларды көргөн шейх «Эмнеге бул жерде жатасыңар? Кайдан келдиңер?» деп сурайт. Биздин зыяратчылар Кыргызстандан келгенин айткан соң «силерге аталарыңар мурас катары мейманкана калтырып кеткенин билбейсиңерби?» деп аларды мейманканалардын бирине алып барып, окуяны түшүндүрүп берет. Мейманканада бош орун жок болгондуктан шейх «мейманкананын ээлери келди. Орунду бошотуп бергиле» деп башка жактан келген коноктордун баарын ар кайсы бөлмөлөргө батырып, кыргыздар үчүн жатаканаларды бошотуп бериптир. Ошондон бери Кыргызстандан зыяратчылар барган сайын ошол мейманканаларда жатышат экен.

– Мейманканада кандай шарттар каралыптыр?
– Келишим түзүлгөндөн кийин Сауд Арабиясынын бийлиги ата-бабаларыбыз салган медресе менен мейманкананы бузуп, анын ордуна көп кабаттуу мейманканаларды курушуптур. Бөлмөлөрдө керектүү шарттын баары бар. Тамак-аш акысыз берилип турду. Тейлөөчүлөр дагы өздөрүнө жүктөлгөн милдетти так аткарышат. Алардын кызматы үчүн жергиликтүү бийлик айлык төлөп турат экен. Кыргызстандыктардан бир тыйын коробойт.

Мурас калтырган аталар тууралуу маалымат таптыңызбы?
– Кыргызстанга келген соң алардын жакындарын издеп баштадым. Өзүмдүн бир тууган агамдын жана лейлектик Анарбай аттуу аганын жардамы менен Төрөкул Бий тууралуу маалымат таптым. Ал 28 ирет ажылыкка зыярат кылып, анын баарын кыргыз элине арнаган экен. Ага Мекке бийлиги тарабынан «Мекке жана Лейлектеги Гордой айылынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылыптыр.
Ал эми Бердибай уулу Рахматилла Лейлектин Айбике айылынан чыгып, Кокон хандыгы учурунда бий болгон экен. Калган төртөөсү Лейлектин Гордой айылынан чыгыптыр. Кийин Совет бийлиги түптөлгөндө алардын баары Сауд Арабиясында баш калкалоого мажбур болушуптур. Бешөөсү тең Меккеде көз жумуп, сөөгү ошол жакка коюлуптур. Аларды изилдеп жатып Бердибай уулу Рахматилланын чөбөрөсү Пахирдин Ахмат уулу жана таякеси Атакозу Миңжашаров менен таанышып калдым. Калгандары тууралуу маалыматты дагы издеп жатабыз.

Пахирдин Ахмат уулу:«ЧОҢ АТАБЫЗ БИР БАШТЫК АЛТЫНДЫ АЙЫЛДАШТАРЫНА ТАРАТЫПТЫР»
– Илгери биздин Айбике айылыбыздын жанында Кекире деген жер болгон экен. Ошол жердин көпчүлүк бөлүгү чоң атам Рахматиллага карап, ал сабаттуу жана абдан бай адамдардын бири болгон дешет. Ошол үчүн Совет бийлигинин кысымына кабылып, Меккеге качууга аргасыз болот. Кайра 1930-жылдары Кыргызстанга келип, 90 жашка чыкканда Жусуп аттуу жээнинин коштоосунда акыркы ирет ажылык сапарга аттанат. Ал жакка барган соң катуу ооруга чалдыгат. Меккеге өзү менен кошо 3 баштык алтын алып барган экен, анын бир баштыгын өзүн ээрчитип баргандыгы үчүн акы катары Жусуп жээнине берет. Экинчи баштыгын өзүн көмүүгө жумшоого, үчүнчү баштыгын өз айылындагы элине таратып берүүгө буюрган экен.

 

Атакозу Миңжашаров:«РАХМАТИЛЛА АЖЫ МЕДРЕСЕДЕ САБАК БЕРҮҮСҮ ДА МҮМКҮН»
– Ал киши Кокон хандыгы учурунда ордодо кызмат өтөгөндүгүн уккам. 1917-жылы революция болгон соң Совет бийлиги бай-манап деп куугунтукка алган. Буга чейин анын кыргыздар үчүн мурас калтырганын уккан эмес элем. Меккеге медресени да жөн эле кура бербесе керек. Балким, Меккеде жүргөндө өздөрү курган медреседе дин тууралуу сабак берип жүрүшү да мүмкүн.

 

 

Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий:«БУЛ АДАМДАРДЫН ТЕГИН ТАКТОО ЗАРЫЛ»
– Бул окуя чындыкка жакын болушу мүмкүн. Себеби Меккеде окуп жүргөн кезимде бул адамдардын атын көрүп, кыргыздардын ысымына окшош экен деп койгон элем. Совет бийлиги орногонго чейин кыргыз, өзбек, тажик деп улутка бөлүнчү эмес экен. Тек гана орто азиялыктарды намангандык, андижандык, бухаралыктар деп атап коюшчу.
Мен Меккеде жүргөндө Мухаммед Бакирди намангандык деп уккан элем. Ал эми жогоруда жазылган жазуу 2-3 жыл мурун эле «уйгурлар менен өзбектер үчүн мейманкана бекер» деп жазылып турчу. Динде улутка бөлүнбөйт, ошондуктан уйгур, өзбектерге деген сөзкыргызстандыктарга деген сөзгө алмаштырылган. Алгач бул жай өзбекстандык ажыларга берилчү эле. Кийинчерээк Өзбекстан менен Сауд Арабиясы ортосунда болгон мамиле солгундап кеткенине байланыштуу бул мейманкана кыргызстандык ажыларга бериле баштаган экен. Бул адамдардын тегин тактоо зарыл.

Араб тилинде жазылган беш кыргыздын ысымы мейманкананын дубалындагы жазууда чагылдырылган.

Мейманкананын бир капталындагы жазууда кыргызстандыктар үчүн жатакана акысыз берилери эскертилген.

Темирбек Матаев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Меккеде кыргызстандыктарга баары бекерби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
SweetLady
2014-06-16 11:23:18
Аллах ыраазы болсун бабаларыбыздан. Канча адамдын сообуна калышыптыр. Иншаллах жаткан жерлери жаннаттан болсун!
+2
Axli_Sunna_Val_Djama
2014-06-16 11:30:52
Ma wa Allax suiunu4tuu kabar
+1
zezim2000
2014-06-16 13:16:03
укумдан тукумга откон сооптуу иш калтырып кетишиптирлер,лейлекке барып кагаз турундо далилдеп койсо жакшы болмок кыргыз элим учун да оздору учунда сооптун сообун жасашыптыр,азыркы жаштарыбызга б\
озуно ток атуулдарыбыз сабак болсо деп жараткандай тилейли.
+3
Nur_meerim
2014-06-16 14:41:28
Аллах Ыраазы болсун, ошол кишилерден! Окуп алып аябай кубандым!
+2
Kara-kulzha
2014-06-16 15:03:29
Аллах ыраазы болсун ошол ата бабаларыбыздан
+1
Asus77
2014-06-16 16:38:18
Ма ша Аллаh. Ошол ата-бабаларыбыздан Аллаhым ыраазы болсун. Меккеге ажылыкка баруу баарыбызга насип кылсын аамиин!
+2
Anhel
2014-06-16 18:12:45
Алла раазы болсун. Менин ушундай улуу жердештерим бар бңлгонуна сыймыктанам.
+1
Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala
2014-06-16 23:36:26
Кызык,эмнеге ушул убакка чейин аажыга барып келген бир дагы адам бул жөнүндө айтышкан эмес.Жада калса муфтийлер да унчукпай жүрүштүбү? же аны да бизнес кылып акча өндүрүп жүрүшкөнбү?
+4
nurperi8981
2014-06-18 00:28:52
Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala, Чубак ажы айтып жатпайбы ушул убакка чейин озбектерге бекер болгон деп……
+1
Beko87
2014-06-17 04:44:18
Лейлектиктер десе оло сыймыктандым.)))эми менда айылга барып озунчо изилдеп коромгоо Голбо айылына барып.иий баса Аскарбек Шадиевта ошо айылдан болот.
+1
admin_portal
2014-06-18 10:34:58
Joldoshev - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
aitysha-91
2014-06-19 19:42:12
Жаратканга мин мертебе шугур мусапыр болуп жургондо бул жакшы кабар жан эргитет экен аллахым ажылыкты баарыбызга насип кылсын
+1
Nemo_0587
2014-06-20 16:59:20
Ушундай адамдардын атын айыл, кочолорго берууго татыктуу.
0
Jika24
2014-06-23 09:47:06
Ушул жанылыкты окуп абдан кубанып кеттим,себеби Торокул бий менин тай атамдын атасы болгон экен.
0
koke
2014-07-12 10:57:34
Ушундай жаныдлык кандай жакшы ото чон соопко калышыптыр оздорун ойлобой элди ойлошкон экен азыркы бийликтегилерге эн чон сабак окуп азда болсо уялаар
0
abdulazim.kg
2015-08-14 00:45:52
Алхамдулиллахи машаллах аллахым раазы болсун ошол пенделеринден
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан