КОЧКОРДО ЧУПАКАБРА ПАЙДА БОЛДУБУ?

«Кочкор районунда белгисиз бир кан соргуч жырткыч чыгыптыр, койлорду, тоокторду кырып жатыптыр» деген сөз учурда коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бири аны «чупакабра» десе, дагы бирлери «ит же чөө» дешүүдө. Айрымдары андан кооптонушуп, түндөсү сыртка чыкпай да калышканын айтышат. Бул эмне болгон жандык деп кызыгып, Кочкор районуна сапар тарттык.

Кочкордо атылып өлтүрүлдү деп маалымат булактарына тарап кеткен жандыктын сүрөтү.

СҮРӨТТҮ КИМ ТАРТКАНЫ БЕЛГИСИЗ
Кочкор районунан атылып, сүрөткө тартылды деген аталыш менен кызуу талкууну жаратып жаткан бул сүрөттү ким тартканы белгисиз. Мындан 2 жыл мурда Орусиядагы маалымат каражаттарынын биринде бул тууралуу жаңылык жарык көргөн. Анда: «Краснодар аймагынан бир мергенчи токойдон аң уулап кайтып келатканда ити бир жандык менен кармаша кетет. Мылтык кезеп, бирок итине ок жаңылып калат деп чочулап, ал белгисиз жандыкты таяк менен сабап өлтүрүп, оору жукпасын деген ойдо дароо өрттөп жок кылган» деп маалымдалат.
Белгисиз жандыктын сүрөтүн көргөн орусиялыктар кенгуру менен иттин жана чөөнүн аргындашуусунан чыккан кан соргуч деп жөө жомокко айлантып жиберишет. Ал эми адистер болсо, теринин алдындагы кенеден жабыркап ооруган «майып чөө» деп бүтүм чыгарышкан. Орусиялыктардын жөө жомогун улай интернеттен маалымат издесек, мына ушул эле сүрөт Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы бир айылынан тартылып алынган деген жаңылыктар жүрөт.

ЧУПАКАБРА ЭМЕС, ЖОЛБУН ИТТЕР АТЫЛДЫ
Барсак чынында эле айрым тургундар кооптонушуп, эшик-терезелерин бекемдеп алышыптыр. Кээ бири болбогон нерсе деп бейкапар жумушун кылып жүрөт. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө барганыбызда, ал жерде топтолгон жергиликтүү мергенчилер менен милиция кызматкерлери айыл четиндеги эски мүрзөгө жөнөп жатышыптыр. Биз да алар менен чогуу чыктык. Чын эле талаада 3 жандык жүрүптүр. Мергенчилер алардын экөөсүн атып келишти. Карасак, кадимки эле жолбун иттер. Ал жердеги сугатчылар иттердин бул жакта жүргөнүнө көп болгонун айтышты. Андан соң мергенчилер белгисиз жандык жүрүшү мүмкүн делген жерлерди карап чыгышты. Бирок эч жерден айыл тургундарынын жүрөк үшүн алып жаткан жандыкты көрө алган жокпуз.

КУБАНЫЧБЕК БЕРДИБЕКОВ, Кочкор районунун тургуну:
– 6-июнь күнү эртең менен саат 06:30 чамасында койлорумду кезүүгө чыгарайын десем, короодогу 4 кой өлүп жатыптыр. Карасам алкымы жана колтугу оюлган, жерде бир да кан жок. Койлорду кубалаганда бир козу сыртка качып чыгыптыр. Анын дагы бир жак капталын тепчип өтүптүр. Азыр аксап, араң басып жүрөт.
Бул белгисиз жаныбар башкалардын да тоокторуна, койлоруна кол салып жатыптыр. Айылда элдин көбү «малга кол салып жаткандан кийин адамдарга да кол салат» деп кооптонуп жатышат. Азыркыга чейин ал кандай жандык экендиги белгисиз болууда. Кебетесин көрө элекмин. Кичине акча жүгүртөйүн деп насыяга 4 кой алган элем. Эми аны кантип төлөйм деп ойлонуп жатам.

 

МИРЛАН ИСРАИЛОВ, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы:
– Биздин айылда тоокторго, койлорго белгисиз бир жандык кол салып, канын соруп кетип жатат. Мындай нерсенин пайда болгонуна 20 күндөн ашып калды. Башында бир-экиден койлордун өлүп жатканы айтылса, ай жаңыргандан бери бир короодон 9га чейин койлорду өлтүрүп кете баштады. Учурда айылда белгисиз жандык 30дан ашык койду өлтүрдү. Этин жебейт, малдын канын эле сорууда. Эл ар кандай айтып жатат. Бири «итке окшош» десе, бири «кенгуруга окшош» дешүүдө. Азырынча ал кандай жандык экендигин тактай элекпиз. Белгисиз жандыкты атып өлтүргөнгө 5 миң сом сыйлык берели деп жатабыз.

 


ТӨЛӨГӨН АЛТАЕВ, мергенчи:
– Кайним эртең менен «койлорду кырып кетиптир, союп жардамдашып коёсузбу» деп телефон чалып калды. Үйүнө барсам 8 коюн белгисиз жандык өлтүрүп кетиптир. Койлордун тамагынын жана колтугунун алдында эки чоң тиштин изи бар. Жерде эч кандай кан жок. Өлгөн малдардын бирин мууздасам, кан чыккан жок. Анан дароо баарын айылдын четиндеги аңга көмдүрттүм. Ушундай малдын этин жебей эле коюшса. Себеби андан оору да жугушу мүмкүн. Буга чейин «кан соргуч» дегендерден төрттү аттык. Жыйынтыгында булар жолбун иттер болуп чыкты. Мүрзө жактан да көргөндөр бар экен. Алар «кенгуруга окшош» дешүүдө. Угушума караганда, 4 буттап да, 2 буттап да басат экен.

 

ЖАҢЫЛ ИСАКМАТОВА, Кочкор районунун тургуну:
– 8-июнь күнү таңга жуук жолдошум эшикке чыккан. Анан эле кайра аптыгып үйгө келип, белгисиз жандыкты көргөнүн айтты. Айтымында, башы чоң, төшү кең жандык имиш. Ит сыяктуу эле куйругу, жүнү кыска экен дейт. Ошондон бери козуларыбыз үркүп, сарайга кирбей жатат.

 

 


САБАТБЕК МЕДЕТБЕКОВ,Кочкор районунун ветеринары:
– Мен койлордун канын соруп кеткенин өз көзүм менен көргөн жокмун. Азырынча анын эмне экенин билбейбиз. Атылгандардын экөө кадимки эле жолбун ит, ал эми эки күчүгү бир аз башкача экен. Алар чөөлөр менен аргындашкан болушу мүмкүн. Учурда шектүү делинип жаткан жолбун иттер атылууда. Экспертизага эми жөнөтөбүз. Өлгөн мал учурда жерге көмүлүп, жок кылынууда.

«МЫНДАЙ ЖАНДЫК ЗООЛОГДОРДУН КИТЕБИНДЕ ДА ЖОК»
Интернеттеги маалымат булактарында көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан сүрөт пайда болгон. Ал сүрөттү көргөндөрдүн бири «чупакабра ушул турбайбы» деп ишенсе, бири «жок, бул чөө» дешүүдө.
Мына ушул сүрөттү көтөрүп алып Бишкектеги Аңчылык департаментинин улагасын аттадык. Сүрөттү колуна алган аталган мекеменин аңчылыкты координациялоо жана аңчы чарбасынын ишкердик бөлүмүнүн адиси Батырбек Абдраимов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кочкор районундагы малчылар «чупакабра деген нерсе чыгып, койлордун канын соруп жатат» деп айтышууда. Биринчиден, бул сүрөттөгү жандык кадимки эле чөө. Чөөнүн оозу канды соруп ичүүгө биологиялык жактан такыр ылайыкталган эмес. Канды соруш үчүн маймылга же адамга окшогон оозу болушу керек. Ал эми элдин айтуусу боюнча, өлгөн малдарда тиштин изи калып, бирок кан чыккан эмес экен.
Эми мунун себебин азыр айтуу кыйын. Учурда бул окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Балким, койду тиштеген жандыкта ооруну ташып жүрүүчү микроб, бактериялар болуп, ушундан улам койлор өлүмгө учурашы мүмкүн. Анан эле чупакабра деген немени кайдан таап алышты билбейм. Мындай жандык зоологдордун китебинде да жок.

«ЧУПАКАБРА» ДЕГЕН СӨЗ КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?
«Чупакабра» испан тилинен которгондо «chupar» – «соруу», «cabra» – «эчки» дегенди түшүндүрөт. Бирок илимде мындай жандык жок. Бул сөздүн келип чыгышы 1950-жылга барып такалат. Атап айтсак, алгач мындай аталыштагы жандык тууралуу сөз Пуэрто-Рико өлкөсүндө каны сорулуп өлгөн бир нече эчкинин табылышынан кийин келип чыккан. Мындай жандыкка байланышкан ар кандай маалыматтар 90-жылдары телеберүүлөрдүн жана интернеттин аркасы менен коомчулукка тез тарап кеткен. Уламыштарда «чупакабра жаныбарларды өлтүрүп, канын соруп алат» деп айтылат.

Бекжан Рыскулов,
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кочкорлуктардын жүрөк үшүн алган чупакабра
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Shaa-82
2014-06-17 18:32:10
байкуш адамдар мал менен гана жандарын багып атышса дагы кайдагы кан соргуч чыга калды. чогулуп андып корушсо кантет эле атып салыша алат беле
0
s.malejo
2014-06-17 19:41:44
Раздольныйдан да чыккан былтыр.канчалаган жандыктарды кырды.тундо эшике чыга албай калганбыз
0
nurando
2014-06-17 19:54:28
Бул Сулосун емеспи кутурганы алдагы кан соротта
0
M.Lancer
2014-06-17 23:38:12
бизге качан жакшы нерсе келет
+1
Beko87
2014-06-18 00:23:59
ит болсо канын эле соруп кете береби.ит болушу мумкун эмес.эмне болсода мал-жанга зыян экен.жок кылыш керек!!!
0
Aisanat
2014-06-18 00:43:22
Интернетте коп еле видеолор бар екен.Корсо бул жандык бар екен да.
0
kekulya
2014-06-18 20:48:42
аябай коркунучтуу жаныбар экен... Бул нерсеге мамлекет тез арада кам корбосо болбойт
0
Lumia-800
2014-06-18 21:19:59
"Бар нерсе,жок нерсе" деп булжерде олтурбай интернеттен издесенер толтура. Бул жаныбар бар,менин тан калганым дуйнонун торт бурчунда,ото сейрек кездешкендиги болуп жатат.
0
mixi_94
2014-06-19 08:39:59
Суроттору бир гана итке окшош эмес, турлору коп го жанылып коруп албасам
0
musi222
2014-06-19 12:15:46
бул жерде жаткан чоодой еле корунот,мергенчилер издеп емне квлат алардын бараар жагы койлор болсо кирер жери коро болсо издебей еле шектуу королордо бекинип андып жатбайбы короо короого болунуп.
0
Erhan
2014-06-20 01:03:47
Бул озу бар нерсеби же жалганбы ?
0
Nakutai
2014-06-20 01:40:33
Бул Чупакабралар ошол жердеги элдин жаман тилеги боюнча космостон жаман (злой) Дино аттуу келгиндер тарабынан түшүрүлгөн жаныбарлар. Алардын максаты: элди коркутуу жаман жолго түртүү. Алар карматпайт себеби ээлери аларды чогултуп кетишет. Кээбирлери ачкачылыктан Жердеги ар кандай вирус микробдордон өлүшөт. Себеби башка планетадан алынып келинген жана организми көнгөн эмес. Бул көрүнүш көпкө
0
Aiym
2014-06-20 16:52:55
Nakutai, кудай сактаа сизге аны ким айтты?
0
Nakutai
2014-06-20 01:42:43
созулбайт, өзүнөн өзү жок болушат. Эл коркпошу керек.
0
Akmatov1990
2014-06-20 14:41:11
менин оюмча бул сулосун болушу мумкун. себеби сулосун кобунчо кан сорот.
0
yylkan
2014-06-20 19:35:04
Шумдукго,эмне болсода адамга айбат кылбасында.
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан