ПИЦЦА

Пицца – итальяндардын улуттук тамагы. Адатта ачыган камырдан даярдалып, үстүнө сыр, эт же колбаса жана жашылчалар коюлуп бышырылат. Бирок азыр ачытылбай жасала турган түрлөрү да көп. Анда бышыруунун ушул жолун биз да үйрөнөлү.

ГРЕЧКА ЖАНА ЖАШЫЛЧАЛАР МЕНЕН ПИЦЦА

Керектүү азыктар:
Ун
– 250 грамм (жогорку сорт)
Майонез – 350 грамм
Маргарин – 180 грамм
Помидор – 4 даана
Бадыраң – 2 даана
Гречка – 50 грамм
Сыр – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Унга эритилген маргаринди жана майонездин 150 граммын кошуп жууруйбуз. Камыр 2-3 саатка тыныктырылып коюлат.
  • Камырды тегерек формага келтирип, үстүнө жука кылып майонезди сүйкөйбүз. Эми чийки 1 даана жумуртканы чалып алабыз да, аны майонездин үстүнөн сүйкөп чыгабыз.
  • Помидор менен бадыраңды тегерек же таякча кылып кесип, камырдын үстүнө жайгаштырабыз. Сырдын жарымын майдалап туурап, помидор менен бадыраңдардын арасына чачабыз.
  • Кезек жуулуп, кайнаган ысык сууга 10 мүнөт кармалган гречканы пиццанын үстүнө себелөөгө келет. Анан сырдын калганын сүргүчтөн өткөрүп, пиццанын үстүнө чачып коёбуз. Майонездин калганын аралатып куябыз.
  • Пиццанын даяр камырын 200 градус температурада ысыган электр мешине салып, 25-30 мүнөт коёбуз.

КОЛБАСА МЕНЕН ПИЦЦА

Керектүү азыктар:
Ун
– 100 грамм (жогорку сорт)
Каймак май (сливочное масло) – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана (сарысы керектелет)
Пияз – 2 даана
Колбаса – 100 грамм
Помидор – 3 даана
Сыр – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 4-5 аш кашык
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Алгач унга эритилген каймак майды, тузду кошуп, камыр жууруп, 30 мүнөттөн 1 саатка чейин тыныктырып коёсуз.
  • Көмөч казанга майды куюп, шакекче кылып ичке тууралган пиязды 2-3 мүнөт кууруйбуз.
  • Камырды жука жайып, тегерек формага келтирип, үстүн жумуртканын сарысы менен майлайбыз.
  • Камырдын бетине куурулган пиязды, анан тегерек кесилген колбасаларды жайгаштырабыз. Помидорлор да тегерек формада жука кесилип жайгаштырылат.
  • Сырды сүргүчтөн өткөрүп, пиццанын бетине себелейбиз.
  • 200 градуста ысыган электр мешинде 15-20 мүнөт бышырабыз.

Эскертүү: эгер колбаса жок болсо, анда этти майда туурап кууруп алып, колбасанын ордуна кошсо болот. Пиццанын бетин петрушка менен кооздоп койсо көрктүү көрүнөт.

КОШУМЧА

  • Пиццанын камырын жука да, калың дагы кылсаңыз болот. Калың болгон учурда 220-240 градус ысыкта бышырууга туура келет.
  • Сыр – пиццаны даамдуу кыла турган негизги азык. Аны пиццага себелеп да, туурап да кошсо болот.
  • Жаңы жашылчалар жок болгон кезде, алардын ордуна туздалгандарын колдонуу туура.
  • Жаңгактардан кешью, мистени (фисташка) майдалап пиццага кошууга да мүмкүн. Алар азыкка өзгөчө даам берет.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Нурдана Бегимаалы кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
zara-919
2014-06-16 14:17:50
мен пицца жасашты билем. тез-тез жасап турам. андан сырткары осетинский пирогду да үйдөгүлөр сүйүп жешет.
0
aitysha-91
2014-06-16 15:33:24
Жакшы кенеш экен урматту суппер инфо биздин мисте (фисташки) тууралууда маалымат бере кетиниздерчи себеби мен аябай жакшы кором жана коп колдоном ден соолука кандай пайдасы, зыяны бар билгим келет
0
admin_portal
2014-06-16 15:40:30
aitysha-91, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/?article=17787
0
Gulnura-94
2014-06-16 16:54:40
супер инфо жайкы десерттерден сунуш кылыныздарчы
момо-жемиштер чыгып калдыго. рахмат
0
admin_portal
2014-06-16 16:57:42
Gulnura-94, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
aida2013
2014-06-16 17:07:45
пицца деп эле коп жебегиле ден соолукка зыян!
+1
Nice0101
2014-06-16 17:28:03
Эн мыкты!Апамын жардамысыз жасап короюн...
0
bemkow
2014-06-16 19:17:18
rahmat men a9bai jakwy korom pissa
0
nurka_85
2014-06-17 10:05:40
камырына сут ак май туз суу кургак ачыткы кошуп кадимки нанга жасагандай эле жууруп бир аз тыныктырып коюу керек.
соусту майонезге томотная паста базилик кошуп аралаштырып орточо калндыкта жайылган камырдын бетине сыйпап ага тооктун этин(соогунон ажыратып алып ачим соевой соусунан кошуп мариновать этип грильной сквородкага салып кууруп алабыз да кубик кылып майда туурайбыз) ветчина колбасаны кубик туурап устуно моцарелла сыры менен российский белебей сырын аралаштырып майдалап сээп коёбуз
0
nurka_85
2014-06-17 10:10:48
бул *борджио* деген пицца
дагы коп турлору бар колбасалар менен фруктылар менен овоштор мененморепродуктулар менен жасалган турлору бар
0
Danel
2014-06-17 14:18:43
Ооо Пицца демекчи,мен Москвада бир чоон белгилуу ресторанда пицейкер болуп иштеймин,кунуно 100-120 пиццаны жасайым,ананда озум кунуно бирден экиден жеп турам,пайда зыянын жок бекен билгендер барбы?? Айтып койсонор??
0
Aisanat
2014-06-17 17:42:45
Danel, Кызыксын го озун пицца жасап пайда зыянын билбесен.Пиццанын калориялуу бомба екени чын. А бирок табитке жараша натуралный продуктыларды кошуп жасасан зыян емес да. А жанагы даяр тондурулган арзан пиццалар албетте зыянчылыктары бар болсо керек. Ага даам кутолуучу искусственный ароматтар бар балеенин баарын кошушат да.
0
nagi82
2014-06-17 19:36:10
Аялдаргада бир сайт ачыныздарчы касметологдордон кенеш сурайылы
+2
aselya9393
2014-06-18 10:43:05
kefir menen juurusa da bolot.syrdy jakshylap tandabasa byshkancha katyp kalatken kolbasalary da.mne uchun.je kamyry byshkanga besh min kalganda syr kolbasalardy sebish kerekpi
0
mir1980
2014-06-19 19:11:18
пицца суйуучулорго дагы айта кетейин!соусту тазаланган помидорго с/с ,чесночный порошок,соль,орегано,олив.масло,кошуп блендерден аралашырып,соус кылып колдонсонуздар даамдуу болот!тамагыныздар даамдуу болсун!
0
bai.kymbat
2014-06-20 10:54:01
кандай колбаса кошсо жакшы болот, майлуу же майсыз?
0
bur07
2014-06-21 01:45:18
Жонокой сыр менен моцорелланы аралаштырып кошсо да болот
0
admin_portal
2014-06-23 08:24:49
ermekbaevna - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан