«COCA-COLA БУЛГААРЫ ТОП-2014»: ШААРЛАРДЫН ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ!

Футбол боюнча мектеп окуучулардын арасында өтүүчү өлкөбүздүн эң масштабдуу «Coca-Cola Булгаары Топ-2014» турниринин жыйынтыктоочу этабынын алдындагы этабы аяктады. Кыргызстандын 4 чоң шаарынын чемпиондору аныкталды!
Бул турнир 2-жолу өткөрүлүп жатат жана бүткүл союздук «Булгаары топ» аттуу чемпиондуктун аналогу болуп эсептелинет. «Coca-Cola» бул турнирди кайрадан жандандырып, спортту колдоп, жаш уландарды сергек жашоо образына үндөөдө. «Coca-Cola Булгаары Топ» бүткүл өлкөгө жайылып, жакынкы убактарда мектеп окуучуларынын жашоосунун бир бөлүгүнө айланмакчы.
«Coca-Cola Булгаары Топ» турниринин негизги максаты балдар жана өспүрүмдөр арасында бир гана футболду жайылтуу же спортко болгон сүйүүнү өөрчүтүү эмес. Бул иш-чара жаштардын физикалык жана психологиялык жактан калыптанып, өнүгүүсү үчүн ташталган кадамдардын бири.
Аталган долбоор расмий түрдө үстүбүздөгү жылдын апрель айында ишке кирген жана өлкө аймагындагы ири шаарларды камтыды. Алар: Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол . Турнир «Coca-Cola Bishkek Bottlers» компаниясынын колдоосунун артында Кыргызстандын Футбол федерациясынын жана Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу уюштурулду.
Чемпиондукка 170тен ашуун мектептин окуучулары катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ага 9 жаштан 14 жашка чейинки 30 600 окуучу катышты. Чемпиондуктун эрежесине ылайык, иш-чарага спортко басым коюлбаган мамлекеттик мектептердин окуучулары катыша алышты. Өз мектептеринин жана шаарынын атын чыгаруу жана даңктоо үчүн мектеп окуучулары финалга чыгуу максатында 3 ай бою «Шаардын чемпиону» наамына ат салышып келди.

ФИНАЛГА ТӨМӨНКҮЛӨР ЧЫКТЫ:

Бишкек шаары

ОМ №24 (2004-2005)
ОМ №55 (2002-2003)
ОМ №10 (2000-2001)

Жалал-Абад ш.

ОМ №9 (2004-2005)
ОМ №14 (2002-2003)
ОМ №7 (2000-2001)

Ош ш.

ОМ №47 (2004-2005)
ОМ №40 (2002-2003)
ОМ №1 (2000-2001)

Каракол ш.

ОМ №1 (2004-2005)
ОМ №11 (2002-2003)
ОМ №14 (2000-2001)

Мыктынын мыктылары 18-19-июнда Долон Омурзаков атындагы борбордук стадиондо («Спартак», Бишкек) беттешишет. Финалдык мелдешке бир күн калганда 150 бала Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынан Бишкекке келишет. Ар бир шаардын чемпиондоруна испан маркасындагы футболдук формалар ыйгарылган: финалда аларды жагымдуу сыйлыктар, кубоктор, медаль жана грамоталар күтүүдө.
«Coca-Cola Булгаары Топ-2014» турнири жаш футболчуларга белектери менен гана жагымдуу болбостон, мындай масштабдагы долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк берип, кыялдарын орундатты. Өзүн көрсөтө билүүгө жана жергебиздеги футболдук клубдарга катышууга мүмкүнчүлүк да алышты. «Coca-Cola Булгаары Топ-2014» турниринин катышуучулары кыялдарынын орундалышына эң чоң кадам ташташты – алар өзүлөрүнүн шаарларынын чемпиону болушту жана бүткүл өлкөгө даңкталышты.
Балдар болгон күч-аракеттерин жумшап, чемпиондукка жетишишти. Бул да болсо биздин сыймыгыбыз. Биз үчүн өспүрүмдөрдүн катышуусу эң негизги маселе. Азыркы учурда футбол ойноп чемпиондукка жетишкен өспүрүмдөрдүн жашоосу футболго байланып, сергек жашоону карманышат.
«Биздин максатыбыз – балалык чактан баштап спортту сүйдүрүү» деген пикирин билдирет «Сoca-Cola Bishkek Bottlers» компаниясынын коммуникация жана коом менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Айжана Джумалиева.
Кыска мезгил аралыгында мелдеш татаал жолду басып өтүүгө жана көптөгөн балдарга чоң спорт дүйнөсүнө жолдомо берүүгө жетишти. Футбол коомчулугу тарабынан аталган чемпиондукка кызыгуу күн санап өсүп барат. Бул жылы федерация футболдун потенциалдуу жылдыздарын карап, чемпиондуктун жүрүшүнө тыкыр көз салып турду.
КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов: «Спорт, айрыкча футбол балдар арасында ийгиликке ээ болуп жатканына кубанычтабыз. Бул тууралуу фактылар айтып турат: өткөн жылы мелдеш Бишкекти гана кучагына алса, бул жылы дагы 3 шаар кошулду. Кийин республиканын бардык тарабынан балдарды тартсак деген оюбуз бар. Спорттун милдети – физикалык, моралдык жана руханий жактан күчтүү, кубаттуу, ден соолугу чың муунду өстүрүү. Бул жылы мелдеш балдардын өз командаларынын негизги курамына кирүүгө абдан кызыгуу жана ынтаа менен аракет кылганын көрсөттү. Футболдун балдарды өзүнө тартып, аларды тарбиялап, тартипке көндүргөнүн баамдоо биз үчүн жагымдуу»,- деди.

Ош жана Жалал-Абад шаарларынын чемпиондору

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан