КЕСИБИҢИЗ ҮЧҮН ЭМНЕДЕН БАШ ТАРТКАНСЫЗ?

Ийгилик талыкпаган эмгектин, орду толгус жоготуулардын артынан жаралат. Кесип үчүн курмандыкка барбай туруп, анын өтөсүнө чыгуу кыйын. Биздин атактуу инсандарыбыздын айрымдарынан кесип үчүн кандай кадамдарга баргандыгын сурап көрөлү.

Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти: «ЫРДАЙМ ДЕП ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШКАМ»
– Мен театрды өзүм издеп барбадым. Кудай жолумду ачып, Талас облусуна караштуу азыркы Кара-Буура районунда «ыр-бий ансамбли түзүлүп, үнү бардын, түсү бардын баарын чогултуп жатат» деп сөз кыла башташты. Бир күнү эле үйгө райкомдун УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаасы келип токтоп, кайненем барып сүйлөшүп, «сага келишиптир, райком сени чакырып жатыптыр, тезирээк жупкелиңди (юбканы ушундай атачу) кийип баргын» деди.
Барсам, салабаттуу аял тосуп алып, өзүн райкомдун үчүнчү катчысымын деп тааныштырды. «Саламат, сени жаңы түзүлүп жаткан ыр-бий ансамблине алабыз, жакшы ырдайт деп уктум» деди. Жолдошум макул болбостугун айттым. «Жолдошуң ким болуп калыптыр, аны да алдырабыз, эртең менен чогуу келесиңер» деди. Эртеси бизди райкомдун айдоочусу кайра алып келди. Жолдошум «эже, сиз кызык экенсиз, үйдө кемпир-чал бар, Саламат оокат-аш кылыш керек, ырдабайт» деп айтышып болбой койду. Райкомдун үчүнчү катчысы өктөм үнү менен «эй, бала, керек болсо сени бул облустан үй-бүлөң менен көчүрүп жиберем, сен театрдын автобусун айдап, Саламат менен бирге иштейсиң, жаңы курулган үйдөн батир бөлдүрүп беребиз» деп колуна ачкычты карматты. Ошентип театрда иштеп калдык.
Жумуштан келгенде үйдө уруш, мени ырдабайсың деп тилдейт, сабайт. Түнү менен урушту угуп, эртең менен эч кимге билгизбей ырдап жүрдүм. Ансамбль менен Орусия, Польша өлкөлөрүнө барып ырдап келдим. Ал учурда биздин үй-бүлөдө уруш-талаш күчөп, жолдошум чыгармачылыгымды такыр түшүнбөй баштаган учур эле. Мага «бир жолду танда» деген талап койду. Мен чечкиндүүлүк менен «ырдайм, театрсыз жашай албайм, сенин таягыңа, сөгүшүңө башка чыдамым жетпейт, уруксат бер, ажырашалы» деп басып кеттим.
Алгачкы учурларда Калыйбек Тагаевдин «Сагыныч» деген ырын ырдап жүрдүм. «Ажырадым, ажырадым сенден, сүйгөнүмдөн» деген саптарын жолдошума арнап ырдап, эки айрылыш жолго түшкөнүбүздү кеч сезип, акылым менен чыгарып алган бүтүмгө ичимден сызып, жүрөгүмдөн өкүнүп, ыйлап жүрдүм.

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты:«АБАЛДАН ЧЫГУУ ҮЧҮН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКТЫМДАН БАШ ТАРТКАМ»
– Бир учурда мага кесип үчүн эле эмес, ошол мезгилдеги абалдан чыгуу үчүн дагы үй-бүлөлүк бактымдан баш тартууга туура келген. Анткени эки жолдун бирин тандай турган шарт коюлганда агамды колдоп, мага ишенип добуш берген шайлоочулардын үмүтүн актоо үчүн жумушумду бийик тутуп, карьераны тандагам. Чечкиндүүлүк менен бул жолду тандабасам, мен теңдүү миллиондогон жумушсуз жаштардын катарын толуктап калмакмын.

 

 

 

 

Калипа Үсөнова, актриса, «Кумар» аттуу тасмада чиновниктин жаш көңүлдөшүнүн, «Сен эмне кылмаксың?» тасмасында байдын уулу Бекзаттын жубайынын образдарын жараткан: «ЧЫНДЫКТЫ ЧАГЫЛДЫРГАН ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП КЫЗДАРГА САБАК БОЛСУН ДЕДИМ»
– Актрисалык карьерамды эки жыл мурун белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун «Кумар» аттуу тасмасына тартылуу менен баштагам. Тасмада чиновниктин 18 жаштагы көңүлдөшүнүн ролун аткарып, бул образ башка кыздарга аз да болсо сабак болуусун кааладым. Албетте, алгачкы ролум болгондуктан мага оор эле болду. Анткен менен бери карап күлүп, ары карап ыйлап, тасманын акырына чейин чыгарам деп өзүмө-өзүм сөз берип, колумдан келишинче аткардым. Айта кетчү жагдай, кино толугу менен тартылып бүткөндө, чындыгында, ачык эпизоддор мыкты деңгээлде тартылганына баа бердим, анткени мен буга чейин ачык эпизодго тартылган эмесмин, бул режиссёрдун чеберчилиги.

 

Чолпонай Бөрүбаева, актриса, «Боз салкын» тасмасында «Анараны алып качат экен» деген кыздын ролун аткарган:«ЭПИЗОДДУК РОЛЬ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ АЛДЫРДЫМ»
– Кино тармагына 2005-жылы аралаша баштадым. Алгач Эрнест Абдыжапаровдун «Уурунун махабаты», «Боз салкын» кинолорунда эпизоддук ролдорду жараткам. Учурдагы актёр, актрисалардын образдары, жүрүш-туруштары бири-бирине окшош. Бирдей кийинишет, бирдей боёнушат. Өзгөчөлүктү эч кимисинен байкай албайсың. Өзүмдү актрисамын деп айтуудан корком. Чыныгы актриса кинодогу жараткан образында жашайт.
Менин кесип үчүн алгачкы курмандыктарымдын бири Руслан Акундун «Герой моей девушки» деген киносуна тартылууда эпизоддук роль үчүн чачымды алдырганым. Бул тасмада экинчи режиссёр болуп да эмгектендим. Сценарийин окуп чыгып, бул роль үчүн чачын алдырууну актрисаларга сунуштап көрдүк, бардыгына макул болушту, бирок чач алдырууга келгенде жаа бою качып жатышты. Ошондуктан бул ролго өзүм тартылууну туура көрдүм. Ата-энем мени чыгармачылыкка даярдаган кишилер болгондуктан каршы болушкан жок. Жолдошум да кино жаатында иштейт, каскадёр. Азыр Малайзияда кино тартып жүрөт. Менин чачымдын алынганын билбейт. Скайп аркылуу сүйлөшкөндө жоолук салынып баарлашып жатам. Ал келгенче чачым өсүп калат. Актёр кандай роль болбосун аны аткарууга даяр болушу керек деп ойлойм.

Азат Усеналиев, мушкер:«БОКСТУ ТАШТАБАШ ҮЧҮН АРХИТЕКТОР БОЛБОЙ КАЛДЫМ»
– Ар бир инсан бала кезинен бир кесиптин ээси болсом деп кыялданат. Мен мектепте окуп жүргөндө кооз, бийик имараттарды кагаз бетине тартып, ал сүрөттөгү кереметтүү имараттарды шаарларыбызга куруп, өлкөбүздү көрктөндүрүп, белгилүү архитектор болууну самачумун. Бирок мектепти аяктагандан кийин спортко берилип, ал тилегим ишке ашпай калды. Ошол кыялымдын аткарылбай калганына өкүнүп калам. Бирок өлкө намысын коргоп, кыргыздын желегин спорт аркылуу дүйнөгө желбиретип жатканыма сыймыктанам.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кесибиңиз үчүн кандай тобокелчиликке баргансыз?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
momuntay
2014-06-16 14:44:36
Ыргал эжекебизге тушунбой калдым эки уч ай мурун эле балдары менен чыккан суротун коргом. Ажырашпай эле жакшына жашап жатабыз. Жолдошум тушунуктуу дедиле...
Бардыга азаматтар эмнеси болсо да
+2
Kara-kulzha
2014-06-16 14:45:06
Боксер бала азамат экен
+1
nazi0807
2014-06-16 16:43:40
Жашоонун агымына баш ийип кете бербей,бурулуш жасаш керек. Баарынын эле колунан келе бербейт.Ал учун кучтуу,баардык нерсеге даяр болуш керек.Мен Саламат эжеге таазим кылам.Сизге ийгилик.
+1
pakiistanka
2014-06-16 23:23:49
elder emne deputat ejekebiz ajirawip ketti bele ? je dagi kuyoogo tyidi bele a?
0
lustig
2014-06-17 18:28:35
Сиздерге ийгилик каалайм!!!
0
Ayday2
2014-06-17 20:13:28
Саламат эже, сиздики го түшүнүктүү, көгөрүп отуруп,чыгармачылыктын туу чокусуна чыктыңыз, болбосо, чыны жууп, нан бышырып айылдагы миңдин бири болуп болуп калмаксыз.Бирок зобололуу карьера- бала да, эр да болуп бербейт.Ал эми Ыргал саясатка адашып келген, барабан сыяктуу даңкылдай берет, бирок барабандын ичи көңдөй экенин унутпайлы.
+3
Chtc
2014-06-18 22:41:16
Саламат эже Кыргыздын жүзү деп ойлойм.
+1
Aksy-13
2014-06-23 00:50:26
Ч.Борубаевага айтаар элем: билесизби мусулмандарда эрлуу катын чачын кырдырса никеси бузулат! Сиз куйонуз менен жашап туруп чачынызды тугу менен кырдырганыныз бул чон ката кайрадан никеге туруу керек бул менин улуулардан укканым а калганын озунуз билесиз!
0
admin_portal
2014-07-21 10:29:05
matteraza - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан