– Баламдын ылдыйкы сүт тиштеринин түбү ириңдеп, жаагы чирип кеткен. Эми врачтар туруктуу тиштери чыкпай калат дешүүдө. Ушундай болушу мүмкүнбү?
Жапар, 31 жашта, Кара-Балта
– Балдарынын тиши ооруп, ал тургай ириңдей баштаганда да дарылатпай, кеч алып келгендер бар. Мындай убакта ириң жаактын сөөгүн чиритип жиберген болот. Муну кыргыздар «жаактын кулгуна оорусу» дешсе, медицинада «жаактын остеомиелити» деп аталат. Тишти жуубагандан ооздо микробдор көбөйүп, алар алгач тиштин кариесин пайда кылат. Кариести дарылатпаса, анда инфекция тиштин пульпасына (тутумдаштыруучу ткань, нерв), анан тиштин тамырына (түбү), акырында сөөккө өтөт.
Ошентип жаак чирий баштайт. Инфекция кошуна тиштерди да жабыркатып, натыйжада бир нече тиш кошо ооруган кездер да көп. Мындай болгондо бет-жаак хирургдары операция жасап, ооруган тиштерди жулуп, жаактын чириген жерлерин кырып тазалайт.
Сүт тиштердин түбүндө кийин чыкчу туруктуу тиштердин түйүндөрү болот. Жаак чиригенде аларга доо кетсе, анда алар да жулунуп салынып, бала тиштеринен биротоло айрылат. Чириген жери тазаланган жаактын өсүшү начарлап, бир жаагы экинчи жаагынан кичине көрүнүп калган балдар бар. Аларга кийин бир нече этапта пластикалык операция жасоо керек болуп калат. Андыктан бала 3 жашка чыккандан тартып тиш жууганга үйрөтүп, кокус тиши ооруса, стоматологго алып баруу керек.
2013-жылы жаактын кулгунасынын өтүшүп кеткен түрү менен ооруган 300дөй балага операция жасасак, жеңил түрүнөн жабыркаган 1000ден ашык бала амбулатордук түрдө дарыланган.
Сиздин сурооңузга Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ жооп берди.
«КАПТАТУУ ҮЧҮН ТИШТИН НЕРВИН АЛУУ КЕРЕКПИ?»
– 2 тишиме пломба коюлган эле, жакында алар түшүп калды. Эми тиштеримди тазалатып, сыртынан каптатып койсом дейм. Бул үчүн нервдерин сөзсүз алуу керекпи? Нерви алынган тиш бат чирийби?
Турат, 29 жашта, Ош
– Эгер тиштердеги кариес анча терең болбосо, анда ал жерлерди тазалап, кайра пломба коюп, анан каптатууга мүмкүн. Эгер кариес тиштин түбүнө чейин жетип калса, анда тиштин пульпасына доо кетет. Мындайда тиш тазаланып, пульпа алынып, анан пломбаланат. Пульпасы алынган тиш бат чирийт деп айта албайм, бирок өңү бара-бара карарат. Анткени тишке азыктар пульпа аркылуу баргандыктан, ал алынганда тиштин азыктануусу токтоп, тиш өлөт.
«ШТИФТ КОЙДУРУУ ТУУРАБЫ?»
– Үстүнкү тиштеримдин ортосунда тиштерим жок калгандыктан, металлокерамикадан кийме тиш жасатсам дейм. 2 тишимдин болсо дүмүрү эле калган. Эми аларга штифт койдурсам болобу же койдурбай койгон туурабы?
Ажара, 34 жашта, Бишкек
– Тиштердин дүмүрүн рентгенге тартып көрүү керек. Таза болсо штифт (бурама сымал конструкция) коюп, тишти өстүрүп, сыртынан металлокерамикадан тиш кийгизсе болот. Ошондо тиш сакталып, кийме тиш бекем кармалат.
«ТИШТЕГИ ТАШ ЭМНЕДЕН ЖАРАЛАТ?»
– Тиштин түбүндөгү ташынан улам тиш түшүп калышы мүмкүнбү? Таш эмнеден жаралат? Акыл азууну жулдурса ден соолукка зыян келбейби?
Нурсултан, 19 жашта, Бишкек
– Тиштеги таштар адамдын канынын курамындагы холестериндин деңгээлине жараша болот. Башкача айтканда, холестерини көптөрдүн тишинде таш жаралат. Мисалы, этти көп жегендерде. Тиштин ташы калыңдап, көлөмү өскөн сайын тишти түртүп, тишти кармап турган бүйлөлөрдөн алыстатат. Тиш акырындап бошоп, анан түшөт. Андыктан тишти тазалатып туруу оң.
Акыл азуу 18-25 жаштар аралыгында чыгат жана тамак чайноодо көбүнчө колдонулбайт деле. Бирок жанындагы тиштер түшүп калса, кийме тиштерди карматуу үчүн керектелет. Акыл азуу жулунса, ден соолукка зыян келбейт.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Биринчи стоматология» ААКсынын стоматологу МУРАТ КОЙЧУБАЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
ТИШ – ЭЭСИНИН ДЕН СООЛУГУНАН КАБАР БЕРЕТ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg