АК ТАЛАА РАЙОНУНДА «ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИНЕ «АРДАКТУУ АТУУЛ» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге 7-июнда Ак-Талаа районуна болгон сапарында «Ардактуу атуул» наамы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Наамды ыйгаруу демилгеси Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Тоголок Молдо айылында жергиликтүү тургундар алдында сөз сүйлөп жатканда жаралган.
Чогулган 500дөн ашуун айылдын жана кошуна кыштактардын тургундарынын баамында, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын жетекчиси толугу менен аталган наамга татыктуу.
«Жогорку Кеңеште жергиликтүү депутатыбыз жок болгондугуна карабастан, биздин кызыкчылыктарыбызды эстен чыгарбай элге кам көрүп, ар дайым жардамын аябай келген ишмер бул – Бакыт Төрөбаев. Анын Ак-Талаа элинин алдындагы эмгеги чоң. Ошондуктан бул наам, элдин жалпы билдирген ыраазычылыгы»,- дейт жергиликтүү тургундардын бири.
Чынында эле «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы Ак-Талаа районунда акыркы жылдары орчундуу иштерди аткарып, элдин алкышын алып келет. Саясий уюм тарабынан машина-трактордук станция уюштурулуп, андагы тракторлор, айыл чарба техникалары элге арзан баада кызмат көрсөтүүдө. Партия уюштурган медициналык топтор борбор калаадан келип, жергиликтүү тургундардын ден соолугун заманбап аппараттар менен текшерип турушат.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы жөнөткөн техника райондогу суу жана сугат маселесин да кыйла жеңилдетет. Быйыл эле жазда жалпы узундугу 50 чакырымдан ашуун каналдардын айрым жерлери оңдотулуп, айрым жерлери кайрадан казылды.
Бейтарап саясий серепчилердин сөздөрүнө таянсак, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы жана анын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев элге таанымал болуунун эң татаал жолун тандап алган. Бийликти жамандап популярдуулукка жетүү оңой иш, ал эми өкмөт аткарбаган иштерди өз ыктыяры менен мойнуна алып, элге реалдуу жардам көрсөтүү жана калктын жашоосун аз да болсо жакшыртуу оңой-олтоң иш эмес.
Ардактуу атуул катары таанууну ошол аткарылган иштерге элдин чын жүрөгүнөн чыккан ыраазычылыгы катары бааласа болот.

ЭЛ КЫЗМАТЫНДА
Нарын районунун Куланак жана кошуна айылдардын тургундары кардиологиялык, неврологиялык жана гинекологиялык текшерилүүдөн өтүштү. Мындай маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы уюштурган көчмө дарыгерлер тобунун жетекчиси, медицина илиминин кандидаты, кардиолог Абдимиталип Халматов билдирди.
«Текшерүүдөн өткөн айылдын тургундарынын 40 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооруй тургандыгы аныкталды. Калкты текшерүү иштерин «Өнүгүү-прогресс» партиясынын жардамы аркылуу бир жарым жылдан бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында жүргүзүп келе жатабыз. 30 миңден ашык адамды текшерүүдөн өткөздүк»,- дейт Абдимиталип мырза.
Куланак айылынын тургундары «Өнүгүү-Прогресс» партиясы көчмө дарыгерлер тобун уюштуруп, элдерди текшерүүдөн өткөзүп жатканына ыраазычылыгын билдиришип, батасын беришти.
«Азыркы алып келинип жаткан кардиологиялык жана гинекологиялык аппараттар облустук бириктирилген ооруканада да жок. Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен айылдын тургундары ашыкча каражат коротпой, жеринде текшерүүдөн өтүшүүдө»,- дейт Куланак айылынын ооруканасынын бөлүм башчысы Майрам Көчиева.
Мындан сырткары, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев айылдык ооруканада УЗИ аппараты жок болгондуктан, алып берүүгө көмөктөшөрүнө убадасын берди.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
saiabas
2014-06-16 13:54:03
Бакыт мырзага ыраазычылык гана билдирүү керек. Башка саясатчылар шайлоо жакындаганда гана элди эстесе, бул агабыз эмитеден элди эстеп, жардам берип жатат. Иштерине чоң ийгилик!
0
Murok
2014-06-17 16:15:18
Абдан жакшы
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан