Сахнада өзүн назик алып жүргөн ырчы Кундуздун жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылдык. Ырчы айым кандайча сахнага келгенин, кантип жылдызга айланганын жана алгачкы сүйүүсүн айтып берди.
«ЧАЧЫМА ЧАЙЫР ЖАБЫШЫП...»
-Эки эжем, бир агам бар. Мен 1 жашка чыкканда Көлдөн Бишкекке көчүп келгенбиз. Үйдүн кенжеси болгондуктан апамдын жанынан такыр чыкчу эмесмин. Биринчи жолу бала бакчага барганымда сезимдер башкача болду. Негедир ал жак мага ооруканадай сезилген. «Калбайм» деп ыйласам да болбой апам балдардын жанына калтырып кетип калган. Бара-бара ал «ооруканага» да көнүп кеттим. Ошондо эле өзүмдүн айтканымды бербеген өжөр кыз элем. Ал кезде кытай көйнөктөрү мода эмес беле. Кышында кытай көйнөктөрүмдү кием деп көгөрүп туруп алмай адатым бар экен. Айласы кеткенде апам шым менен жайкы кытай көйнөктөрүмдү кийгизип койгонун айтып калат.
Бир жолу чатырдын астында отурсак шыптагы чайыр эрип, чачыма жабышып калыптыр. Бала бакчага эжем менен чогуу барчумун да, эжеме айтып жанымдан өтүп бараткан баланы чаптап салды деп күнөөлөп салдым. Эжем ал байкушту аябай урушканы эсимде. Азыр эстесем, бала кылбай эле, шыптан чайыр эрип түшүптүр да.
Апам мени 1-класска алып барганда биринчи партага отургузду, ошол бойдон 11ди бүткөнчө ордумдан жылган жокмун. Сабактан качып, тентектик да кылган эмесмин. Эжем башка мектепте окучу, «разборкаларга» көп катышып, көп мушташчу. Ал мага «Биздин үй-бүлөгө мушташкан бирөө эле жетишет. Сен назик бол. Эгер бирөө капа кылса мага айт» деп тамашалап калчу. Эжемди мектептегилер билгендиктен мага тийише алышчу эмес.
Мектепте мага көбүнчө төмөнкү класста окуган балдар кат жазышты. 9-классымда болсо керек, 6-класстагы кичинекей бала мени жакшы көрүп, сүйүүсүн билдирип жүрдү. Бир күнү сабакта отурсам класска кирип, мугалимдин көзүнчө тизелеп отура калып «я тебя люблю» дебеспи. Бир жолу апасынын иштетилип, кутусунун жарымына түшүп калган атырын көтөрүп келиптир. Айтор, кызык жоруктарды жасап койчу. Өзүм чоң класста окуган бир баланы жактырып жүрдүм. Ага анкетамды берип, «кимди жакшы көрөсүң?» деген жерден өзүмдүн атымды окуп алып абдан сүйүнгөм. Мен да уялчаакмын, ал да уяң болчу, экөөбүз бири-бирибизди көргөнүбүзгө сүйүнүп жүрдүк. Кийин дос болуп, балалык сезимдерди эстеп күлүп калчубуз.
«АЛГАЧ ТРИОДО ЫРДАГАМ»
-Кичине кезимден тартып чет элдик ырчылар Мэрайя Кэри, Тони Брэкстондун концерттерин көрүп таасирленип, ырчылыкка кызыгуу жаралган. Агам Филипп Киркоров, мен Алла Пугачёва болуп бири-бирибизге концерт коюп берчүбүз. Чоң класста окуп жүргөндө мектептеги 2 кыз менен трио түзүп, ырдап калдык. Бир жолу Спорт Сарайында концерт болуп жатыптыр. Алып баруучуга түз эле кирип, «биз ырдайбыз» деп догурунуп жатып сахнага чыкканбыз. Ырчыларга аралашып жүрүп Айя Садырова менен таанышып, ал аркылуу шоу-бизнес тууралуу көп маалыматтарды билдим. Кийин топто иштөө оор болуп кетти. Анткени бири-бирибизди күтүп жатып барчу жерден кечигип калчубуз. Мен ак кием десем, бирөөсү көк кием деп көз караштарыбыз келишпей, акыры топтон чыгып кеттим.
Бир жылдай продюсер менен иштешип, кийин өзүмчө ырдап көрөйүн, болсо болду, болбосо жок дедим. Ошол кезде Сема «дуэт бар, ырдабайлыбы» деп сунуштап калды. «Менин параметрим 90-60-90 болбосо, мактангандай болуп калам, эл ал ырды кабыл албайт го» деп кыйылып жүргөм. Апама айтсам «ырдап коё бер, андан эч нерсе болбойсуң» деп койду. Ошентип студияга барып ырды жаздырып, ал ыр күтүлбөгөн жерден популярдуу болуп чыга келди.
«АТАМ ҮЙЛӨНГӨНДӨ КЫЗДАР ЫЙЛАШЫПТЫР»
-Учурда апам, агам, жеңемдер менен турам. Апам кээде «Турмушка чыксаң мени өзүң менен ала кет. Мен сени менен жашайм» деп тамашалап калат. Өзү да абдан тамашакөй, бирөөлөрдү укмуш туурап коёт. Мен кайгырсам да, кубансам да сөзсүз апам менен бөлүшөм. Үйдө жүргөндө бар-жогум деле билинбей, тынч жүрөм да. Ошол сапатымды апам атама окшоштурат. «Атаң жактырбаган адам менен сүйлөшчү эмес. Өзү менен өзү жүрө берчү» деп көп эскерет. Атам жаш кезинде эле оорудан каза болуп калган. Апамдын айтымында, кичинекей балдарды аябай жакшы көрчү экен. «Атаң «көп балалуу болобуз» деп кыялданчу. Азыр тирүү болгондо силер аябай эрке, көпкөн балдар болмоксуңар» деп калат. Аябай баласаак болуп, жумушка барарда да балдарынан кете албай айланчыктап жүрө берчү экен. Менин келбетимди атама окшоштурушат.
Атамды сүйгөн кыздар көп болуптур. Айылга барып калсам эжелер «Атаңды аябай жакшы көрчүбүз. Апаңа үйлөнгөндө ыйлаганбыз» деп калышат. Апам болсо «атаң менен конокко баратканда мен эмес, атаң эки саат күзгүнүн алдында турчу. Түрлөп кийингенди жакшы көрчү» деп көп эскерет. Келбеттүү, тыкан, өзүнө каранып кийингени үчүн айымдар жактырышса керек. Атамдын ушундай кылык-жоруктарын апам эстеген сайын көзүмө жаш ала берем.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg