МАРЛЕН САРЫКОВ

«Ыйык сахнанын сыйлуу адамы болсом» деп эңсегендердин арасында Марлен Сарлыков бар. Жаш ырчы алдына көптөгөн максаттарды коюп келет. Анда Марлен менен таанышып алыңыздар.

– Марлен, ырчы болуу кичинеңден келе жаткан кыял беле?
– Кичинемден эле жакшы ырдачумун. Эс тартып, ыр жаттай баштагандан бери эле ырчы болсом деген кыялым жан койбой келет. Мектептен “Сары-Ой”, “Күйдүм чок” сыяктуу элдик ырлар менен айылдагыларга таанылган элем. Мугалимдердин баары “сенден бирдеме чыгат. Чоңойгондо ырчы бол” дешчү. Мектеп аралык ыр сынактар болгондо биринчиликти эч кимге берчү эмесмин.
– Ата-энең да ыр жандуу адамдарданбы?
– Экөө тең ырдан алыс адамдар. Атамдын карындаштары комуз менен той-топурда ырдашат. Шык мага эжелеримден оосо керек.
– Бир туугандарыңдын арасында сенден башка да таланттуулар барбы?
– Бир туугандарымдын улуусу белгилүү спортчу Төлөгөн Сарыков. Ал уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. Кыргызстандын желегин желбиретип жүрөт. Андан кийинкилери деле чыгармачыл чөйрөдөн алыс.
– Ырчылар арасынан кимди кумир тутасың?
– Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Чубак Сатаевдердин ырларын ырдап, өздөрүн кумир тутам. Жаш ырчылардан кумир тутканым жок.
– Ырларыңдын обонун, сөзүн ким жазат?
– Обонун Ильяз Абдыразаков, Эдил Маматовдор жазат. Сөзүн Кайрат Примбердиев, Ташкент кызы Гүлгө атайын заказ менен жаздырып жүрөм.
– Ырчылыктан башка дагы өнөрүң барбы?
– Комуз чертип ырдайм. Гитарада ойнойм.
– Келечектеги максатың?
– Келечекте кыргыз элине таанымал, эл сүйүп уккан ырчы болгум келет. Анан ырларымдын сөзүн да, обонун да өзүм жаратканга аракет кылып келе жатам. Буюрса, ырчы гана эмес, акын, обончу катары да элге таанылгым келет. Азыр бир көрүнүштү көрүп же досторумдан угуп, элестетип жазганга аябай аракет кылам, бирок аягына чыгара албайм. Ошентип отуруп жакында эле бир досума ыр жазып бердим. Жакында ырдап чыгам деп жатат. Аракет кылсам, обон деле жаралса керек.
– Ыр жаздырууга, клип тарттырууга ким демөөрчүлүк кылууда?
– Башында эле эмес, азыр деле ырчы болушума атам каршы. “Ырчы жыргап кетиптирби, алардын жашоосу кыйын болот. Башка кесипти танда” дей берет. Анда апам менин көңүлүмдү көтөрүп “өнөрүң болсо, өргө чап” деп кубаттайт. Ата-энем менен чогуу Бишкекте турам. Кечкисин кафеде ырдайм. Ырдаганымды жактырбаган атам “дайыма түнкүсүн көчөдө жүргөнүң болбойт” деп жумушка жибергиси келбейт. Анда апам “кой, барып келсин” деп көндүрөт. Ырдайт-ырдабайт деген каршылыктар менен эле үнүмдү тарбиялап, кафеде ырдап келе жатам.
– Репертуарыңда канча ыр бар?
– “Бактылуу бол, сүйгөнүм”, “Эркелечи”, “Арман”, “Сагындым”, “Күтөмүн”, “Жаным” деген ырларым бар. Буюрса, репертуарым дагы көбөйөт.
– Марлен, сага ийгилик. Ойлогон ой-максатың орундалсын.

Марлен Сарыков

  • 1989-жылы 8-октябрда Кара-Суу районунун Правда айылында туулган.
  • Беш бир туугандын үчүнчүсү.
  • Жылдыз белгиси – Тараза.
  • Искусство институтунун 2-курсунун студенти.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан