АНГЛИЯ
10 ЖЫЛДАН БЕРИ «АЖЫДААР» ӨСТҮРГӨН КАРЫЯ
Англиялык 75 жаштагы пенсионер Жон Брукер 10 жылдан ашык убакыттан бери ажыдаардын формасындагы бадал кашаа өстүрүп келет. Англиянын чыгышындагы Кингс-Линн шаарында өсүп жаткан бул «ажыдаардын» эки ири канаты жана 6 жуп буту бар.
ИРАК
ЭКСТРЕМИСТТЕР ИРИ ШААРЛАРДЫ БАСЫП АЛУУДА
Иракта куралчан экстремисттер улам жаңы райондорду басып алууда. Алар 11-июнь күнү Салах-эд-Дин провинциясынын бир канча райондорун жана өлкөдөгү экинчи эң ири шаар Мосулду басып алышты. Бул учурда 150 миң жергиликтүү жашоочулар коңшу провинцияга качууга аргасыз болушту.
Вашингтон Ирактын премьер-министри, шиит жамаатынан чыккан Нури Маликини коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн сунниттер менен тил табышууга чакырууда. Премьер-министр мындан мурда парламентке кайрылып, өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган эле.
Ирак армиясы бир канча айдан бери экстремисттерди токтотууга аракет кылып жатканы менен, «Ирак жана Леванта ислам мамлекети» тобуна кирген баскынчылар чабуулун улантышууда. Эль-Фаллуджа жана Радами административдик борборунун бир катар райондору мурдагыдай эле баскынчылардын көзөмөлүндө калууда.
ПОЛЬША
ЗААРА УШАТКАН ЛЕНИН ПАЙДА БОЛДУ
Польшанын Краков шаарында өтүп жаткан искусство фестивалы кезинде борбордук аянтта заара ушаткан Лениндин эстелиги пайда болду. Бул жергиликтүү тургундарды гана эмес, туристтерди да кызыктырууда. Эстеликке «Келечек фонтаны» деген ат коюшкан. Айта кетсек, фестиваль сыра чыгарган компаниялардын биринин колдоосу менен уюштурулган. Эстеликтин автору ким экендиги азырынча белгисиз.
Ширин Турдакунова
kenesh@super.kg