ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Адам көнбөгөн нерсе жок экен. Мен дагы тагдырыма ыйлай-сыктай көндүм. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө Эмирдин ал жорукка барбасын сезип турдум. Эмир бул нерсени мойнуна алган жок, «күнөөлүү эмесмин» дегенден башканы айтпай жатыптыр дешти айылдагылар. Бирок актап чыга турган илинчек табылбады окшойт. Ата-энеси алдыбызга келип сөйкө салып коюшкан эле, аларга да оор болду.
– Алтын кызым, ак жоолук салып, өзүмдүн үйүмө киргизип алам деген тилегим бар эле. Баламды ак жеринен сыздатышты, уулум ак, ишенип турам,- деп сыздады Эмирдин апасы. Ага кошулуп менин апам ыйлады. Көздөрүбүз кыпкызыл болуп отурган бизди атамдын өкүм үнү селт эттирди.
– Койсоңорчу, бирде жигит төө минет, бирде жөө жүрөт. Алты саны аман болсун дегиле. Балким акталып калаттыр. Болду, жүзүңдү жуу, байбиче. Сенин минтип муунуң бошоп отурса, жалгыз кыздын күнү эмне болот? Кайра кызыңды сооротуп, көңүлүн карабайсыңбы?
Ушинтип турганда жүгүңдү мойнуңдан алып ыргыта турган бирөө болуш керек экен. Чын эле соороно түштүк. Эмир тууралуу кабар менден өтүп Жанарага оор болду окшойт. Ал дагы билдирбегени менен ичинен тына үшкүрүп, кээде ыйлагандан көзү шишип экзаменге келчү болду. Бирок көңүл күйүбүздү билип турсак да, экөөбүз тең ооз ача албадык.
Ошентип мектеп менен коштошо турган да кез келди. Кечеге барганга көңүлүм такыр жок эле, бирок Назик таптакыр болбой туруп алды.
– Сен ушинтип отура берсең, Эмир кайра жаныңа келе калмак беле? Жашоо ушуну менен бүтүп калбайт. Сен али жашсың, көңүл ачышыбыз керек...
– Назик, мени жайыма койчу...
Кабагым чытыла берди. Назик дагы бир нерсе деп айтайын дегенинде, үн катпай отурган Жанара ордунан тура калып, Назиктин колун силке берди.
– Жайына койчу, эбирей бербей. Акылынын ашып-ташып кеткенин деле. А сен Баян, болду эми, токтот көз жаш төккөнүңдү. Мектепти бир эле жолу бүтүрөбүз. Барышыбыз керек. Кана, тур, кийин...
Жанаранын бир касиети бар эле, эмнегедир сөзүнө, баштаган жагына элди кыйшаюусуз ээрчите алчу. Мен дайыма анын ушу сапатына кызыгар элем. Апам байкуш мени барбай калат деп кабатырланып жаткан экен, ордуман туруп кийине баштасам, Жанара менен Назикке айланып-тегеренип болбой калды.
– Мына, курбу деген ушундай болот. Бириңди-бириң ушинтип көчтөн калтырбай, жөлөп-таяп алып жүргүлө.
Алда байкуш апакем ай, эгерде биздин достугубуздун аягы эмне менен бүтөрүн билген болсоң, антип антаңдап сүйүнбөйт элең.
Ошол кеч азыр да көңүлүмдө. Меники ак, Жанараныкы кызыл, Назиктин көйнөгү сары болчу. Биз кирип келсек кече башталып калган экен, негедир жигиттердин баары серпиле түшкөндөй болду.
– Байчечекейлер келди!- дей салды анда бирөө. Жашпыз да, тез эле жаштыктын деми, шаңы кирдеп турган көңүлдү жууп, шайдоот кыла салды. Бир аз ичимдиктен да ооз тийдик. Ай жапжарык болчу, жарыгын салып турган айды муңайым тиктеп турган элем, жаныма Жанара келди.
– Эмирди эстеп жатасынбы?- деди ал.
– Ии.
– Туура, бүгүн ал дагы биз менен болмок. Бирок мен анын биз менен болушун каалаган жок элем. Анткени ал... Баян, мен аны сүйчүмүн. Азыр дагы сүйөм. Мен...
– Жанара, сен көбүрөөк ичип алыптырсың...
– Ичтим, анткени могу жерим жаман болуп жүрөт. Эч ким билбейт, бирок өзөгүм өрттөнүп жатат. Мен баарына күнөөлүүмүн. Мен анын тоюнун болушун каалаган эмесмин, экөөңөрдүн тоюңардын болушун каалаган эмесмин. Анткени сен аны мен сүйгөндөй сүйбөйсүң. Кел, мелдешебиз, сен аны эртең эле унутасың. А мен унута албайм. Келесоо, бирок
ал мени түшүнгөн жок, өзүнөн көрсүн...
– Жанара, болдучу, ал тууралуу сүйлөбөчү...
Мен ыйлап жибердим. Мени сооротом деп Жанара да ыйлады. Экөөбүз кучакташып алып ыйлап жаттык. Биз ушинтип биринчи сүйүүбүздү, жетпей калган кыял-тилектерибизди жоктоп жаттык. Ыйлап жаттык...
Азыр ойлосом, биз анда балалык сүйүүбүз менен эле коштошпой, достугубузду да жоктоп ыйлап жаткан экенбиз...

ххх

Ошентип ойдо жок жерден борборго келип калдым. Жанара өзү каалаган журналисттик кесипти аркалай турган болду, Назик экономика факультетине тапшырды, а мен мугалим болгум келди. Болгондо да кичинекейлерге музыкадан сабак бере турган болдум. Чын эле кубандым, анткени мен өзүмдү ушу кесиптен көрчү элем. Атам менен апам мени врач кылгылары келди эле, караманча кашайып болбой койдум. Анткени музыка дүйнөсү жүрөгүмө жакын болчу.
Кесиптерибиз ар башка болгону менен үчөөбүз дагы деле айрылышкан жокпуз. Үчөөбүздүн жашаган батирибиз да, сабакка барып-келген убактыларыбыз да бир. Болгону, Назик экөөбүздүн убактыбыз көбүрөөк. Жанара болсо тез эле иш таап орношуп алды.
– Сабагыңан кыйналып калбайсыңбы?- деп кабатырлансам, мени карап күлүп койчу.
– Жетишем, баарына жетишишим керек...
– Ох, Жанара, эмнеге тынып-тынчыбаган адамсың?
– Мен силерге окшоп бакытты күтүп отура албайм, жарым-жарымдан алганга да макул эмесмин, мага толук бакыт керек. Бутума турушум керек, борбордо кенен үйүм, алдымда эң кымбат машинам, аброюм, айтор, каалаган нерсемдин баары болушу керек. Ошого азыртадан аракет кылышым зарыл. А силер мендей эмес, назик жансыңар. Андыктан мени түшүнгөнгө аракет деле кылбай койгула,- дейт ал аскерлерче какайып.
Башында кепка, асынганы рюкзак, бутунда спорт бут кийими... Карап турсаң, эркек балага эле окшойт. Аргасыз күлөсүң.
Ал аз да болсо тыйын тапканга аракет кылса, мен тек ноталарым менен алышып, өзүнчө бир дүйнөдөмүн. А Назиктин ойлогону таптакыр башка эле. Бетин эле эки саат жууп-тазалап, сылап-сыйпап, өзүн бапестеп карагандан тажачу эмес. Мындайларды өзүнүн келбетине өзү ашык адам деп койсо керек. Бирок чын эле баралына келгенде укмуш сулуу кыз болду. Ал жасанып кийинип алып басканда, көпчүлүк жигиттердин мойну кайрылып калчу.
– Ай, сулуу! Жигиттер мойнун кайрып ала турган болду сен үчүн, анчалык жасанбачы,- дейт Жанара анда тамашалап. Назик эрдин бүлк эттире гана жылмайып коёт. Бул жылмаюуда «али көрөсүңөр, аалам меники болот, ааламдагы эркектердин баары менин бут алдыма кулашат» деген нерсе сезилип турат эле. Узун мойнун койкойто созуп, денесин түптүз кармаган Назик суктанууга гана жаралган жандай эле.
Студентпиз, бирде ачка калабыз, бирде токпуз. Ошондой учурда Назикти жандагысы келген жигиттер бизди кадимкидей багар эле. Ушундай кечелердин биринде мен АНЫ жолуктурдум. Ал менин бактым беле, арманым беле же азабым беле, азыр да түшүнө албайм. Балким ошол күнү биздин тагдыр чечилип калдыбы, ким билет?..

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
aman0296
2014-06-16 12:25:36
Назикти корбосом да суйуп калдым.
+6
nuri.88
2014-06-16 12:35:07
Кызыгып окуп жатсам бутуп калдыго....
0
zara-919
2014-06-16 12:48:43
анысы ким болду экен ?
0
happyflower
2014-06-16 15:18:46
китептин автору киим экен?
0
aza.kg007
2014-06-16 15:26:33
Кызык болтат барган сайын!
0
Nice0101
2014-06-16 17:47:15
Ушул кызыгына келгенде буторуп койгону кызык да...
0
Ak_gulum
2014-06-16 18:35:00
"Тагдыр оюнуна"-тете чыгармаго
0
Gulzina_91
2014-06-17 02:05:22
Соонун чыгарма экен . Авторуна рахмат.Дагы ушундай чыгармаларды кутуп калабыз супер инфодон
0
sagynby
2014-06-17 12:39:28
жакшы чыгарма екен уландысын чыдамсыздык менен кутобуз
0
Shaa-82
2014-06-17 18:06:07
эми дагы кайдагы АНЫсы чыга калды шайтандай болуп. али кооп АНЫлар чыкпаса эле болду окуя буткончо
0
nursana.86
2014-06-17 21:34:48
Мен дайыма дуйшомбуну кутом супер ифонун жаны саны чыгат деп баарын бир саатка жеткирбей эле окуп коюп кийинки дуйшомбугочо ичим бышып кетет
0
sezim1111
2014-06-18 17:25:19
Мынча ааааз :((
0
mi-li-na
2014-06-19 12:00:47
ошон учун кыргыздар айткан достуктун тубу кастык деп...
0
snegurochka11
2014-06-20 18:13:54
Ай десе!АНЫсы ким болуп кетти экен?Аябай жакшы чыгарма экен!Молодцы Супер Инфо!
0
Gulshan_kf
2014-06-22 12:40:54
Уландысы ошондо качан?
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан