ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-июндан 22-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Материалдык абалыңыз жакшыра баштайт. Бирок ачууга алдырып, ойлонбой иш кылып жиберүү менен сүйүктүүңүздөн тил угууңуз мүмкүн. Шаршембиде бирөөлөргө карасанатайлык кылуунун кереги жок. Жума күнү тааныштарыңыз жаңы идеяларга байытат. Ишембиде балдарыңыз убаракерчилик тартуулайт. Жекшембиде көңүл ачууга көп акча коротпоңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө маалыматтардын такталган же такталбаганын так билүү кажет, болбосо жаңылыштык кетирип, тил угасыз. Шейшемби дарыгерге, сулуулук салонуна баш багууга ылайыктуу. Бейшембиде кечеге катышып, романтикалык маанайга ээ болосуз. Жума күнү кичине, бирок маанилүү буюмуңузду жоготуп албоого тырышыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Шейшембиде ишиңиз үчүн сыйлыкка татыйсыз. Шаршембиде акчага байланыштуу иштерди ойлонуп чечпесеңиз, бөөдө жабыр тартасыз. Бейшембиде бир кездерде сиз менен мамилеси абдан жакшы болгон адам сизге конокко келет. Жума күнү кайсы бир органдардын мекемесин бир маселелер боюнча аттайсыз. Ишембиде чатак маселени пайдаңызга чечтире аласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө жетекчилик менен сүйлөшүүдөн пайда чыкпайт. Шейшембиде кыйын кырдаалга туш болуп, тааныштардан жардам сурооңуз мүмкүн. Бейшембиде жаңы идеяны ишке ашырууда алды-артыңызды карап иш кылбасаңыз, көп чыгым тартып каласыз. Ишембиде жаңы буюмдан жолуңуз болот. Жекшембиде күтүлбөгөн окуя үйдө чырды жаратат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Керектүү маалыматтарга ээ болуу үчүн айланада болуп жаткан окуяларга баам салуу зарыл. Айлык көбөйсүн десеңиз, жаңы ыкмаларды өздөштүрүңүз. Өзүмчүлдүктүн айынан үйдөгүлөргө жаман көрүнүүнүн кажети жок. Жума күнү акчага мелдешүүчү оюндарга аралашпоо сунушталат. Жекшембиде чыгармачылык менен бир нерселерди жасап, аны ишке ашырасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта сезимдерди билдирүүгө, баш кошууну пландоого, саякатка чыгууга ыңгайлуу.
Шейшембиде отко, сууга күйүп калуунун алдын алыңыз. Шаршембиде жоготкон буюмуңуз табылат. Жума күнү кошумча билим алуу зарылчылыгынан улам курска жазылууңуз ыктымал. Ишембиде бирөөлөрдүн шашылыш ишин бүткөрүп бересиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында документтерге байланыштуу иштер колуңузду байлайт. Шейшембиде жаман маанайдын арты менен ойлонулбаган кадамдарга барбоо керек. Бейшембиде чыр чыкпасын десеңиз, чыдамдуу болуңуз. Ишембиде алыстагы досуңузду коноктоп, жекшембиде табият коюнунда эс алууңуз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө таасирдүү адамдар менен жолугуп, жашооңузга өзгөртүү киргизүүнү ойлоносуз. Шейшембиде ашыкча иштен качпаңыз, кошумча акча алып келет. Жума күнү алдамчылыкка туш болбоо үчүн акча алмаштырбаган оң. Ишембиде түшкөн кабагыңызды жаңы таанышыңыз ачат. Жекшембиде үй иштери күтөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шейшембиде шашкалактап жатып үйгө керектүү буюмду унутуп калтырып кетпеңиз, эки убара болуп каласыз. Шаршембиде ашыкча сүйлөп, жетекчинин маанайын бузбоо керек. Бейшембиде туугандар чоң ишиңизди бүткөрүп берет. Ишембиде үйгө жаңы эмерек алууңуз ыктымал. Жекшембиде жолдо жүрүүдө жыгылуудан, кийимди булгап алуудан сак болуу сунушталат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада бизнес менен алектенген тааныштар жаңы иш сунушташат. Пайдасы канчалык экенин эсептеп көрүү кажет. Баалаган адамыңыз менен ички ой-толгоолоруңузду ачык айтып бөлүшпөсөңүз, ал сизден алыстай баштайт. Апта ортосунда майда дегендерге маани берүү сунушталат, болбосо маселе жаралат. Дем алыш күнү туура эмес иш кылып жиберүүгө жетпеңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кокустукка туш келбөө үчүн аптанын башында эскирген имараттарга жакын жүрбөө, жакшы иштебеген лифтке түшпөө керек. Шаршембиде жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүп, дарыгерге көрсөтүүңүз ыктымал. Жума күнү тез чечим кабыл алуучу окуя чыгат. Ишембиде белектүү болууңуз күтүлүүдө. Жекшембиде оңдоп-түздөө иштери колуңузду байлайт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө жагымсыз окуянын аягы элдешүү менен бүтөт. Шаршембиде туугандар жана өзүңүз үчүн да бир маселени чечүү керектелет. Жума күнү өзүңүзгө ишенип, ашыкча кадамдарга барбаңыз. Ишембиде тамак-аштын сакталуу мөөнөтүнө көңүл бурбасаңыз, уулануу коркунучу бар. Жекшембиде электрондук буюм алууңуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан