СҮЙҮҮНҮН КУРМАНДЫКТАРЫ

Батир издөө

Ошол жылы мен 4-курста окучумун. Сту­дент­тин башкы маселеси эле ылайыктуу турак таап жашоо эмеспи. Сабагыма тоскоол болот деп ойлодумбу, туугандарымдын үйүнө жүргүм келген жок. Элчилеп жатаканага да кө­нө албай койдум. Ошентип, ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып батирге чыкмай болдум.
Батир издеп Ахунбаев көчөсүн­дө кетип ба­ра жатсам, аркамдан "Мирлан!" де­ген кимдир бирөөнүн үнү угулду.
Токтоп, аркама карасам, мени жылмая тиктеп таежем Асел турган экен. Көптөн бери кө­рө элек болчумун. Жалгызсырап жүргөнүм­­дөн­бү, эң жакын адамымды көргөндөй сүйү­нүп кеттим.
– Сен кайдан?- деди ал шыңк күлүп.
– Окуудан эле. Өзүң кандайсың?
Туугандарча аркы-беркини сүйлөшүп турдук. Асел менин апамдын бир тууган байкесинин кызы эле. Кичинебизден эле экөөбүз бири-бирибиз менен жакшы тил табышчубуз.
– Батирге чыксам дедим эле. Бирок, ылайыктуусу чыкпай жатат,- дедим.
– Мени менен чыкпайсыңбы, Мирлан?- деп калды капысынан Асел. – Мени менен жашаган кыз кетип жатат. Мен чогуу жашаганга ылайыктуу адам таппай жаткан элем. Өзүң билесиң, жалгыз төлөгөн мага да кыйын болуп калат. Бир жашасак экөөбүз тең бөлүп төлөй берет элек...
– Чындап эле ойлончу иш экен,- дедим.
Ойлонуп көрсөм чын эле туура болчудай.
Экөөбүз ээрчишип барып, анын батирин көрдүк. Кыздар жашаганданбы, жайлуу, таза сезилди. Эртеси эле кийимдеримди көтөрүп келип жайгашып алдым. Менин бейпил күндөрүм бүтүп, алдымда тагдырымдын бороону күтүп турганын анда сезбеген элем...

Махабатым – арманым...

Ошентип, Асел экөөбүз жашап калдык. Мен күндө сабакка, ал жумушуна кетет. Анан кечин­де келип экөөбүз бирге тамак жасайбыз. Ал жи­­гит­тери жөнүндө, мен кыздарым жөнүндө ай­тып, сырдашып көпкө отурабыз. Балким, эр­кектердин табияты ушундайбы, билбейм. Айтор, кийинки кездери Аселге өтө көнүп алдым. Албетте, ал кезде оюма эч нерсе келген эмес. Тууган катары гана мамиле кылчумун. Бирок, кийинки кездерде ал жок болсо үйгө киргим кел­бей, жумушунан кечиксе кадимкидей жиним келип баштачу болду.
Ал күнү мен аны адатымча күтүп көчөдө басып жүргөм. Жогумду жоготконсуп жол карап турган мени алыстан көрдү да, Асел жаркылдап күлүп жиберди:
– Эмне, мени күтүп турасыңбы?
– Ооба, эмне кеч?..
Ал менин суроомду укпай калдыбы, жооп бер­ген жок. Негедир күндөгүдөн жаркылдап ка­багы ачык экен. Ого бетер туталанып, өзүм­дөн-өзүм жиним келип баштады. Ал көптө барып менин түрүмдү байкады окшойт.
– Сага эмне болду?- деди кашын серпип.
– Айтпайсыңбы кайда жүргөнүңдү?..
Ич күптүмдү тыя албай бурк эттим.
– Эмне кыласың кайда жүргөнүмдү?- деди ал да чыйрыга.
– Асел... антип айтпачы?!. Мен... мен...
Көзүмдөн жашым айланып бара жатканын сезип терс бурулдум. Ошол көз ирмемде өзүмдөн эчен жолу жашырып келген нерсе дайын болду. Мен ал адамсыз жашай албай калганымды сездим. Асел мени телмире тиктеп турду. Ал дагы менин абалымды сезген сыяктуу. Ордумдан шарт турдум да, курткамды ала коюп эшикке жүгүрдүм. Ээн жерге келгенде жүзтөмөндөп жыгылдым. Бирок, эмне кылсам да мен жүрөгүмө байыр алып баштаган махабаттан кутула албайт элем.
Ушул күндөн баштап Асел экөөбүздүн ортобузда билинбеген дубал пайда болду. Сүй­лөшкөндө да көзүбүздү ала качып кетчү болдук. Экөөбүз тең бул абалыбызды жашырганга аракет кылабыз. Ошентсе да...
Менден тынчтык кетти. Бир мүнөт да Аселсиз жашай албай калдым. Ал менин бир тууган таежем экенин билсем да, экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбошун билсем да көкүрөгүм дегдейт да турат. Көрүп, азыраак сүйлөшүп алсам жаным жай ала түшөт. Сүйүү мынчалык азаптуу да, таттуу да экенин биринчи жолу сездим. Махабатым арманым болуп калаары үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Акыры акыл-эсимди жыйнай албай, сүйүүнүн алдында кантип тизе бүгүп бергенимди да сезбей калдым.

Жаңы Жыл жана көз жаш

Ошентип, убакыт өтүп, тез эле Жаңы Жыл майрамы келип калды. Досторум менен өткө­рөм деп кетип калдым. Өзүм деле көп иччү эмес элем. Ошол күнү көңүл бурганагын ачуу менен баскым келди окшойт. Иче бердим. Достор, ичимдик, кыздар... айтор, бардыгы кө­ңүл­дөгүдөй болсо да мага негедир бир нерсе жетишпегендей коңултуктай бердим. Анткени, жанымда Асел жок эле. "Эмне болуп жатам? Бул кылыгым туурабы?" деп өзүмдү өзүм жемелеп коём. Кайра эле белгисиз күч "бир көрүп алсаң эч нерсе деле болбойт" деп шыбырайт да турат. Акыры чыдабадым. Кече бүтө электе эле үйгө жөнөдүм. Биздин үйдүн жарыгы күйүп турган экен.
Асел да достору менен отуруп, жаңы эле кел­генин айтты. Ошол күнү негедир мурункудай кысынбай экөөбүз жакшы отурдук. Шампан ичтик. Келечек тууралуу, адамдар, тагдырлар тууралуу сүйлөшүп отурдук.
– Билесиңби, мен сени мындай адам экен деп ойлогон эмесмин,- деди Асел ойлуу гана. – Ар күнү сенин жакшы сапаттарың ачы­лып, сенин камкордугуңа, сенин адамгерчилигиңе ыраазы болуп баратам. Кандай бактылуу кыз туш болоор экен сага...
Өзүм араң турган жаным отко май чачыраткандай алоолоп кеттим. Ошол учурда эмне болуп кеттим билбейм. Аселди шарт боорума кысып өпкүлөп жибердим.
– Мен сени сүйөм. Мен сенсиз жашай албайм...- деп жаттым шыбырай.
Асел каршылык көргөзгөн жок. Тек гана кө­зүнөн жашы чууруп, алсыз гана күбүрөй берди:
– Жок! Кереги жок... Мирлан, эсиңе кел...
Башым тумандаган мен эч нерсеге караган жокмун.
Ошол күндөн тартып Асел экөөбүз аял-күйөөдөй жашап калдык. Болоор иш болгондон кийин эмне кылат элем дедиби же мени да кыйнагысы келген жок окшойт. Айтор, Асел экөөбүз тең бул тууралуу сүйлөшкөн жокпуз. Болгону мурункудан да жакын, мурункудан да ынак болуп, бири-бирибизсиз күнүбүз өтпөй калды.

Ажырашуу

Байкушум ай, акыркы күндөрү ал дагы жанчылып ордун таба албай жүргөнүн сездим. "Аттиң ай, Асел экөөбүз тууган болуп калбаганыбызда кандай гана бактылуу болоор элек" деп коём ичимден. Ага-тууган, ата-энелерибиз эмне дейт деп ойлогонумда жаным көзүмө көрүнүп кетет. Бирок, Аселден да ажырай албайт элем. Бири-

бирибиздин көңүлүбүздү аяп, эч нерсе айта албай, чече албай жүргөнчө ортодон бир канча күн өтүп кетти.
Бир күнү экөөбүздүн бул сырыбыз дагы айкын болуп калды. Эшикти жаап, ичинен кулпулаганды унутуп калган экенбиз. Асел экөө­бүз бир төшөктө уктап жаткан элек. Бир кезде башымды көтөрсөм эле бөлөм карап турган экен. Эмне дээрибизди билбей жалдырап калдык. Ордунан учуп турган Аселди карасам өңү купкуу болуп кеткен экен. Бөлөм дагы биздин абалыбызга түшүндү окшойт, үн катпай эшикке чыгып кетти. Ошентип, күндөр өтүп жатты.
Айлам кеткенде Аселге "үйлөнөбүз" дедим. Ал мага жаштуу көздөрү менен карап туруп жай башын чайкап койду да: "атам мени өлтүрүп коёт" деди. Ал мага менин кетип калышымды суранып ыйлай берди. Чындыгында эле экөөбүздүн бул жоругубузду эл, тууган-урук билсе кандай болот? Кечире алышабы? Кечирбегенде деле шарият, жашоо мыйзамы жол береби? Ушул ойлорго кабылганда мен дагы шалдайып отуруп калдым.
Эки ортодо чайналып, жүдөп бара жаткан Аселди көрүп, акыры аны менен ажырашууну чечтим. Адегенде "сен кетип кал, мен кетип кал" болуп эптеп эле күндөрдү узартканга аракет кылып жүрдүк. Анан минтип ажыраша албасыбызды сезип, экөөбүз тең бир күндө эки жакка кетмей болдук. Ажырашаар күнү машина айдатып келдим да, Аселдин жүктөрүн салып башка үйгө көчүрдүм. Анан махабатыбыздын күбөсү болгон үй менен коштошуп, өзүм­дүн кийимдеримди алып жолго түштүм. Мен сүй­гөн бийкечтин сүйүүсү, ысык мамиле, бар­ды­гы артта калды.

Айрылуунун азабы

Мындан мурун деле кыздар менен далай мамиле түзгөм. Бирок, ойлоп көрсөм эч кимисине мынчалык байланбагам. Мен муну Аселден ажырагандан кийин түшүндүм. Ооба, ал жүрө­гүмдүн толтосунан орун алып алган экен. Ал ортодо ар кайсы досторумдукунда жашадым. Аны унутам деп башка кыз менен да мамиле түзүп көрдүм. Бирок, эч майнап чыккан жок. Кө­күрөгүмдө анын муңайым элеси турганы турган. Эрдимди кесе тиштеп, канчалык өзүмдү кармаганым менен баары бир болгон жок. Кыйналып кеткенде биз жашаган үйгө жөнөдүм.
Мына кызык, үйгө кирип барсам Асел отуруптур. Кубанганымдан кыйкырып жибердим.
– Асел!
Ал мага кылчая карады да, тура калып мойнума асылды.
– Келдиңби? Мирлан... сагындым сени...
Ыйлап жиберди. Көрсө, ал эки-үч күндөн ки­йин эле кайрадан көчүп келип алган экен. "Чыдабай кеттим. Сага көнүп алган экем" деди бы­шактап. Көзүнүн жашын аарчып сооротконум менен колумдан эч нерсе келбеди. Азыр алсыздык кылдымбы деп да ойлоп кетем. Анткени, канчалык кыйналсам да ата-энеме айтканга да батына албадым. Эрким жетпей койду. Баарынан мени багып чоңойткон кары чоң апамдын жүрөгүн ооруткум келген жок.
Шорубузга башка жашап калсак да ажыраша албай койдук. Ал дагы мени унута албай кыйналып, өңүнөн азып кетти. Соолуган гүл­дөй кебетесин көрүп, өзүмдү-өзүм жек көрчү болдум. Бирок, сезим бардыгынан күчтүү эле. Ыйлап ажырашып алып, кайрадан эки күнгө жетпей жолугушуп алчу болдук. Жолукканда ар шылтоону айтып бири-бирибизден ажырашкыбыз келбейт. Мейманканага же башка жакка кетип калабыз.
Ушундай башаламан жашоодон тажап, ичип баштадым. Сабакка барганды да токтоттум. Менин бир билгеним арак, кыздар, сауна болуп калды. Менин антип бара жатканымды сезген Асел: "Мирлан, өзүңө келчи. Сабагыңа барчы" деп ыйлайт. Айласы кеткенде менден качып баштады. Ансайын ызам келип, арактан күчүмдү чыгарам.
Ошентип, баш-аягымды жыйып акыл-эсимди токтото албай жүргөндө дагы бир тагдырдын соккусуна кабылдым.

Аселимди саунадан кезиктирдим

Ошол каргыш алган күнү "Мирлан, саунага барып келели" деген досторумдун сөзүнөн улам балдар менен саунага жөнөп калдык. Андан аркысы түшүнүктүү эмеспи. Бир аздан кийин күүлдөгөн досторум ар кайсы номерге чалып сойку кыздарды чакырып башташты.
– Мирлан, сага кандайын?- деген досума кайдыгер колумду шилтеп коюп, өз санаам менен алпурушуп шейшепти жамынып отургам. Аселди көрбөгөнүмө эсептеп көрсөм төрт ай болуптур. Андан бери эки аягым басып, эл катары сүйлөгөнүм менен тирүүнүн өлүгүнө айланганымды ойлоп, башым катып отурган элем. Көзүмдү жумуп түгөнбөгөн элестер менен алышып отурганымда сырткы бөлмөдөн чыккан тааныш үндү кулагым чалып калды. Аселдин үнү... Канчалык алыс болсо да анын үнүн жазбай таанычумун. Же кулагыма угулуп кеттиби деп ойлонгуча жанагы үн дагы кулагыма илеше түштү. Ордумдан ыргып туруп оозгу бөлмөгө чыга калдым.
Аттиң... Ушундан көрө жер жарылып кетсечи... Ушуну көргөнчө көзүм көр, кулагым дүлөй болуп калсачы... Көзүмдү тааныш караандан ала албай турган жеримде селейдим. Алдымда менин Аселим турган эле...
– Сенби? Кантип?
Эриндерим кургап ушул сөздөр араң оозумдан чыкты. Ал көпкө шылкыйып турду да, башын жай көтөрдү.
– Кечир мени...
– Бул эмне кылганың?
Үнүм титиреп тула боюм калчылдайт. Биздин абалыбызга түшүнүштүбү, шарактаган кыздар-балдар ооздорун ача туруп калды.
– Жүрү, баскыла.
– Жалгыз калтыралычы.
Досторум кыздарды алып чыгып кетишти. Бөлмөдө жалгыз калдык. Көзүмдү көтөрүп караганга алым жок шалдырап тура бердим. Бир маалда Асел жаныма келди.
– Кыйнадым ээ сени?..- деп жүзүмө акырын колун тийгизе берди.
– ...
– Кечир мени... Мен эми бүткөн адам болуп калдым. Эми сенин Аселиң эмесмин мен. Сени мендей эч ким сүйбөстүр, тагдырыбыз ушул экен...
– Асел...
– Жок! Сен энеси өбө элек кыз алышың керек. Унут мени, эстебе... Өз шорумду өзүм тартайын...
Ушинтип айткан Асел тез бурулуп эшикке чыгып кетти. Эсиме келип артынан чуркаганча караңгылыкка сиңип кетти...

ххх

Мен Аселди эч качан күнөөлөбөйм. Болгон күнөө өзүмдө. Баарынан жаныма баткан нерсе сүйгөн адамымдын тагдырына балта чаап койгонум. Балким, экөөбүз эки жерде чайналбасак ал мындай жолго түшпөс беле... Күйү­түнө даба таба албай жүрүп кимдир бирөөнүн тузагына илинип, анан бул жолго түшүп калды го деп ойлогонумда жер астын-үстүн болуп кетет.
А мен... Тирүүнүн өлүгүнө айлангыча баарына кайыл болуп өз жанымды кыйып койгум келет. Бишкекте Асел экөөбүз баспаган жер калбаган эле. Ошол жерлерден өтө албай качам. Жакында алыс жолго сапар алганы турам. Коркконум ал жактан да Аселимди издеп келип аламбы деген ой. Акыркы жолу Аселимди алыстан болсо да көрүп алып, анан узак сапарга бет алганы турам... Кыскасы, алдыдагы жашоом туңгуюк.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
MEN AND SEN
2013-08-25 20:12:53
мага аябай жакты.жашоодо ушундай суйуулор да бар экен да э. Айтарым ал кызга уйлон башкаларды ойлоп оз бактындан кечкенин туура эмес.кызыгы мен да ушундай суйуудомун.
0
atakyzy
2018-02-10 21:35:22
Эркек эмес экенсин
0
Too-tash
2018-02-11 03:43:51
Биринчиден окшоштуруп жомок жаза алышпайт... Эмне, ажырашса эле жигити да кызы да саунадан башы чыкпай калат бекен?!!


Экинчиден ойлоп тапкан жомоктору бут зынага туртот. Тарбиялык мааниси бар, жакшы, позитив жомок жазуу колдорунан келбейт...
+1
2018mt
2018-02-11 17:31:56
Апасы оппогон кызга эээч эле татыбайт мындай жигиттер
0
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан