ЖИНДИКАНА КЫЛМЫШКЕРЛЕР ЖАЗАДАН КУТУЛУУЧУ ЖАЙБЫ?

Эгер кылмышкер тартип сакчыларынын колуна түшсө, бул анын сөзсүз эле темир тор артына камаларын түшүндүрбөйт. Куру жалаа менен же жаңылыш кармалганы бошотулат. Кылмыш кылгандар деле ар кандай жол менен эркиндикке чыгып кетүүгө умтулат. Ошондой жолдордун бири – бул анткорлонуп акыл-эси жайында эместигин көрсөтүү. Мындайда медик-психиатрлар жардамга келишет. Ошентип кандайдыр бир убакыттан кийин кылмышкер эркиндикке чыгып, кечээ оор жазадан оорулуу болуп кутулган адам бүгүн дагы бир оор кылмыш кылышы толук мүмкүн.

АКЫЛ-ЭСИ ЖАЙЫНДА ЭМЕСТИК
Акыл-эси жайында эместик – бул адамдын коркунучтуу жосун жасаган убакта акыл-эси жайында эмес абалда болгондугу, башкача айтканда, психикалык өнөкөт оорунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо оорулуу абалынын натыйжасында өзүнүн аракеттерине жооп бере албаган же башкара албаган абалы. «Акыл-эси жайында эмес» деп таанылган адамга карата сот тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлап дарылоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
Мындайча айтканда, акыл-эси жайында эмес адам сиздин автоунааңызды талкаласа, сизди сабаса, аялыңызды тоносо же дагы бир жакыныңызды зордуктап койсо да ал адам кылмыш жообуна тартылбайт жана сизге эч ким материалдык да, моралдык да чыгым төлөп бербейт.

КЫЛМЫШКЕРЛЕР АКЧА БЕРИП «ООРУЛУУ» БОЛУШКАН
Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан качкан Заур Магомедов үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Боом капчыгайында милиция кызматкерлерин атып өлтүргөн. Кийинчерээк ал жана анын шериги Бердимурат Арчаев колго түшүрүүдө каршылык көрсөткөндүгү үчүн укук коргоо кызматкерлери тарабынан жок кылынган. Белгилүү болгондой, мурун да бир топ оор кылмыштарга шектелген Заур Магомедов мажбурлоо иретинде дарыланып жаткан ооруканадан каалаган убакта чыгып, кайра келип жүргөн. Милиция кызматкерлерин өлтүргөн соң куугундан кутулуу үчүн Нарын аркылуу Жалал-Абад облусуна качышы анын жинди экендигинен күмөн санатат. Бирок, тилекке каршы, акыл-эси жайында же жайында эмес экендигинин сырын ал өзү менен кошо ала кетти.
Аталган ооруканада дарыланып жаткан Рустам Бурканов да Магомедов менен чогуу кылмышка барып жүргөн деп Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда анын чын эле оорулуу же оорулуу эмес экендиги текшерилип жатат. Анан да алар дарыланып жаткан оорукананы текшерүү учурунда оорулуулар уюшуп, текшерүүгө каршы чыгып көтөрүлүшкөн жана кишилерди барымтага алышкан. Аталган оорукананы текшерүүдө мажбурлоо иретинде дарыланып жаткан кылмышкерлердин көбү акча берип «оорулуу» деп аныктама жасатып алгандар болуп чыккан. Бирок кандай баага жасатканы азырынча белгисиз.

«ТҮРМӨНҮН МЫЙЗАМДАРЫ МЕНЕН ЖАШАШАТ»
Кызыл-Жардагы ооруканада дарыланып жаткандар ооруканада «общак» уюштурушуп, кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашашкан. Салим Мажитов аттуу тажик атуулу бул «общактын» «положенеци» болгон. Баңгизаты менен кармалган Мажитовго акыл-эси жайында эмес деген корутунду чыгып, ал түрмөгө эмес, ооруканага түшкөн.

Аталган оорукананы текшерген ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы УЛАН АЛИЕВ төмөнкүлөрдү билдирген:

– 2014-жылдын 17-февралында Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананы текшергенибизде оорулуулар «текшербегиле» деп тополоң чыгарып, бир нече кишини барымтага алышты. Аларды бошотуу үчүн асманга ок атууга туура келди. Айылдын тургундарынын айтымында, оорулуулар ооруканага каалаган убакта кирип-чыгып, ал тургай ошол айылдан батир алышып, үй-бүлөсүн алып барып чогуу жашашат экен. Арасында автоунаа сатып алып, эркиндиктеги досторун чакырып, кой союп коноктогондору да бар.
Ооруканада соттун чечими менен жаткан 48 оорулуу бар болсо, текшерүү учурунда алардын 10у психикалык жактан оорулуу эмес экендиги билинди. Аны өздөрү «акча берип ушул жакка келгенбиз» деп түшүндүрүштү. Ошол 48 кишинин 9у киши өлтүргөн болсо, калгандары башка кылмыштар менен кармалгандар. Анан да ал жерде түрмөдөгүдөй «общак», «смотрящий» деген түшүнүктөр менен жашашат экен. Бул боюнча учурда Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы иш алып барууда.

КАЧКАНДАР БИРИНЧИСИ ЭМЕС
2009-жылы Чым-Коргондогу Республикалык психиатриялык ооруканадан 4 кишини (алардын экөөсү кичинекей кыздар) мыкаачылык менен өлтүргөн Чолпонбай Эсеналиев аттуу кылмышкер качкан. Мурун да 2 ирет соттолгон Эсеналиев тергөөнүн жүрүшүндө акыл-эси жайында эмес адамдай көрүнгөндүктөн, ал аталган ооруканада соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жүргөн. Аны менен чогуу дагы «оорулуу» деп табылган 2 кылмышкер оорукананын медайымын, оорукананы кайтарган 2 милиция кызматкерин сабап качып кетишкен.
2011-жылы да Чым-Коргондогу ооруканадан мажбурлоо иретинде дарыланып жаткан кылмыш кылган 5 «оорулуу» качып кеткени чоң чуу жараткан. Алардын бири Денис Королевских мурун 10 жолу соттолгон. Бул 2 окуядагы кылмышкерлер кийин кармалып, кайра текшерген учурда көпчүлүгү «акыл-эси жайында жана психиатрларга муктаж эмес» деп табылган. Алардын бири Чолпонбай Эсеналиев кармалган учурда аялдын кийимин кийип жүргөн. Ал кийин өмүр бою эркинен ажыратылган.

ДАГЫ ДА ФАКТЫЛАР
2006-жылы Бишкектеги №5-улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын окуучусу Даниэль Бурканов классташы Азим Чикеевди мектепте бычак менен сайып өлтүргөн. Алдыңкы окуучулардын бири, мектептин президенти болуп жүргөн Даниэль Буркановго негедир «жин оору менен жабыркайт» деген корутунду чыгып, ал сот жоопкерчилигинен бошонуп кеткен. Ал жакында эле «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында роль аткарганы белгилүү болду.
2012-жылдын жай айларында Ош шаарындагы медресенин окутуучусу Нурсеит Калыбай уулу 9 жашар баланы бир нече жолу зордуктаган деп айыпталган. Тергөө Калыбай уулун күнөөлүү деп тапканы менен, Кызыл-Жар ооруканасынын дарыгерлери «анын акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып берген. Бул иш да Чубактын кунундай чубалып отуруп аягында Ош шаардык соту Нурсеит Калыбай уулун «акыл-эси жайында эмес болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошоп, мажбурлоо иретинде дарылансын» деп чечим чыгарган.

«СОО АДАМГА ООРУЛУУ ДЕГЕН КОРУТУНДУ ЧЫГАРГАН БОЮНЧА ФАКТ КАТТАЛГАН ЭМЕС»
Республикалык психикалык ден соолук борборунун жетекчиси УРАИМЖАН ИСМАИЛОВ кылмышкерлерге жасалма корутунду чыгарылган дегендерге кошулбайт:
-Эл оозунда айтылган «акча берсе, врачтар оңой эле «психикалык жактан оорулуу» деп корутунду чыгарып беришет» деген сөз туура эмес. Соо адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн психикалык жактан оорулуу деп корутунду койгон учурлар болгон эмес. Эгер андай учур катталса, сөзсүз чара көрүлөт, себеби врач-психиатр, эксперттер өздөрүнүн корутундусуна жоопкер. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын оорулуу же оорулуу эмес экендигин тергөөчүнүн же соттун чечими менен 3 же 5 врач-психиатрдан турган комиссиялык топ гана аныктай алат. Психикалык жактан оорулуу деген корутунду көп түрдүү ыкмалар менен жүргүзүлгөн аныктоолордун негизинде коюлат.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында болгон чуудан кийин дарыланып жаткан оорулууларга кайрадан козголгон кылмыш фактысы боюнча соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Алардын жыйынтыгы тергөө органдарында. Дарыланып жаткан оорулуулар мурдагы кылмыш иши боюнча көп убакыт мурун экспертизадан өтүшкөн, дарылоодон кийин алардын психикалык абалы стабилдешип, жакшы болуп калышы мүмкүн.
«Акыл-эси жайында эмес» деп табылган адам диагнозуна жараша каттоодо турат, ошондой эле дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турушат. Мажбурлоо түрүндөгү дарылоо сот аркылуу дайындалат жана токтотулат. Дарылоо оорулуунун психикасына байланыштуу 6 айдан кем эмес ар түрдүү мөөнөттө болот. Психикалык жактан оорулуу деген тактама оорулуунун колуна берилбейт. Андай маалыматтар сот-тергөө жана атайын күч органдарынын сурамжылоосу боюнча берилет. Психикалык жактан оорулууларга чет өлкөгө чыгууга же чыкпоого чектөө коюлган эмес.

70 МИҢ АДАМ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЙТ
Учурда Кыргызстанда 70 миңден ашуун адам түрдүү психикалык оору менен жабыркайт. Анын 10 миңге жакыны ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Былтыркы жылдын эсеби боюнча, «кылмыш жасады» деп таанылгандардын ичинен 200 адам психикалык жактан оорулуу деп таанылган.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aman0296
2014-06-16 11:56:50
Шумдук ко
0
aitowa11
2014-06-16 16:34:53
Менин эки классташ балам армияга барып барганына бир ай боло элек армиядан качышкан. Үйлөрүнө жете электе кармап кайра алып кетишкен. Качкандан кийин өтө кыйнап түнү уктатпай иштетип уруп согуп жүрүптүр. Ата-энелери артынан чуркап акча берип жүрүп ошол эки балага психикалык жактан ооруйт деген кызыл документти жасатышып эптеп чыгарып келишкен. Бирок алар чындыгында андай эмес болчу сопсоо болушчу. акча азыр баарын чече
+4
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан