Өкмөт Өзбекстанды суу менен камсыз кылуучу Наманган каналын убактылуу жабуу маселесин кароодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр
Абдырахман Маматалиев 9-июнда билдирди. Кыргызстан мындай кескин чарага чын эле барабы-жокпу, ачыгы айтыла элек. А.Маматалиев «каналды жабуу сунушу Өзбекстандын Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын берүүсүн токтотконуна байланыштуу эмес» деди. Анын айтымында, аталган канал оңдоп-түзөөгө муктаж.
Бирок коомчулук Наманган каналын бууп салуу ишин Өзбекстандын Кыргызстанга газ бербей койгонуна карата жооп катары кабыл алат. Эске салсак, 14-апрель күнү «ӨзбекТрансГаз» себебин түшүндүрбөстөн Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Ошондон бери Ош облусунун жашоочулары качан көгүлтүр от менен камсыз болушарын эч ким айта албай келүүдө. Кыргызстандын түштүк жергеси 2 айдан бери газ жок отурганынан улам өлкөнүн жаш активисттери «Тезекпром» деп аталган акция өткөрмөкчү болушуп, 9-июнь күнү Ак үйдүн алдына чыгышкан. Бирок акцияга чогулган жаштар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу кармалып, коомдук тартипти бузушту деген чечим менен айып пулга жыгылышты. Маселени чечүү үчүн «Кыргызгаз» ААКсынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев Өзбекстандын Сох анклавына газ берүүнү токтотууну сунуштады. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары мындай демилгени колдоого алышкан жок. «Ата Журт» фракциясы болсо, 6-июндагы жыйынында Ош шаарынын газсыз калышынан улам өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
2010-жылы май айында Кыргызстан ушундай чараны Казакстанга карата жасап көргөн. Кыргыз-казак чек арасы Казакстан тарабынан жабылганына 41 күн болгондо Кыргызстан Киров суу сактагычын жаап, Казакстанга суу бербей койгон. Бир күндөн кийин Казакстан чек араны ачкан.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg