6-июнь күнү Алай райондук соту райондук прокуратуранын Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын акциясына тыюу салуучу арызын канааттандырды. Алай райондук прокуратурасы Ахматбек Келдибековдун жактоочулары укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөткөнү үчүн жол тосуу акциясына тыюу салуу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган эле.
Президент Алмазбек Атамбаев Түркияга болгон иш сапары учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, жолдорду тосуу боюнча маселелер мыйзамдын алкагында чечилерин билдирди. «Келдибеков жыл бою өзүнө коюлуп жаткан айып менен таанышуудан баш тартууда. Эгер адам өзүнүн күнөөлүү эмес экенине ишенсе, анда ал сот чечиминин чыгуусуна шашат. Коркунучтуу ооруларды ойлоп табуунун кереги жок. Менин бутума да Келдибековдукундай эле операция жасалды. Бул өлүмгө жеткирбейт. Эгер анын ак экени далилденсе, анда прокуратура бул ишке башы менен жооп берет»,- деди Атамбаев. Ошондой эле өлкө башчы жол тоскондор эртеби-кечпи жазасын алыш керектигин айтты.
Алай райондук соту абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун жактоочуларына нааразычылык акцияны башка жайда өткөрүү тууралуу чечим чыгарды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана ОИИБинин башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кылган аракеттери жыйынтык бербей, соттун бул чечими бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. 27-майдан тартып Ош-Эркеч-Там жолу тосулуп турганына байланыштуу 10-июнга карата бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөй калышы болжол менен 83 миллион сомду түздү. Учурда 155тей унаа өз багыттарына жетпей токтоп турат.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg