«АТА МЕКЕН» «КУМТӨРДҮН» ТЕХНИКАЛЫК ПЛАНЫН БЕКИТПӨӨНҮ СУНУШТАДЫ

6-июнь күнү «Ата Мекен» фракциясы өкмөткө «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Кумтөр кенинде кен казуу иштерин жүргүзүү планын бекитпөөнү сунуштады. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, компания алтын кениндеги мөңгүнү талкалоого камданып жатат жана өкмөт компаниянын планын бекитпей койсо, анда ал мыйзамдын талабын аткарат. «Биз кирешеге көздү жумуп, кенди жабуу тууралуу чечим кабыл алышыбыз керек. Мындан түшчү акчаны башка жол менен деле тапса болот. Улутташтыруудан кийин кенди иштетүү же иштетпөө тууралуу чечим кабыл алабыз. Эгер биз акча тууралуу гана ойлой турган болсок, анда бизде келечек болбойт»,- деди Текебаев.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев «биз «Кумтөрдөгү» иштин токтоп калышына жол бербешибиз керек» деп билдирди. Ал эми президент
Алмазбек Атамбаев «Мөңгүлөр тууралуу» мыйзам долбооруна кол койбогонун белгилеп, анын ачык эле «Кумтөрдүн» ишин токтотууга багытталганын айтты. «Мыйзам керек. Бирок «Кумтөр» ишин токтотпой, ошол эле маалда мөңгүлөргө зыян келбеши үчүн макулдашылган вариантын иштеп чыгуу керек»,- деди А.Атамбаев.
11-июнь күнү өкмөт «Кумтөр» компаниясына кендин борбордук тилкесинде кен казуу иштерин улантууга уруксат берди.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kara-kulzha
2014-06-18 20:12:34
ушу кишиге эч ишенбеймда
0
jaazira13
2014-06-19 17:30:08
сразу ле кыргызстанды саталы десе эл эмне дейт болду экен???? депутаттар оз кадамын суйлогонун терен ойлонуш керекта???
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан