Былтыр Пекин Олимпиадасында Усэйн Болт деген жылдыз жарк этип жанган эле. Чуркаса таманынан чаң чыккан 23 жаштагы ямайкалык жөө күлүк эчак эле Чагылган деген атка конгон. Андыктан “планетабыздын эң ылдам адамынын ийгилигинин сыры эмнеде?” деген суроонун үстүндө изденип көрдүк.
Каарманыбыз тууралуу кыскача
Интернет булактарында Усэйндин жашоосуна караганда спорттогу жетишкендиктери тууралуу маалыматтар көп. Болгону, анын үй-бүлөдө жалгыз бала экендиги (өзгөчө апасынын эрке баласы деген маалыматтар бар) белгилүү. Бала кезинде баскетбол, футболго аябай кызыгып, катыра ойносо да, машыктыруучусунун тилине кирип, чуркоону тандап кеткен. Эң алгачкы медалына 2002-жылы жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда ээ болгон. Ошондо ал 1 алтын жана 2 күмүш медаль тагынып, келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу экендигин бүт дүйнөгө далилдеп койгон.
Ийгилигинин сыры
Токтоолук. Дал ушул сапатты Усэйн ийгилигинин башкы сыры деп билет. Негизи эле чемпиондордо “олимпиадалык токтоолук” деген түшүнүк бар. Бул тууралуу Болт: “Мыкты спринтер болуу үчүн дайыма эркин жана бош абалда болуу шарт”,- дейт. Муну иш жүзүндө да байкоого болот. Усэйн жарыш алдында көп атаандаштарынан өтө эле токтоолугу менен айырмаланат. Бул жашоо же өлүм маселеси эмес, жөн гана спорт деген принципти кармангандай туюлат.
Допингби? Эгер спринтер 1 жыл ичинде натыйжасын 10,03төн 9,69 секундга чейин жакшыртса, “допинг колдонобу?” деген суроо туулбай койбойт. Буга Усэйн: “Ооба, Ямайкада атайын допинг лабораториялары жок. Бирок такай ВАДАдан келишип, таңкы саат 6да деле чакыртышып, текшерип турушат”,- деп жооп берет.
Иштин баары генде. “Болттун ийгилигинин сыры эмнеде?” деген суроого Ямайканын олимпиадалык курама командасынын дарыгери Херб Эллиот мындай түшүндүрмө берет: “Ямайкага Африкадан келген негрлер абдан күчтүү болушкан. Ошондуктан да кулчулукка каршы көтөрүлүштөр Ямайкада көп болгон. Ошол кездеги эркиндиктин духу, күч жана агрессия азыркы муундун өкүлдөрүндө да бар”.
Кошумчалай кетчү нерсе, Шотландиянын Глазго университетинин окумуштуулары ямайкалык жөө күлүктөрдү 2 жыл бою изилдеп көрүшкөн. Натыйжада, алар ямайкалыктардын булчуңдарында Actinen A заты бар экендигин аныкташкан. Ал компонент булчуңдардын кыскарышын адаттагыдан да күчөтүп, ылдам чуркоону камсыз кылат.
Ямс. Ал эми Усэйндин эжеси Лили таптакыр башка пикирде. Лилинин айтымында, кептин баары анын ашканасында жасалган ямс тамагында. Ямс тамагы, негизинен, картошкадан жасалып, Африка жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Чындыгында, аталган аймактын элинин арасында байыртадан эле ямс-эркектердин тамагы деген түшүнүк калыптанган.
Бою да тоскоол эмес. Мындан бир нече жыл мурда “Sports Science & Medicine” журналы “бою 175тен 190 сантиметрге чейинки узундуктагы спринтерлер гана Дүйнө чемпиону боло алышат” деп жазып чыккан эле. Анткени кыска аралыкка чуркоодо кадамдын узундугу жана жыштыгы маанилүү. Бул жагынан алып караганда, мындай теория Усэйнге туура келбейт. Анткени анын боюнун узундугу 195 сантиметрди түзөт. Эгер башкалар 100 метр аралыкка 43-44 кадам таштап чуркашса, Болтко бул үчүн 41 кадам жетиштүү. Бул тууралуу Усэйндин машыктыруучусу мындай дейт: “Чындыгында, спринтер үчүн Усэйндин дене-бою идеалдуу эмес. Бирок ал кадамын кыскартып, бат чуркоо үчүн көп эмгек кылды. Линиядан чыкпай түз чуркоонун үстүндө эле бир жыл машыккан. Айтор, чуркоонун техникасын мыкты өздөштүрүү керек”.
Усэйн Сент-Лео Болт
Күчүбүз жеткени – коло
Абакир Рысов дүйнөнү багынтты
Спорт жетекчилиги алмашты
Өткөн аптада КРнын Өкмөтүнүн курамы өзгөргөндөй эле анын ичинде өлкөбүздүн спорттук жетекчилиги да өзгөрдү. КРнын президентинин буйругу менен Өкмөттүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорлугуна Александр Воиновдун ордуна Айдарбек Керимкулов дайындалды. Кошумчалай кетчү нерсе, эми аталган агенттиктен жаштардын иши жана балдарды коргоо бөлүмү ажыратылды.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg