Өкмөт 6-майдагы токтому менен рулу оң жагында жайгашкан автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуучу мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2013-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда катталган транспорт каражаттары
991 888ди түзсө, алардын
127 383ү оң рулдуу. Бул көрсөткүч жалпы транспорт каражаттарынын 13 пайызын түзөт.
«Оң рулдуу унаалардын санынын кескин өсүүсүнөн улам жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч күчөп, мындай унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны өскөн» деп ИИМ буга чейин айтып келе жаткан «ырын ырдоодо». Мындай тыюу салуу ириде коомчулуктун орто кирешелүү катмарына кесепетин тийгизет. Азырынча ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жол кырсыктарына оң рулдуу унааларды күнөөлөөдө. ИИМ берген маалыматтарда айдоочулук күбөлүк берүү менен жол кыймылын күзөтүү иштеринде пара алуу, «крышаларга», кызматтык күбөлүктөргө таянып жол эрежелерин бузуу абдан жогору экендиги, жол кырсыктарына көбүнчөсү ушундай иштер себепчи экендиги тууралуу дегеле сөз болбойт.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg