Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Азербайжан өкмөтү менен сүйлөшүп, жакынкы 2-3 жума аралыгында Кыргызстанга 10 миң тонна кумшекер келерин маалымдады. «Бул шекердин сатылыш баасы 45 сомдон ашпайт. Бүгүн базарларда шекердин баасы 50 сомдон жогору болуп жатат. Шекердин баасын жай жана күз мезгилинде ортомчулар атайын кымбаттатып, каалаган баасын коюп сатышат.
Кыргызстанга келип жаткан шекерди мурда бийликтин чоң кызматтарында иштеп кеткендер көзөмөлдөп, ээлик кылышат. Алар өздөрүнүн тууган-уруктары, жоро-жолдошторунун аттарына фирмаларды ачтырып коюшкан. Дал ушундай абал буга чейин Таластын төө буурчактарын сатып алууда болуп келген. Ал жакта да мурдагы экс-чиновниктердин ортомчу 10 компаниялары атайын төө буурчакты арзан баада алып жүрүшкөн. Былтыр болсо Таласка чет элдик 45 компанияны чакырып, ортомчулардан эмес, дыйкандардын өзүнөн сатып алгыла дегенбиз. Жыйынтыгында төө буурчактын баасы 2-3 эсеге өстү. Былтыр 48 миң гектарга төө буурчак айдалса, быйыл 57 миң гектарга себилди. Нарындын Жумгал районунун дыйкандары да биринчи жолу 80 гектар жерге төө буурчак айдашты. Ошондуктан шекердин баасын түшүрүү биздин негизги милдетибиз. Ушуга байланыштуу сөзсүз ортомчу ишканалардын ээлери өкмөткө болгон сын-пикирди, жеке менин дарегиме болгон сынды ар түрдүү массалык маалымат каражаттары аркылуу көбөйтөт. Бул күтүлө турган нерсе»,- деп билдирди Т.Сарпашев.
Мындан тышкары биринчи вице-премьер дыйкандарга 4 миллиард сом жеңилдетилген кредит берилгенин, жылдын аягына чейин 7 миллиард сом кредит берүү планы бардыгын айтты. 2013-жылы болсо 3,2 миллиард берилген.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg