ЖОЖдордо СЫЙ ТАМАК БЕРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ...

  • «ТҮНДҮК ЭЛЕКТР» ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Искендер Кадыркулов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Аскар Эшимбеков дайындалды.
  • Мурдагы вице-премьер-министр ТОКОН МАМЫТОВ «Кыргызалтын» ААКсынын башкаруусунун төрагасы болуп дайындалды.
  • 10-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев Кыргызстандагы аялдардын 70 пайызга жакыны АЗ КАНДУУЛУКТАН жабыркай турганын билдирди.
  • Назарали Арипов Жогорку Кеңештеги «РЕСПУБЛИКА» фракциясынын лидерлигин Максат Сабировго өткөрүп берди.
  • МИРОСЛАВ НИЯЗОВ Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси, Жаныш Рустембеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды.
  • ЖОЖдордун диссертациялык кеңешмелеринде ИЛИМИЙ иштер жакталгандан кийин сый тамак берүүгө тыюу салынды.
  • 2014-жылдын январь-март айларында чарчап калган 533 ымыркайдын ичинен 102си ЖҮРӨК КЕМТИГИНЕН улам каза болгон.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aisanat
2014-06-16 18:32:25
Ооууу жождордо тамак даярдоо озунчо еле салт да. Мен гос берип атканда еки минден 2008 жылы болчу чогултканбыз . Ар бир екзаменге тамак суусундук баарын кафелерде уюштурганбыз. Бишкектен келген Гекти еми укмуш сыйлачык. Кафе андан сон сауна же курорт дегендей. Ал тургай кее бири кыз дагы жатканга талап кылат деп уккам. Бирок калп чынын билбейм.
0
Zarema94
2014-06-16 19:08:48
Чын эле сый тамакты т0кт0туш керек! Бул дагы паракорчулуктун бир туру...
0
kelechek.kg
2014-06-17 18:44:26
Улуттар биримдиги партиясындагы Жаныш Рустамбековбу
0
Aitunuk
2014-06-18 17:57:52
Мурда сый тамак менен бирге конверт берилчү эле, эми ал конвертке сый тамактын акчасы да кошулуп, бир топ "калыңдап" калыптыр да. "Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей кеп.
+1
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан