ФОРМАЧАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР. БУЛАР БАРЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУК АЗАЯБЫ?

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери чуулгандуу окуяларга белчесинен батып бүтмөй болду. Бул ирет Талас облусунун тургуну Калия Арабекова «мени үч сот аткаруучу зордуктап, кордоп, кыйнашты, бирок тиешелүү жазасын албай кутулуп кетишти» деп чыкты. Жогорудагы сот аткаруучулардын биринин судьянын мантиясын кийген сүрөттөрү интернетке чыгып кетти. Колдонуучулар «ишенген кожолор ушундай ишке барып жатышса... Карга карганын көзүн чокубайт болуп бул окуянын тынчып, жооптуулардын жазадан кутулуп кетишине жол бербөө керек» деген билдирүүлөрдү жазып жатышат.

ДЕГИ КАЧАН ТЫНЧЫЙТ?
Жыл, жарым жыл да дебейли, акыркы айлар ичиндеги укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан чуулгандуу окуяларга көз жүгүртүп көрөлү.
1. «Элдик жазалоо» деп атыккан окуя Нарын облусунун Жумгал райондук сотунда болуп өткөн. 2013-жылдын ноябрында «Кара-Кече» көмүр кенинде кезек берүүнү тескеп туруучу Айбек Мамбеталиев өлтүрүлүп, анын өлүмүнө шектүү катары кенден чыккан жаңжалды басуу үчүн келген ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Нарын ОИИБинин СОБР кызматкери Чыңгыз Баялиев кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн «Киши өлтүрүү» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголот.
Көп өтпөй «киши өлтүрүү» беренеси «Ден соолукка атайылап залал келтирүү» деген беренеге алмашат. Ал ортодо камакка алынган шектүүлөрдүн Жаңы жылды күзөт нөөмөтүндөгү кызматкерлер менен биргеликте кызуу тосушканын далилдеген сүрөттөр интернетке чыгып кетет. Мунун баары жакынын жоготуп, аза күтүп отурган тараптын кыжырдануусун жаратат.
20-февраль күнү Жумгал райондук сотунда бул окуяга байланыштуу ишти кароо башталып, Айбек Мамбеталиевдин жакындары темир тор артында отурган айыпталуучулар тарапка өрт коюшуп, ур-токмокко алышып, өз алдынча жазалоого өтүшөт. Бири күйүктөн жаракат алса, экинчисин укук коргоо кызматкерлери арачалап куткарып калышып, үчүнчүсү – Рустам Токтогуловдун сөөгүн үч айдан кийин ошол райондун Беш-Арал айылынын суусунан таап чыгышты.
2. Кийинки окуя кечээ жакында эле коомчулукка белгилүү болду. «Апа, үйгө кетким келет» деген Шахиданын окуясы. Үзүл-кесил дирилдей сүйлөгөн, ордунан тура албай, буту баспай калган Шахида Аманбаева тууралуу видео коомчулукту ыйлатпай койгон жок.
2010-жылдын апрелинде Рабига Жумабаева аттуу кыздын кыйнап өлтүрүлгөн жансыз денеси Токмок шаарында өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Анын өлүмүнө шектүү делинип, ошол эле шаардын 3 тургуну, анын ичинде 18 жаштагы Шахида Аманбаева да кармалган. Бирок сот тергөө иштерине канааттанбай, ишти бир нече ирет кайрадан тергөөгө жөнөтүп отуруп, ортодон 3 жылдан ашуун убакыт өтүп кетет.
Шахида Аманбаеванын апасы менен жактоочусу гезитибизге берген маегинде кыздын айыпты моюнга алган көрсөтмөсүн милиция кызматкерлери коркутуп-үркүтүү, зордук-зомбулук менен алышканын, ошол зомбулуктун айынан 18 жаштагы кыздын ден соолугу мышык ыйлагыдай абалга жеткенин айтып беришкен болчу. Ошондуктан да тергөө ынаным жаратпай, сот отуруму создуктурулуп келген. 3 жылдын ичинде сопсоо жаш кыз күнөөсү бар-жогу аныкталбай жатып, тилден калып, калтыраган денесин жөндөп башкара албай калган чекке жеткен.
3. Ал эми соңку Калия Арабекованын окуясы аягына чыга элек. Жогорудагы «элдик жазалоо» өлүм менен аяктап, экинчиси жаш кыздын майып болууга аз калганы менен бүтсө, «сот аткаруучулар зордукташты, кор кылышты» деген Калия Арабекованын арызына азырынча кимдер кулак салып, кимдер тиешелүү көңүл бурары белгисиз. Бул окуя тууралуу кененирээк гезитибиздин 12-бетинен окуй аласыздар.

РАДИКАЛДУУ РЕФОРМА КАЧАН БАШТАЛАТ?
Апрель окуясы болуп өткөндө президенттиктен куулган Курманбек Бакиевдин ордуна келген бийлик эмнелерди убада берген эле? Ошондо Грузиянын реформалары тууралуу узун кептер башталып, «Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдү кыскартып, атайын сынактын негизинде кайрадан МАИчилерди тандап алабыз. Укук коргоо органдары иштеген кызматкерлердин таза иштеп жатканын көрсөтүү үчүн Грузиядагыдай айнектен жасалган имараттарды курушубуз керек» деп чыгышкан. Ортодон төрт жыл өттү, ал кептин өзү мындай турсун, жели да байкалбайт.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр демекчи, пара алып жаткан жеринен кармалып калып, талаалап качканын да көрдүк, «жол эрежесин бузду» деп токтотулган айдоочуну чыркырап «атамды коё бергилечи» деп ыйлаган баласынын көзүнчө сабаганын да көрдүк, тескерисинче, МАИчилерден эч ким сестенбей калганбы же сый-урматы түгөнгөнбү, погондору жулуна, бычакталган, токмоктолгондорун да көрдүк.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, прокуратура кызматкерлери, сот, дегеле форма кийген мыйзам менен тартиптин сакчыларына карата коомчулуктун ишеними калган эмес, атүгүл аларга карата жек көрүү күндөн-күнгө күчөп бара жатат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kalbek87
2014-06-16 09:29:15
Ошол кылмыш жасаган кызматкерлер жалан чондордун балдары, же акча менен буткон билими жок акмактар.
+5
zezim2000
2014-06-16 12:15:30
супер инфо азыркы мезгилдин эн койголуу маселелерине ачык ,айкын туура , баа берипсиздер рахмат .азыр эл эч кимге ишенбейт,жанылык булактарын окуп жатып канчаалык чындыгы бар деп гана окуйсун.
0
Beko87
2014-06-17 05:04:32
zezim2000, менда сага кошулам.
0
Salimboy
2014-06-17 05:14:45
Ачык айкын жазыпсыздар супер инфо силерге Рахмат окунучтуусу чондор же ошолордун копкон балдары болуп атпайбы кара пайым Элди кандай кыйнаганы учун качан жооп берет бул бийлик????????
0
Taalaibek.
2014-06-17 06:07:47
Маичилер посторуна туруп тосмойунча коррупция болгону-болгон. Карап турсаныз, майчилер, кочонун каалаган жерлениде туруп тозо беришет. Бул корунуш мыйзамга да дал келбейт. Бекеринен эл айтпаса керек ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-06-17 10:59:03
Taalaibek. - 3 күнгө БАН!
1. Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан