Түрктөрдүн «Даңазалуу кылым» сериалында дарыгер, илимпоз, окумуштуу, султан Сулеймандын кеңешчиси, гарем башчысы Афифе хатундун баласы Яхья эфендини тааныйт чыгарсыз. Мына ошол ролду аткарган түрк актёру Хамди Алкан Кыргызстанда кино тартууну пландоодо. Бул тууралуу режиссёр Сүйүн Откеев: «Хамди Алкан Түркияда белгилүү режиссёр жана актёр, Кыргызстанда кино тартуу боюнча максаттары бар экенин айтып мага байланышка чыккан. Ал Кыргызстанга келип, биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, учурда тартууга керектүү жерлерди чогуу издеп жүрөбүз. Тартуу иши, буюрса, август айларында башталат, мен режиссёрдун жардамчысы болуп иштейм. Кино Европанын жана Түркиянын аудиториясына багытталган, тасмага кыргызстандык актёрлор да катышат. Мындан сырткары Түркиянын бир нече актёрлору менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө»,- деп билдирди.