– Кандайсыздар, «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты? Мен Нурмат Садыровдун ырларын сүйүп угам. Сүйүктүү ырчым тууралуу жакында эле каңырыш кеп угуп, ишене албай турам. Нурмат кыз зордуктоо боюнча айыпталып, учурда тергөө иши жүрүп жатканын уктум. Нурмат өзү да акыркы учурларда көп көрүнбөй кетти, себеби ушул иш эмеспи, өзүнөн билип бере аласыздарбы?
Нурмат Садыров:
– Кудай сактасын андай иштерден. Мен кичинекей бала эмесмин го, жакында 26га чыгам, кантип ошондой ишке барайын? Көрүнбөй калганымдын башка себептери бар. Ушул өңдүү же башка маселелерди деле сурап күйөрмандарым чала беришет. Мындай кептерге көңүл деле бурбайм.