Гүлзинат Суранчиева: “ЖОЛДОШУМДУ АЗЕРБАЙЖАН КЫЗДАРДАН ТАРТЫП АЛГАМ”

Гүлзинат Суранчиева азыркы жаштардын гана эмес, улуу муундун да сүйүктүү ырчысы. Кыргыздын желегин желбиретип ийгиликке жетишкендердин да катарын толуктайт. Баса, бул ырчынын жолдошу азербайжан. Азербайжан элинин келини, кыргыз калкынын жылдызы Гүлзинат сиздерге бүгүн сырын төгөт.

– Гүлзинат, чыгармачылы­гыңдагы акыркы жаңылыкта­рыңдан кеп салсаң...
– Чыгармачылык эргүү азыр менде толкуп-ташып турат. Башкача айтканда, учуп жүрөм. Жакшы адамдар менен жолуксаң, алардан таасир алат экенсиң. Ошондой таасирлерден улам “Сезим” деген ыр жаздырып салдым. Ал ырыма, буюрса, клип тарттырганы жатам.
– Ырларыңдын обонун, сөзүн өзүң жазууга аракет кылып көрдүңбү?
– Ырларымдын сөзүн да, обонун да сатып алам. Мисалы, жогоруда аты аталган ырыма 600 доллар кетти. Текст жазууга такыр шыгым жок. Аракет кылсам обон жаратсам керек. Анткени менде музыкалык билим бар да.
– “Кош жылдыз” долбоорунда Мелис Эшимканов менен ырдаганыңдан кийин эл ичинде “экөөнүн мамилеси ысык” деген сөздөр чыкты го...
– О кокуй, мындай да сөздөр чыкты беле? КТРден “чогулуш болгону жатат, келип кал” деп телефон чалышты. Барсам, «Мелис Эшимканов экөөңөр чогуу ырдайсыңар» деп тизмени көрсөтүштү. Андан соң кайсы ырды тандоону сүйлөштүк да, ишке кириштик. Андан башка Мелис байке экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок.
– Кечинде үйүңө телефон чалсам, “өзү келгенде байланышат” дешкен. Саат 23:30да чалдың окшойт мага. Кеч келгениңде жолдошуң кызганып урушпайбы?
– Кечээ жолдошум экөөбүз чогуу тойго барганбыз. Өзүм жалгыз барганымда дайыма телефон менен байланышып, дайынымды айтып турам. Антпесем сарсанаа болот. Кечиккенимде, анын көзүнчө бирөө мактап койсо сөзсүз кызганат. Анан мен эл көзүндөгү адаммын, мындай көрүнүш ырчыларда боло берет деп түшүндүрөм. Мен деле аны укмуш кызганам. Жолдошум өзү менен чогуу иштеген бир жигит менен кыйышпас дос эле. Үйгө келген курбум ошол досун “көрүнгөн кыз менен жүрөт” деп жамандап калды. Айтымында, жолдошум машинасы менен аны кыздарга алып барчу экен. Оюмдун баары жамандыкка кетип, жүрөгүм лакылдап чыкты. Жакшы достордон болушса, тиги «кыздарга барам» десе, анан жанында жүргөн күйөөм кантип куру калмак эле деген ойго келдим. Алты айлык боюмда бар. Курбум экөөбүз күйөөмдү досу менен аңдымай болдук. Досуна телефон чалып, жолугушууга чакырдык. Такси менен барсак, жолукчу жерде жалгыз туруптур. Таксиден түшкөн жокпуз. Жарым саат тамеки чегип бизди күтүп турду да, машинага түшүп кетти. Артынан жөнөдүк. Ал жумушуна барды. Сыртта жолдошум туруптур. Мага жолдошум кыздарды алып келсе анан чогуу кетели деп күтүп тургандай сезилди. Машинадан түшө калып кой-айга келбей чаң-будуң чыгардым. Ралис менин айымдан ошентип досунан айрылган эле.
– Үйдө казан-аякты ким көбү­рөөк кагыштырат?
– Мен болсом керек. Анткени жолдошум токтоо. Казан-аяк кагыштыргым келсе, үнүмдү бийик чыгарып кыйкырып калам. Канчалык кыйкырбайын, Ралис мени өзүнө келсин дейби, айтор, бир да каяша айтпайт. Анан “малышка”, “кролик”, “моя сумасшедшая” деп эркелетип, таарынычымды жазат. Көпкө таарынсам, башка кыздарга кетип калабы деп корком. Негизи, Ралиске орус улутундагы кыздар көп тийишет. Эгер мен аны таарынтып алсам, бетинен өпкүлөп, кытыгылап жазып алам.
– Орус кыздардын сугун арттырган мындай токтоо күйөөнү кайдан тапкансың?
– “Шантел” тобу менен ресторанда иштечүмүн. Бир жолу тамактанып отургандардын арасынан бирөө төрт сааттан ашык менден көзүн албай отуруп алды. Сезип турганым менен, ачык карай алган жокмун. Акыры эмне эле карайт деп жиним келип жалт карасам, бир хачик экен. Анан гүлдесте, шоколад берип жибере баштады. Бул эмне болгон жигит же келип таанышпайт деп корко баштадым. Ошентип, төрт ай гүл берди. Акыры тааныштык. Жолугушчу убакытты башка улут деп коркуп, түшкү тамактануу маалына белгиледим. Биринчи жолукканда эле сүйүүсүн билдирди. Катуу таң калганым менен, ичимден кубанып алдым. Анткени Ралисти мен да жактырып калган элем. Эки жыл дос болуп жүрүп баш коштук.
– Экөөңөрдүн баш кошушу­ңарга сен тарап да, жолдошуң жак да каршы болгондур...
– Ооба, эки тарап тең каршы болушту. Бирок улут, ортодогу жаш, менталитеттин бардыгы адамдын өзүнөн көз каранды экен. Жолдошум үч бир туугандын улуусу. Казакстандын Кордай шаарчасынан болот. Мектепти аяктагандан кийин ИИМдин академиясына окуганы Бишкекке келген экен. Бирок окуусун аягына чыгарбай, Улуттук университеттин юридикалык факультетине которулуп алыптыр. Ралис кыздар суктана турган жигиттерден. Азербайжандардын салты боюнча кыз менен жигит сүйүшүп үйлөнүшпөйт. Ата-энелери эле кудалап үйлөнтүп коюшат. Жолдошумдун ата-энеси айылдын кадыр-барктуу адамдары болгондуктанбы, айтор, куда болгусу келгендер аябай көп экен. Ал гана эмес, кудалап да коюшуптур. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү Ралистин достору айтып барышса керек. Бир күнү эле бир кыз телефон чалды. Сүйлөгөнүнөн эле азербайжан экенин билдим. “Сен жиндисиң. Азербайжан жигиттер эч качан башка улуттун кызын алышпайт. Болочоктогу жубайы менмин. Сен талаада каласың”,- деп кыйкырып кирди. Мен болсо көрөбүз, кимибиз талаада каларды деп трубканы коюп салдым. Андан кийин дагы бирөөсү “Ралис мени алат” деп чалды. Ушундай тоскоолдуктарга карабай, мага үйлөндү. Кыскасы, Ралисти азербайжан кыздардан тартып алгам. Канчалаган жаштар ата-энесинин тилинен чыга албай, сүйгөн адамына жетпей калып жатышат. Мен жолдошумдун туруктуулугун, өз тагдырын өзү чече билгендигин сыйлайм.
– Калың бериштиби?
– Эки жак тең каршы болуп жаткандан кийин өзүбүзчө эле Бишкекте үйлөнөбүз деп чечтик. Баш кошордун алдында жолдошумдун ата-энеси, менин туугандарым жолугушту. Апам: “Биздин салт боюнча калың беришиңер керек. Мен кызыма сеп берем”,- деди. Алар калың катары 1000 доллар, андан сырткары, бир бодо малдын акчасын беришти. Апам сеп берди. Кайын журтума барып той кылган жокпуз. Ошол боюнча борбордо жашап келатабыз.
– Кудалар тил табышып эле кетиштиби?
– Тойдо боорду эзген бир көрүнүш болгон. Эки улуттан ырчы жалдаганбыз. Кыргызча музыка чыкса менин туугандарым бийге чыгышат да, Ралистики ооздорун ачып карап отурушат. Азербайжандын музыкасы чыкса Ралистики чыгат, меники карап отурат. Ошого аябай күлгөм. Апам Ысык-Көлдө турат да. Меникине келгенде “кой, кудагыйга барып учурашып келейин” деп барбайт. Бирок жамандык-жакшылыкта катташып турушат.
– Кайын жур­туңа барганда жоо­лук салынасыңбы?
– Алардын салты боюнча келин дайыма жоолук салынып жүрөт, шым кийбейт. Туулган күн же той болуп калганда эле барбасак, кайын журтка көп деле барбайбыз. Биякта кандай жүрсөм, ошондой эле бара берем. Жанталашып оокат деле кылбайм. Идиш-аягын жууп коём да, коноктой болуп отура берем. Түнөбөй эле келе бергендиктен, көп оокат кылганга деле жетишпейм. Башка улуттан болгон үчүнбү, мени жумшап, башкара алышпайт.
– Кызың канчага чыгып калды? “Кызы биринчи күйөөсүнөн экен” деген сөздөр чынбы?
– Ушундай да сөз барбы, ээ? Ралис менин биринчи эле турмушум. Кызым ошондон. Рузана алтыда. Казакстанда сулуу, кыйын Рузана деген журналист бар экен. Ошонун атынан жолдошум койгон. Өңү атасына окшош болгону менен, тили кыргыз. Апасы кайсы тилде көбүрөөк сүйлөсө, бала да ошол тилде сүйлөйт окшойт. “Атам кыргызча билбейт” дей берет. Ралис кыргызча түшүнөт, бирок сүйлөй албайт.
– Кызыңдын баскан-турганын, кылык-жоругун көргөн апаң сенин кичине кезиңе окшоштурбайбы?
– Апам үйгө келген сайын “сен да кичине кезиңде ушундай болчусуң” дей берет. Балалыгым жөнүндө айтсам, алты жашыма чейин Каракол шаарында өстүм. Анан борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке келип кирдим. Ошол учурда атам оорудан каза болуп калды. Апам үч баласын канаттууга кактырбай жакшы тарбиялап чоңойтту. Бизди ушундай деңгээлге жеткирген апама миң ирет ыраазымын. Мен он алтыга чыкканда турмушка чыгып, кырк эки жашында кичүү сиңдимди төрөдү.
– Жакшы экен. Гүлзинат, маегиңе рахмат. Дайыма элиңдин сүйүктүү ырчысы болуп жүрө бер.

Кыскача...

  • Гүлзинат Каракол шаарында 1978-жылы туулган.
  • Төрт бир туугандын үчүнчүсү.
  • Ырчынын чоң энеси кошокчу, таенеси сөзмөр адамдар болгон.
  • Учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, Шубин атындагы музыкалык орто мектебинде сабак берет.
  • Кайненеси азербайжан элинин салты боюнча алтын жасалгалардын топтомун сатып берген.
  • Жолдошу милициянын лейтенанты. Андан сырткары, чакан бизнес менен алектенет.

Жылмайып коюңуз!

Журналист Гүлзинаттан:
– Кандай жигиттер жагат?
– Сулуу, ак көңүл, берешен, азербайжан.
– Эмнеге азербайжан?
– Анткени алар түктүү да...

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erkem
2009-11-08 11:36:39
туктуу кыргыздарда жок эмес хе-хе
+1
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан