ФУТБОЛ МАЙРАМЫ НТС КАНАЛЫ МЕНЕН!

Кыргызстандыктар Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукту НТС каналынан көрө алышат. 20-ирет болуп жаткан мундиалды көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр бир жылга созулуп, жыйынтыгында НТС каналы 64 оюнду толугу менен көрсөтүүгө укук алды. Алардын 56сы түз эфирде болмокчу. Оюндар бүт өлкөгө кыргыз жана орус тилдеринде баяндалып, көрүүчүлөр «Бразилия-2014» футбол майрамынын шаанисин сезе алышат. Бул оюндарды элге кызыктуу баяндап берчү адамдардын бири НТС каналынын алып баруучусу ЖОЛДОШ ИСАКОВ болмокчу.

– Алгач эле жагымдуу кабардан баштасак, кыргызстандыктар футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун НТС каналынан көрө алышмай болду. Муну ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер көрүлдү?
– НТС каналы экинчи жолу чоң футболду көрсөтүүгө укук алды. Биринчиси эсиңерде болуш керек, 2012-жылы Польша жана Украинада өткөн Европа чемпиондугун көрсөткөнбүз. Эми быйыл биздин канал «Бразилия-2014» оюндарын көрсөтүүгө эксклюзивдүү укук алды. Бул футбол темасы өткөн жылы эле эң негизги пландарыбыздын бири болчу. Муну ишке ашыруу үчүн бир жылдай сүйлөшүүлөр болду. Айрыкча акыркы жарым жыл ичинде иштер күчөтүлгөн таризде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында НТС каналынын мыкты менеджерлик иш алып баруусунан улам бүткүл өлкөбүзгө 4 жылда бир келчү футбол майрамын тартуулоо боюнча келишим түзүлүп, кыргызстандыктар «Бразилия-2014түн» бардык оюндарын биздин каналдан көрө алышат.

– Мындай иш-чарага көп каражат сарпталат болуш керек?
– Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара болуп жаткандан кийин, албетте, аз эмес каражат талап кылынат. Бирок так суммасын келишим боюнча айтууга укугубуз жок. Эгер биз миллиарддаган күйөрмандардын башын бириктирген футбол боюнча Дүйнө биринчилигин кыргызстандыктарга да түз жана сапаттуу көрсөтө алсак, биздин эң негизги жетишкендигибиз ошол.

– Сиздердин каналда футбол менен эле чектелбей, бул оюнга байланыштуу кызыктуу көрсөтүүлөр дагы берилеби?
– Ооба, 12-июндан тарта биздин каналда «Бразилия түнү» («Бразильская ночь») аттуу көрсөтүү эфирге чыга баштайт. Командалар тууралуу кызыктуу жаңылыктар, Бразилиядан акыркы маалыматтар жана көрүүчүлөр менен ар түрдүү викторина, оюндар өткөрүлөт. Көрсөтүү ар күнү оюн астында болуп турат. Аны өткөрүп жибербеңиздер.

– Бул оюндарда кимдер комментатор болот?
– Оюндарга эки тилде баяндоо жүргүзүлөт. Мен орус тилинде баяндоолорду алып барам. Ал эми кыргыз тилиндеги комментаторлукту жаңы жүздөр аркалашат. Эң биринчи комментаторлук дуэт – мени менен экс кесиптешим Азиз Атаканов болобуз.

– Жаңы жүздөр демекчи, аларга атайын сынактар өткөрүлдүбү же атайын адистер чакырылабы?
– Ооба, сынак дагы деле жүрүп жатат, каалоочуларга дагы деле эшигибиз ачык. Күн сайын бир канча талапкерлерди сыноодон өткөрүп жатабыз. Азырынча тандалгандардан эки топ түзүлдү.

– Сынак кандай таризде өтүп жатат? Мисалы, мен футболду мыкты билем десем аша чаап кетем, бирок футболдун күнгөй-тескейин билем. Мен сиздердин телеканалга комментатор боло аламбы?
– Сынактын эң башкы критерийи – футболду сүйүү керек. Экинчиден, орус же кыргыз тилинде так жана ишенимдүү сүйлөй алуу. Эгерде сиз ушул талаптарга жооп берсеңиз, анда сизге биздин эшик ачык. Комментатор башкысы футболду түшүнүп, элге маалыматты так жана туура жеткирип турушу шарт.

– Комментатор бир командага күйөрмандык кылабы же?..
– Комментатор бир командага күйөрмандык кылбайт. Эгерде ал эфирде болуп жаткан оюндагы бир командага жан тартса, эң жакшысы, ал оюнду баяндоодон баш тартышы керек. Комментатор талаадагы калыс сыяктуу. Мисалы, Испания менен Орусия ойноп жатса, ал үчүн оюнда кызыл түстөгү жана ак түстөгү командалар гана ойноп жатат.

– Кепти өзүңүзгө бурсак. Акыркы убакта сизди кикбокс, бокс мелдештерин баяндап келгениңизди билебиз. Футболду качантан бери баяндап баштадыңыз эле?
– Туура, мен акыркы жылдары эрежесиз мушташ, MMA, K-1 жана кикбоксингди баяндап келем. Футболго алгач айтып өткөндөй эле EURO-2012де комментаторлук кылгам. Чемпиондор Лигасынын оюндарында да иштегем. Кантсе да кичине тажрыйбам бар, ошондуктан көп кыйынчылыктар болбойт деп ойлойм.

– Өзүңүз футболго кызыгасызбы?
– Футболду бала кезден эле жакшы көрөм. Бирок олуттуу түрдө машыккан эмесмин. Достор менен чогулуп ойноп турабыз.

– Бул суроону сизге бербей коюу мүмкүн эмес, «Бразилия-2014тө» ким чемпион аталат деп ойлойсуз жана эмне себептен? Сиздин пикир...
– Бразилия курама командасы чемпион болот го. Алар өз үйүндө ойноп жатышат. Курама командада бирдей мыкты футболчулар чогулган. Машыктыруучусу да тажрыйбалуу Сколари. Бирок мен башка команданын күйөрманымын. Айтпайм, кимге экенин.
Акырында НТСтин жалпы жамааты кыргызстандык футбол күйөрмандарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп айта кетким келет.

– Маегиңизге рахмат!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jigit.paren
2014-06-16 21:21:42
баарынан да ктркда иштеген "Арыбаныздар урматтуу футбол суйуучулору" деп баштаган айтылуу Кубан Атабеков коментатор болсо мыкты болоор эле.
+1
jazyl
2014-06-17 23:20:51
Kachestvo 0
0
№ 606, 13-июнь-19-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан