Кезектеги маектешимди сиздер «Талас-Бишкек», «Соолуган карек», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-3» тасмаларындагы ролдорунан, Аскат Мусабековдун «Аруузатым» аттуу ырынын клибиндеги образынан соң тааныйсыздар. Бул актриса Бегимай Туратбекова. Ал тасма, жеке жашоосу жана максаттары тууралуу кеп салды.
– Бегимай, сизди тасма айдыңынан көп көрбөй калдык, буга эмне себеп болууда?
– Тасмага тартылууга көп эле сунуштар түшөт. Бирок азыркы тасмалардын көбүнчөсүндө ачык кадрлар болот. Ошондуктан көбүнөн баш тартам. Анын үстүнө чакан бизнес ачып алгам. Жумуштан кол бошобойт. Кызым дагы чоңоюп калды. Ага көп убактымды коротом. Кызым менин келечегим болгон соң анын сапаттуу билим алышы менин колумда эмеспи. Өзү аябай чыйрак кыз, ошонун энергиясын туура нукка буруп, татыктуу тарбия берип чоңойтууну милдетим деп билем.
– Кызыңыз канча жашка чыгып калды?
– Азыр 6 жашта. Бир жылдан кийин мектеп босогосун аттаганы турабыз. Өзү да аябай окугусу келип жатат.
– Жаш, жалгыз бой эне болуу оор болсо керек?
– Кудайга шүгүр, ата-энем дайыма жардамдашып турушат.
– «Ачык кадрлар коштогон тасмаларга тартылбайм» дедиңиз. Бирок актриса болгон соң кандай роль болбосун аткаруу керек деп коюшчу эле...
– Тасмага тартылуудан мурун өзүмдүн кызымды ойлойм. Себеби мен тартылган тасманы көрүп ал чоңоюп жатпайбы. Элестетиңиз, менден үлгү алчу кызым, сиңдилерим мен тасмада өбүшүп, кучакташып жүрсөм кандай ойдо калышат? Мен жаш кыздарга жаман таасир калтыргым келбейт.
– Алгачкы жолу тартылган тасмаңыз эсиңиздеби?
–2009-жылы режиссёр Бакыт Карагуловдун «Зардалы» аттуу тасмасына тартылгам. Бирок ал тасма алигиче тартылып бүтө элек. Буюрса, толугу менен аягына чыгабыз деп ойлойм.
– Кызым, жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп калган жоксузбу? Сиздей кара көзгө ашык болгон мырзалар жок десеңиз ишенбейм...
– Көчөдө баратканда тасмалардан көрүп таанып калган мырзалар көп тийишишет. Таанышкысы келгендерден көбүнчө «жолдошум бар» деп кутулам. Звонок кылгандары бар, андайда номеримди алмаштырып салам.
Күйөрман болобу же башкабы, белектерин такыр алып көргөн эмесмин. Эсимде, 2 жыл мурун эшигимдин астына бирөө көп роза гүлүн таштап кеткен экен, ошондо гана сүйүнүп үйгө алып кирип койгом.
– Кантсе да аялзатынын бакыты үй-бүлө дешет эмеспи. Дегеним, турмуш куруу оюңузда барбы?
– Азырынча жок. Себеби биринчи турмушум бузулуп, көңүлүм калган. Ошондуктан жашоонун татаалдыгын түшүнүп, бир чечимге келерден мурун көпкө ойлонуп, анан бир тыянакка келем. Кызым чоңоюп, акылына кире берсинчи. Эгерде учуру келип, ал мага турмуш курууга уруксатын берсе көрө жатарбыз. Ага чейин жаңы мамиле түзүү ниетим жок.
– Кызыңыздын атасы менен катташып турасызбы?
– Жок, сүйлөшпөйм, кызым деле катташпайт. Кайын эне, кайын атамдар аябай жакшы кишилер болчу. Мен да аларды азыркыга чейин сыйлайм, жакшы көрөм. Болгону, жолдошум экөөбүздүн ортобузда эле түшүнбөстүк болуп кетти. Демек, бешенебизге жазганы ушундай экен.
– Жакынкы күндөргө койгон пландарыңыз кандай?
– Буюрса, тоого чыгып, ата-энем, кызым менен бээнин сүтүн ичип келсемби деп жүрөм. Жайы бою ден соолугумду чыңдап алган соң күзүндө тасмаларга тартылып баштайм. Туугандарым мени тасмалардан көргөндө «биздин кыз» деп аябай сыймыктанышат. Ошондуктан актрисалыкты таштабайм деген ойдомун. Азыр бир режиссёрдон сунуш түшкөн, сценарийди окуп чыктым, мага жакты. Күз айларында тартуу иштери башталат. Бирок фильмге али ат тандала элек.
– Маегиңизге ыраазычылык.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg