Продюсер Нурлан Мамакеев жакындан бери кино тармагына аралашып, комедия жанрындагы тасмаларды тартып калганын билебиз. Кинопродюсер жана режиссёр бүгүн биз менен кино жаатындагы оош-кыйыштар менен ой бөлүштү.
– Кандайсыз, Нурлан байке? Качантан бери кино тартуу менен алектенип жүрөсүз?
– Саламатсыздарбы, негизи, кино тармагына акыркы жарым жылдан бери эле аралашып, алектенип жүрөм. Бирок ага чейин «Большие люди» долбоорун, «Общага» телесериалын, казактардын «Алга жастар» берүүсүн тартканбыз. Андыктан бизде тажрыйба бар.
– Негизи, комедия жанрындагы тасма тартуу оңойбу?
– Киножанрлардын ичинен комедияны тартуу эң кыйын. Элди ыйлатуу, кайгыртуу, жүрөгүн түшүрүп коркутуу оңой, бирок күлдүрүш кыйын. Биз юморду жакшы түшүнгөн мыкты КВНчи жигиттер менен команда түзүп иштегенибиз үчүн тасмалар мыкты чыгып жатат деп ойлойм.
– Тасмаларыңызда «тамашоучу» жигиттер менен тыгыз байланышта иштеп жатканыңызды байкадык. Алар менен кантип табышып калдыңыз?
– «Тамашоучулардан» «Ак-Өргө city» командасы менен эле иштешем. Мен өзүм Ак-Өргөдө жашайм. Тартуу тобундагы техникалык кызматкерлер, монтажёр, операторлор да Ак-Өргө конушунда турушат. Байкасак, баарыбыз эле ошол конушта жашайт экенбиз. Кыскасы, баарыбызды Ак-Өргө бириктирди десем болот.
– Жаңы тасмалар кошулган сайын кыргыз киносу жаңы жүздөр менен толукталып жатат. Тасмага актёрлорду кандай критерийлер менен тандап аласыз?
– Кастинг өткөрүп, таланттуу улан-кыздарды ролго ылайыктап тандап алабыз. Укмуш профессионал же өтө таланттуу болуш керек деген деле талап койбойбуз. Болгону шыгы, аракети, жөндөмү болсо, өзүбүз тарбиялап алганга күчүбүз жетет.
– Жарым жылда төрт тасманы жарыкка чыгарганга жетишипсиз. Арасында сатыктан өзүн актабай калгандары болдубу?
– Сатыктан өзүн актабай калган учурлар сөзсүз болот. Бирок акыркы тартылган тасмаларда андай болгон жок, кеч болсо да өзүн актап жатты.
Өткөн жылдын октябрь айында тартылып баштаган «До+Фа -2» комедиясы жана «Большие люди. Жол инклюзив» тасмасына продюсерлик, андан кийин «Пентхаус», «Браво» комедияларына режиссёрлук кылгам. Төртөө тең Кудайга шүгүр, ийгиликтүү болду. Эми укмуш тасма тарттым деп айта албайм, ал жагын эл айтсын.
– Учурда эмне үчүн комедия жанрындагы тасмаларга талап көп болуп жатат деп ойлойсуз?
– Анткени эл башкаларынан тажады. Мелодрама көрүп ыйлап же боевик көрүп корккондо эс албайсың. Ал эми жагымдуу маанай, позитив тартуулаган тасмадан жеңилдеп, көңүлүң көтөрүлүп, мыкты маанайда чыгасың. Жумуштан чарчап келгенде ушул нерсе жетишпей калат эмеспи адамдарга.
– Алдыда дагы кандай ишке ашырчу пландарыңыз бар?
– Биз кышында кино тартып көргөнгө, бул иш аябай түйшүктүү экенин билебиз. Анан шаар да боз көрүнүп, камерага кооз көрүнө бербейт. Ал эми жайында шаар көркүнө чыгып, жапжашыл болуп калат эмеспи. Мына ошону эске алып, ушул жайда жалаң кино тартуу менен алектенели деп жатабыз. Буюрса, төрт тасманы тартууну пландап жатабыз. «Мен сени сүйөм, Ош», «Султан Сулейман», «Үч лимон» жана «Пентхаус-2ни» же «Браво-2ни» тартабыз. Буюрса, аталган тасмалар күз айларында сатыкка чыгып калат.
Лунара Бекиева
star@super.kg