Кыргызстандын табияты кайталангыс кооз. Бирок Жараткан нефти, газ өңдүү байлыктардан да кичине устукан тартуулап койсо жакшы болор беле? Айтор, Өзбекстан газ маселеси менен бизди кыйнап бүтмөй болду.
ГАЗДЫ ЧЕКТӨӨ ЖЕ КОШУНАЛАРДЫН КЫСЫМЫ
Кыргызстан көгүлтүр отундун 98 пайыздан ашуунун Өзбекстандан сатып алат. Өзбек туугандарга газ үчүн карызы 2009-жылдын 1-июлуна карата 18 миллион долларды түзгөн. Карыз төлөнбөгөнү үчүн 2009-жылдын 22-сентябрынан тартып өзбек тарап газ берүүнү чектей баштады. 24-сентябрда түштүк аймактагы газды толугу менен жаап, түндүк тараптыкын 30 пайызга кыскарткан.
6 МИЛЛИОН КАРЫЗ ЖАБЫЛДЫ
Жогорудагы себептерден улам “Кыргызгаздын” жетекчилиги Ташкентке барып, “Узтрансгаз” акционердик коомунун жетекчилиги менен сүйлөшүп келген. Бирок алар карызды төлөө мөөнөтүн узартып берүүдөн баш тартып коюшкан. Мурунку макулдашуу боюнча Кыргызстан карызын 1-октябрга карата жабышы керек болчу. Болбосо, Өзбекстан газ берүүнү толугу менен токтотушу мүмкүн эле.
Ошентип, Кыргызстан жакында 18 миллион доллар карыздын 6,3 миллионун (алгач 4,6 миллион, 2-ирет 1,7 миллионун) төлөп берди. 2009-жыл үчүн “Кыргызгаз” Өзбекстан менен 650 миллион м3 газ алуу боюнча макулдашышкан. Бирок бизде көптөгөн ишканалар иштебегендиктен, жыл аягына чейин 400 миллион м3 гана колдонулат деп күтүлүүдө.
ЭЛ ГАЗ ҮЧҮН 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗ. КАЛГАНЫЧЫ?
18 миллион доллардын ичинен калктын карызы 5 миллион доллар.Эми «калган 13 миллион долларлык газдын эсеби кайда?» деген суроо жаралат. Бул жаатында “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев мындай маалымат берди:
– Кыргызстан жылына 600-700 миллион м3 газ алат. Бирок газ түтүктөрүндөгү жоготуулардын көлөмү жыл сайын 12-13 пайызга жетет. Ошондо бизге, мисалы, 750 миллион м3 газ келсе, 100 миллион м3 жоголот. Бул техникалык (түтүктөрдүн көбүнүн колдонуу мөөнөтү бүткөн. Капиталдык оңдоо-түзөөлөрдү жана алмаштырууну талап кылгандары да көп) жана эсептеги жоготуулар. Анын ичинде уурдагандар да бар. Кандай болгон күндө да, карызды “Кыргызгаз” төлөшү керек. Газ уурдагандар кармалып да, жазага тартылып да жатат.
КАЗАКТАРГА ДА ГАЗ ҮЧҮН КАРЫЗПЫЗ...
“Кыргызстан Казакстандын “Казтрансгаз” компаниясына 20 миллион доллар карыз. Казактар Өзбекстандан алган газы үчүн 1000 м3 газга 84 доллардан төлөйт да, эмне үчүн Кыргызстан ушундай эле көлөмгө 240 доллардан төлөйт?” деген суроого жооп алуу максатында “Кыргызгаздын” жетекчисинин 1-орун басары Мырзаканов Кубанга кайрылдык. Ал төмөнкүчө жооп берди:
– Кыргызстандын “Казтрансгазга” 16,7 миллион карызы бар. Ал газды 2004–2005-жылдары Бишкектеги ТЭЦ колдонгон. Бирок акысы төлөнбөй калып кеткен. Сүйлөшүүлөр боюнча ал карыз да четинен төлөнүүдө.
Ал эми “казактар эмне үчүн 84 доллардан төлөйт?” дегенге мындай жооп берет элем. Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда газ алмашуу бар. Мисалы, Өзбекстан Казакстанга жакын жайгашкан аймактарына газды өзүнөн эмес, Казакстандан алып берет. Казакстан да ошентет. Натыйжада, төлөм жеңил түшөт.
ОРУС ТУУГАНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
“Кыргызгаз” менен Орусиянын “Газпромунун” ортосунда кызматташуу маселелери каралган. Түзүлгөн план боюнча “Газпром” буга чейин “Кыргызгазды” сатып алып иштетмек болгон. Бирок иш токтоп турат. Буга Мырзаканов Кубан мырза мындайча жооп берет:
– “Газпромдон” тиешелүү адамдар бизге келип 1 ай жүрүп, баарын текшерип, байкап көрүшкөн. “Кыргызгаз” да өз баасын айткан. Анан “Газпром” дүйнөлүк деңгээлдеги көз карандысыз “Делой и Туш” фирмасынын эксперттерине бааны аныктап берүү максатында кайрылган. Эми ошолордун жыйынтыгы, анан “Газпромдун” чечими чыкса, иш ордунан жылат деп турабыз.
КЫРГЫЗСТАНДА ГАЗ ӨНДҮРҮЛӨБҮ?
Учурда Кыргызстандагы газ скважиналарынын саны – 38. Булардын 11и иштесе, иштебей турганы – 27. Булар, негизинен, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан. Жыл сайын 25-30 миллион м3 газ өндүрүлүп, республиканын ички керектөөлөрүнө жумшалат.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Маалыматка караганда, өлкөдөгү калктын 2 миллион 70 миңдейи жакыр. 800 миңдей адам пенсия менен гана жан сактайт. Бир жактан маал-маалы менен өчкөн светке кошо газ, көмүр кымбаттап барат. Ушундан улам быйыл деле калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү кыштан өлбө, жаным, өлбө деп чыга турганы анык. “Жашоонун улам оордоп барышына ким күнөөлүү?” деген суроо жаралат. Элби? Өкмөтпү?..
КЫРГЫЗСТАНГА ГАЗ КАЧАН КЕЛГЕН?
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg