РОУМИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Чет өлкөгө чыккан учурда ал жактан атайын жаңы номер алуу убаракерчилигинен куткарган кызмат – бул роуминг. Башка мамлекеттерге ар кандай себеп менен чыккан кыргызстандыктардын саны жыл санап өсүп, аны менен катар аталган кызматты колдонгондор да көбөйүүдө. Саякатка чыгардан мурда роуминг кызматын коштуруу үчүн абонент эмне кылуусу керек жана эмнелерди билип алуусу зарыл? Алгачкы жолу бул кызматты пайдаланам деген жарандарга пайдасы тиет деген үмүттө суроолорго жооп алуу үчүн абоненттеринин саны арбын Mегаком уюлдук операторуна кайрылып, роуминг кызматы жөнүндө маалымат алдык.

РОУМИНГ ТУУРАЛУУ
«Роуминг» сөзү англисче «жер кезүү» деген түшүнүктөн алынып, «дайыма байланышта болуу» дегенди билдирет. Башкача айтканда, Meгакомдун абоненти чет өлкөгө барса, ал өлкөдөн жаңы номер алып отурбай өз номеринен чалууларды аткарып, билдирүүлөрдү жөнөтүп, кабыл алуу менен байланышта боло алат.

MEГАКОМ АБОНЕНТТЕРГЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮҮДӨ
Бүгүнкү күндө Mегаком компаниясы роуминг кызматы боюнча дүйнөнүн 177 өлкөсүндөгү 200дөн ашык уюлдук операторлор менен биргеликте иш алып барат. Кызматты пайдалануу үчүн башка мамлекетке чыгар алдында абонент кардарларды тейлөө борборлорунун бирине кайрылуусу зарыл. Кызматты коштуруу үчүн сизден болгону паспорт жана өзүңүзгө катталган номериңиз талап кылынат. Эгер номериңизди каттата элек болсоңуз, анда компаниянын адиси менен келишим түзүүңүз керек. Мына ушул учурда роуминг кызматы жана анын тарифи менен кененирээк тааныша аласыз.
Адистер сиздин телефонуңузду текшерип, бара турган мамлекетте ал иштейби-жокпу айтып беришет. Себеби айрым телефондор үлгүсүнө жараша кээ бир өлкөдө иштебей калышы ыктымал. Ошондой эле бара турган мамлекеттеги кайсы уюлдук операторду тандап алуу керек, алардын тизмесин телефонумдан кантип көрө алам деген суроолор боюнча жана байланыш баалары боюнча маалыматтарды алууга кеңештерин беришет. Кызматтын эрежеси менен толук таанышкан соң кызматты кошуу тууралуу арыз жазасыз. Ушул жана башка көптөгөн суроолорго жоопту Mегакомдун кардарларды тейлөө борборлорунун бирине кайрылып, адистерден жана Mегакомдун www.megacom.kg расмий сайтындагы «Роуминг» бөлүмүнөн алууга болот.

РАУШАН БЕЛЕКОВА, Mегаком компаниясынын «Роуминг» бөлүмүнүн жетекчиси:
– Кардарларыбыздын каалоо-сунуштарын эске алуу менен байланыштын сапатын жакшыртып, ыңгайлуу наркты сунуштоо максатында ар дайым изденип, талыкпай эмгектенүүдөбүз. Эң башкысы роуминг кызматы биздин абоненттерибиз чет өлкөгө саякаттоо учурунда Mегаком номери аркылуу үзгүлтүксүз байланышта болууга шарт түзүп берет. Бүгүнкү күндө Mегаком компаниясы эл аралык роумингдин төмөндөгү түрлөрүн сунуштайт:

 

 

  • Кийин төлөнүүчү роуминг
  • GPRS (/3G) роуминг
  • Алдын ала төлөнүүчү роуминг

«КИЙИН ТӨЛӨНҮҮЧҮ РОУМИНГ» ЖАНА «GPRS (3G) РОУМИНГ»
«Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «GPRS роуминг» кызматтарына кошулуу үчүн абонент уюлдук оператор менен сөзсүз түрдө келишим түзүүсү зарыл. Кызматтарга кошулуу үчүн балансыңызда 3800 сом болушу шарт жана аталган каражатты абонент роумингди колдонууда байланыш кызматы үчүн керектейт.

«АЛДЫН АЛА ТӨЛӨНҮҮЧҮ РОУМИНГ»
Абоненттердин көптөн күткөн тилегин ишке ашырып, компания «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматын сунуштап келет. Бул кызмат кыргызстандыктар эң көп каттаган Орусия, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Түркия, БАЭ, Италия, Австрия жана Германия өңдүү өлкөлөрдө жеткиликтүү. Бул мамлекеттерде жүргөн учурда Mегакомдун абоненти каалаган мамлекетке жана Кыргызстанга телефон чалууну аткара алат. «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кардарлардын баарына бекер кошулган. Абонент чет өлкөгө чыкканда СМС-билдирүү келет жана кызматты колдонуу же андан баш тартып өчүрүп салууну абонент өзү чечет. Эгер абонент «Алдын ала төлөнүүчү роумингге» автоматтык түрдө кошулууну кааласа, чет жерге чыгып жатканда балансында болгону 200 сом болушу керек. Роумингдеги чалуулар же СМС-билдирүүлөр онлайн режиминде тарифтелет.
Mегакомдун абоненти коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймакта болгон учурда, телефонго «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматына кошулуу боюнча СМС-билдирүү келиши мүмкүн. Бул учурда абонент кааласа кызматты кошуп алат же баш тартат: кошулуу буйруусу *155*1#, өчүрүү буйруусу *155*0#.

РОУМИНГ УЧАКТА БАРАТЫП СҮЙЛӨШҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ
Mегаком абоненттери «Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «GPRS « кызматтары менен учактардын ичинде чалууларды аткара алышат. «Абадагы роуминг» кызматы учурда 30га чукул авиакомпанияларда жеткиликтүү. Кызматты пайдаланууда учакта чөнтөк телефондорду колдонууга ылайыкталган атайын AeroMobile түйүнү болуусу керек. Бул жабдуунун бар экендигин учакка отуруунун алдында тейлөөчү персоналдан сурап билип алуу зарыл.

РОУМИНГ КЫЗМАТЫНЫН БААСЫ ЭМНЕГЕ КЫМБАТ?
Компания роуминг кызматын башка мамлекеттерде жеткиликтүү кылуу үчүн чет элдик байланыш операторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Эмне себептен роуминг кызматы көп учурда кымбат? Себеби абонентти байланыш менен камсыздоо үчүн кыргызстандык жана чет элдик уюлдук операторлор менен биргеликте бир нече байланыш операторлор кызмат кылат. Башка өлкөнүн операторлору өз абоненттери үчүн башка, ал эми чек арасынан сырткары аймактагы абоненттер үчүн өзүнчө тариф колдонот. Мына ушул татаал иш-аракеттер нарктын кымбат болушуна түртөт. Бирок ага карабай Мегаком уюлдук оператору сүйлөшүүлөрдүн негизинде мурдагыга салыштырмалуу арзандатылган бааларды өз абоненттерине сунуштоодо.

БАЛАНС ТҮГӨНҮП КАЛГАН УЧУРДА...
УЛУКБЕК АЙТАКУНОВ, Mегаком компаниясынын роуминг боюнча адиси:
– Абоненттин сүйлөшүүсү берилген чектен ашып кетсе, компания карызга сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Карызды Кыргызстанга кайтып келгенде төлөсөңүз болот. Бирок абонент сүйлөшүү аткарган учурдагы сумма өтө эле көбөйүп баратса, компания чектөө киргизүүгө мажбур болот. Мындан сырткары чет өлкөгө кетердин алдында төлөм карталарын сатып алсаңыз же банк аркылуу балансты толуктасаңыз болот. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, Кыргызстандагы жакындарыңыз менен байланышып телефонуңузга каражат салдырууга мүмкүн.

 

 

  • «Үнөмдүү роуминг» тарифтик опциясы роумингде жүргөн абонентке кирген чалуулар үчүн 200 сом өлчөмүндөгү белгиленген төлөм жеңилдик алууга шарт түзөт. Опцияны кошуу үчүн бир жолку төлөм алынат. Тарифтик опция кошулгандан кийин 7 күн күчүндө болот. Тарифтик опциянын иш-аракет мөөнөтү аяктагандан кийин абонент USSD буйруусун терип же SMS жөнөтүү менен опцияны кайрадан кошо алат. *1456*1#чакыруу.
  • «Роумингдеги кайтарым чалуу» кызматы «Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматтарындагы абонентке Кыргызстан багытына чыккан роуминг чалууларды кирген чалуулардын наркы боюнча аткарууга шарт түзөт. Кызматты пайдаланууда сиздин эмес, сизге чалган адамдын эсебинен төлөнөт.
  • Кирген чалууну аткаруу менен үнөмдөөгө мүмкүн. «Сизге чал» кызматын пайдаланып чалсаңыз арзаныраак болот. Кытайга барып чыккан чалууңуз кирген чалуу болуп калат. Бул опцияны аныктап алуу керек. Себеби айрым өлкөлөрдө чыккан чалууга караганда кирген чалуулар кымбат болуп калышы мүмкүн.

Саякатка чыкканда Мегакомдун ыңгайлуу жана сапаттуу кызматын пайдаланып жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуңуз!

Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aida2013
2014-06-24 02:29:28
бул кызмат чонтогу калындарга ынгайлуу экен !
0
asiret
2014-06-27 14:23:45
Чонтогу жукалар чет олкого чыкпайт деле болуш керек
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан