ГЕЗИТЧИЛЕРДИН ТАЛАМЫН ЭМИЛ КАДЫРОВ ТАЛАШАТ

Мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруучулар жана таратуучулар ассоциациясында кезексиз жыйналыш өтүп, жетекчиликке Эмил Кадыров шайланды.

Үстүбүздөгү жылда жаңыдан пайда болгон ассоциацияны “ММКларды колдоо борбору” фондунун мурдагы башкы директору Андрей Миясаров жетектеп келген. Бул инсандын күтүүсүз дүйнө салышы жалаң гана фонд үчүн эмес, ассоциация үчүн да оор жоготуу болгон. Гезитчилер жана таратуучулар бул инсан баштап кеткен ишти татыктуу улантат деп, жетекчиликти Эмил Кадыровго ишенип тапшырышты. Ошондой эле ассоциациянын башкаруу кеңешине “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жана “Итоги недели” гезитинин негиздөөчүсү Жавлон Мирзаходжаев кирди.


ПРЕЗИДЕНТТИН КОМАНДАСЫ КУРАЛДЫ
Президенттин жарлыгы менен президенттик институттун бөлүм башчылары дайындалды.

Жарлыкка ылайык, Президенттик катчылыктын жетекчилигине Оксана Малеванная, Президенттик аппараттын жетекчилигине Каныбек Жороев, Мамлекеттик тышкы иштер министрлигине Кадырбек Сарбаев дайындалышты.
Ал эми Максим Каганер – Президенттик катчылыктын жетекчисинин орун басары, Мар Топоев – Президенттик катчылыктын протокол кызматынын жетекчиси, Досалы Эсеналиев – Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Калдарбек Баймуратов – Пре­зиденттин алдындагы комиссиянын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана Президенттик аппараттагы кадрларды каттоо кызматынын жетекчиси, Турар Сулайманов – Президенттик аппараттын канцеляриясынын башчысы, Бектур Зулпиев – Президенттик аппараттын юридикалык кызматынын жетекчиси, Жетиген Бакиров – Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, аппараттын уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери боюнча жетекчиси болуп дайындалышты.


КЫЗМАТТАН КОЛ ЖУУГАН АТКАМИНЕРЛЕР КАЙДА БАРЫШАТ?
Башкаруу системасынын реформасынын негизинде айрым мамлекеттик мекемелер жоюлуп, ажого жакындыгы менен белгилүү болгон Нур улуу Досбол, Адахан Мадумаров, Токон Мамытов сыяктуу аткаминерлер кызматынан кол жуушту.

ММКлар “Адахан мырза Ошко губернатор болушу мүмкүн” деп жоруй башташты эле, ал жоромол да туура чыкпады. Узун кулактардын айтымында, Адахан Мадумаров жакында түзүлө турган Жогорку Курултайга жетекчилик кылат имиш. Токон Мамытовду Президенттин коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңешчиси кызматы күтүп тургандыгы айтылууда. Ал эми Досбол акени жаңы эле бош калган Түркиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматы күтүп жаткан имиш.


ОШКО ОШТУК ГУБЕРНАТОР
27-октябрда президенттин жарлыгы менен Мамасадык Бакиров Ош облусунун губернатору болуп дайындалды.

Жаңы губернаторду облустук администрация менен Президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев тааныштырды. М.Бакиров буга чейин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча агенттикти жетектеп келген.


БЭК БАШКАРУУ РЕФОРМАСЫН СЫНГА АЛУУДА
Бириккен элдик кыймыл бийликтин башкаруу системасына жүргүзгөн реформасын сынга алууда.

БЭК тараткан билдирүүдө өкмөттүн курамынан маанилүү министрликтер президенттин институтуна алынып, президенттик бийликти күчөтүү аракети жүрүп жатканы айтылат. “Реформалоо планында айрым мамлекеттик органдарды бириктирүү жана бөлүштүрүү менен мекемелердин аталышы гана өзгөрүп, негизинен, эски кадрлар өз кызмат орундарында калгандыгы эч кандай өзгөрүү, өсүүгө алып келбейт”,- деп айтылат билдирүүдө.


ИСМАИЛ ИСАКОВ АКТАЛАБЫ?
27-октябрда Бишкек гарнизондук аскер сотунда күбө катары Коргоо министринин мурдагы орун басары, учурда Чек ара кызматынын башчысы Аскар Жапаров көрсөтмө берди.

А.Жапаров 2008-жылы июль айында Балыкчыдагы аскер бөлүмүндө текшерүү жүргү­зүлгөнүн, аскерий техникалардын уурдалбаганын билдирди. Анын айтымында, ал техникаларга байланышкан чыр 2008-жылдын ноябрында И.Исаков кызматтан кеткенден кийин башталган. Ал эми сотко күбө катары чакырылган Каржы министринин орун басары Саидбек Зулпиев министрликтердеги акчаларды министр өз буйругу менен ички иштерге пайдаланганга мыйзам жол берерин айтты. Соттук териштирүү 29-октябрда улантылмакчы.


ИИМ АКАДЕМИЯСЫНДА СУЛУУЛАР СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
27-ноябрь күнү ИИМдин академиясында кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракесине арналып, “Мисс академия-2009” сынагы өттү.

Аталган сынакка бул окуу жайда билим алып жатышкан 6 кыз катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мыкты даярдыгы, сулуулугу, таланты менен 2-курстун студенти Боскунбаева Мээрим баш байгенин ээси деп табылса, Саипова Мастуна аттуу сулуу бийкеч 1-орунга татыктуу болду. Катышуучулардын ар бири баалуу белектер менен сыйланды.


ТУРСУНБАЙ БАКИР уулу МАЛАЙЗИЯДА
Турсунбай Бакир уулу 30-октябрда Малайзияны көздөй сапар тартат.

“Акыйкатчы” атка биротоло конгон бул мырза акыркы он жыл ичинде баш айланткан темп менен өнүгүп бараткан Малайзия өлкөсүндө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо, эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу милдетин татыктуу аткарат деп ишенебиз. Турсунбай Бакир уулунун Малайзияга кетерде берген маеги менен гезитибиздин келерки сандарынан тааныша аласыздар.


ОШМУнун СТУДЕНТТЕРИ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ
26-октябрда Ош мамлекеттик университетинин миңге жакын студенти аталган окуу жайдын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар окуу жайдын жетекчи­лигинен окуу акысын тө­мөн­дө­түүнү, жатаканаларда шарттарды оңдоону талап кылышкан. Университеттин жетекчилиги Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу жок эле билим алуунун окуу акысын кымбаттатып, жатакана баасын 3 миң сомдон 4 миң сомго көтөрүп жиберген. Митингге чыккандар менен ОшМУнун ректору Муктар Орозбеков жолугушуп, бир ай ичинде контракт баасын мурдагы калыбына келтирүүгө жана жатакана шарттарын жакшыртууга убада берди.


АРДАГЕРЛЕРГЕ ЖОЛ КИРЕ АРЗАНДАДЫ
1-ноябрдан баштап Бишкекте ардагерлер үчүн маршруттук таксилерде жүрүү акысы 8 сомдон 5 сомго арзандайт. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Аргынбек Малабаев кабарлады.

Эми ардагерлерге жол кирени жаңы тариф боюнча төлөө үчүн ардагердик күбөлүгүн көрсөтүү жетиштүү. Бирок бул эреже эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 17:00гө чейин гана жарамдуу. Ардагерлердин күнүнө карата көтөрүлгөн мындай демилгени бор­бордогу бардык жүргүнчү ташуучу фирмалар колдоп чыгышкан. Айта кетсек, ушул тапта өлкөбүздө 70 миңден ашуун пенсионерлер бар. Мыйзам боюнча пенсияга эркектер 63 жашынан чыга алса, аялдар үчүн пенсия курагы 58 жаш деп эсептелет.


ЖКнын СТРУКТУРАСЫ 25 ПАЙЫЗГА КЫСКАРАТ
Кадрдык кыскартуулар Жогорку Кеңешке да жетти. Парламенттин структурасын кыскартуу боюнча атайын жумушчу топту Азизбек Турсунбаев жетектөөдө.

Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Төрага жаңы структуранын долбоорун фракцияларга жөнөткөн. Долбоорго ылайык, ЖКнын структурасында 25 пайызга чейин кыскаруу болот. Ушул тапта парламенттин аппаратында 446, иш башкаруу бөлүмүндө 175, автотранспорттук башкармасында 209 кызматкер эмгектенет.


МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ДИН БОЮНЧА ТААЛИМ АЛЫШАТ
Жакынкы убакытта мектептердин окуу программасына дин таануу сабагы киргизилиши мүмкүн.

Дин таануу са­багы Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бир гана Кыргызстанда окутулбайт. Бул сабакты окуу программасына киргизүү үчүн мугалимдерди, окуу китептерин даярдоо зарыл.
Жогорку Кеңештеги “Ак жол” жана “Социал-демократтар” фракциялары 28-октябрда өл­көдөгү диний кырдаалды талкуулашты. Анда айрым депутаттар тарабынан “коомчулукта дин таануу сабагы жетишпегендиктен улам жаш балдар ар кандай радикал уюмдарга кирүүдө” деген ойлор айтылды.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан