«БУТТУН СӨӨГҮ НЕГЕ ӨСҮП КЕТЕТ?»

– Бутумдун баш бармак тараптагы сөөгү өсүп кетип, бут кийим кийгенде оорутчу болду. Бул эмне деген оору? Айыктырууга болобу?

Лейли, 46 жашта, Ош

– Буттун сөөгүнүн өсүп кетиши, тагыраак айтканда, буттун муунунун сезгениши медицинада «подагра» деп аталат да, тукум куучу ооруга кирет. Эмнеден келип чыгары төмөндөгүдөй.
Адамдын организминдеги заара кычкылы (кислота) заара менен сыртка бөлүнүп чыгып турат. Заара кычкылы – бул түссүз кристаллдар.
Бирок кээ бир учурларда ал кычкылдар сыртка толугу менен бөлүнүп чыкпай калат да, алардын саны аздап көбөйө берет. Кан менен муундарга барганда ал жерлерде туруп калып, сезгентип, подагра келип чыгат. Заара кычкылдары топтолуучу жерлер болуп кулак түптөрү, чыканак, баш бармактын мууну эсептелет.
Бирок жашоодо баш бармактын подаграсы көп кездешет. Заара кычкылынын көбөйүшүнө ашыкча тамактануу, жалаң эт жей берүү, ичимдиктерди ичүү себеп болот. Андыктан бул оорусу барлар диета кармап, дарбызды көп жеп (заара кычкылдарын чыгарат), минералдык сууларды (өзгөчө боржоми, ессентуки) күнүгө 2 литрдей ичүүлөрү кажет. Ал эми сыра, шарап, бозо, кымыз, козу карын, буурчак, помидор, ич этти (бөйрөк, боор), күчтүү чай, шоколадды унутууга тийиш. Кайнатылган этти анда-санда аздан жесе болот.
Подаграны дарылабаса, бөйрөк жана заара жолдорунун ооруларын жаратат. Дартты толук айыктырууга мүмкүн эмес, бирок аны өнүктүрбөй, бат-бат карматпай кармап турууга болот.

Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
tima-27
2014-06-23 12:28:03
Жакшы кенештер экен супер инфого рахмат зоб жонундо маалымат кутобуз
0
admin_portal
2014-06-23 12:29:36
tima-27, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз! Сизге да рахмат!
0
zaika95
2014-06-23 20:48:45
zob tuuraluu kenen ele maalymat berinizderchi suranam antkeni menin zobum uje ekinchi stepen bolup kaldy
0
admin_portal
2014-06-24 08:53:50
zaika95, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз, бирок сиз да адистерге көрүнгөндү унутпаңыз.
0
Mendereska
2014-06-23 21:04:00
Boor ot oruulary boiuncha da jazynyzdarchy...
0
admin_portal
2014-06-24 08:52:36
Mendereska, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
lampard8
2014-06-24 00:58:10
Супер инфо мага «адистердин кеңеши» рубрикаңардын ссылкасын берип койгулачы
0
admin_portal
2014-06-24 08:52:08
lampard8, Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?theme=249
0
nagi82
2014-06-24 09:44:49
Супер кенешиниздер учун рахмат, кыз маалымда эске тутуум абдан жакшы болчу азыр эч нерсе эсте калбай эске тутуум начарлап жатат он минут мурдагы нерсени эстеп кала албай кыйналып жаткан учурум суранам кийинки санынарда кенениреек кылып кенеш берип кетишиниздерди суранам алдын ала рахмат
0
admin_media
2014-06-24 10:20:44
nagi82,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=3457&view=findpost&p=91093&hl=+эске++тутуу&fromsearch=1 ушул шилтеме менен кирип, керектүү маалыматтарды алсаңыз болот. Сунушуңузга рахмат!
0
siezd
2014-06-24 12:56:26
супер кенешиниздер учун рахмат менин айызым оз убагында келбейт врачка корунуп атам бирок алар да жакшы дарылай албай атышат турмушка чыкканыма 4 жыл болсо 3 жылдан бери дарыланам жыйынтык болбой атат ошонун айынан балалуу да боло албай атабыз эгер билген кенешиниздер болсо айтып койгулачы сураныч сиздерден
0
gulperi.kg
2014-06-24 17:39:47
Оорудан кудай сактасын
0
ERNIS.
2014-06-25 10:09:32
ООру ар бир адамдын башында бар.Кудай озу сактасын оорудан
0
NUR_SULTANALIEVA
2014-06-25 17:24:54
Abdan jakwy kenew boluptur,adam kan4alyk narkoz algan sayin,eske tutuusu na4arlayt,eske tutuusu jakwy boluu u4un emne kyluu kerektigin jazuunardy kutom SUPPER INFO!
0
Saikalushka
2014-06-25 22:42:28
Кенешениздерге рахмат, гепатит А,Б,С оорулары тууралууда кенири (толук) кенеш бере аласыздарбы? Жугузуп алуу жолдорун ж.б.у.с алдын ала рахмат.
0
admin_portal
2014-06-26 14:21:55
Saikalushka, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/?article=5301
0
ere
2014-06-27 11:03:08
зобко жангак варьениеси дарылык жактан жаржам береби дегеле ал кандай жасалат маалымат бересиздер деген умуттомун
0
admin_portal
2014-06-27 11:24:29
ere, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
0
insap
2014-06-27 19:44:33
Bul ooru da koomubuzda arbyn jolugat...
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан