«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» ТАЛАСТА

Учурда «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан Талас жергесинде 2014-жылдын апрель айында ачылган МТС (машина-трактордук станциясы) 100дөн ашуун жергиликтүү үй-бүлөгө арзан баада кызмат көрсөтүп, дыйкандарга 150 миң сом үнөмдөп калганга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул саясий партиянын айыл чарба стратегиясы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына далил.
Партия тарабынан МТС Талас облусунун Кара-Суу айылында элдин турмушун жеңилдетүүгө багытталып, апрель айында ачылган. МТСте керектелүүчү шаймандары менен жабдылган 3 трактор бар, келечекте алардын санын көбөйтүү пландалган. Аталган станция «Өнүгүү-Прогресс» тарабынан өлкө боюнча ачылган 10-юбилейлик МТС. Буга чейин жаңы айыл чарба техникасы менен жабдылган МТСтер Кыргызстандын ар бир облусунда ачылып, учурда элге кызмат кылууда.
Мындай маалыматты Талас облусунун Бекмолдо айылынын тургундары менен 13-июнда болгон жолугушуусунда «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев билдирди. Саясий ишмердин айтымында, партиянын иш-аракеттери элдин жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө багытталган.
«Менин келгенимдин себеби – Талас элин түйшөлткөн маселелер менен таанышып, элдин оюн угуу. Жакында эле Ак-Талаа районунда болуп, жергиликтүү өзүн-өзү башкармалыгы менен биргеликте иш-планын карап чыктык. Жыйынтыгында жарым ай ичинде узундугу 60 чакырым келген каналдын казылып, 3000 гектар жердин өздөштүрүлүүсүнө жетиштик. Ушул иштердин баарына эл жана айыл өкмөттөрү менен бирге 400 миң сом каражатты сарптадык. Биргелешип иш алып барсак, көп нерсени бүтүрсө болот»,- деп кошумчалайт Бакыт мырза.
Бекмолдолуктар адегенде эле канал маселесин айтышканда, Бакыт мырза эгер жергиликтүү калк техниканын майын өздөрү көтөрүшсө, канал тазаланып, кеңейтүү үчүн техника бөлүп берерин айткан.
Бекмолдо аймагына караштуу Кара-Ой айылында жолугушуу учурунда жергиликтүү эл бала бакча көп жылдан бери иштебей тургандыгын да маалымдашкан. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери эгерде айыл тургундары оңдоо иштерине керектелүүчү каражаттын 50 пайызын чогултса, жеке өзү калган 50 пайызын берерин жарыя кылып, айыл тургундары менен кол алышты.
«Өнүгүү-Погресс» саясий партиясы мындан 1,5 жыл мурун ири долбоорлорду баштаган. Ошондон бери айыл жана мал чарбасы, билим берүү, курулуш, өндүрүш, саламаттыкты сактоо жана спорт багыттарында ийгиликтүү иш алып барууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча МТСтердин кызматын 25 миңге чукул үй-бүлө колдонуп, 50 миллион сомдон ашуун каражаттарын үнөмдөп калышты. Партия уюштурган көчмө дарыгерлер топтору «Жүрөгүң дү сакта» долбоорунун алкагында 30 миңден ашуун алыскы айыл тургундарын медициналык кароодон өткөрүштү. Бардык тармактар боюнча иштер уланууда.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан