Бакыт Байсариев: «ӨМҮРҮ КӨРБӨГӨН АТАМДЫ ТААП,ЖАШ БАЛАЧА ЫЙЛАДЫМ»

Шайыр, жүзүнөн жылмаюу кетпеген, креативдүү тамада, шоумен Бакыт Байсариевди тааныбаган адам жокко эсе. Бул ирет ал жан дүйнөсүндөгү бороон-чапкынын да, жакшы күндөрүн да эскерип отурду. Бийчи жигиттин бейнесин угуп, Бакыт Байсариев деген атты жан үрөгөн аракети, артка жол жок деген урааны менен жасаганын түшүндүм.

– Бакыт, акыркы мезгилде бийлегениңди көп көрбөй калдык, эмне болду?
– Мурда 2 күндүн биринде бийлесем, азыр жылына ашып кетсе 1 же 2 жолу бийлеп калгам, анда да «Супер-Инфонун» концертинде :)
Мындан 4 жыл мурун 29-декабрда Бишкектен чыгып Токмокко жакындап калганда жол кырсыгына кабылгам. Таажездемди чоң ата дечүмүн. Ошол адам каза болуп, сөөгүн Көлгө алып бара жаткам. Алдыңкы дөңгөлөгүнүн бири ыргып кетип, машина оңго кетсе, мен солго буруп, 4 жолу ала салып кеткенбиз. Унаа былчыйып эле калган. Иним экөөбүздө коопсуздук куру болгондуктан, катуу жаракат алган жокпуз. Артта жеңем, энем отурушкан, аларда кур жок болгондуктан кыйналып калышты. 5 мүнөттөн кийин эсиме келип карасам, чоң атамдын сөөгү машинанын капталында жатыптыр, чогулган эл бизди тез эле Токмоктун ооруканасына жеткизишти. Ал жерден «Тез жардам» менен Бишкектин ооруканасына алып келишти. Артта келе жаткан туугандардын машинасы сөөктү Көлгө алып кетишиптир. Менин сөөктөрүм аман, бирок бел омурткаларым буралып калган экен. Аны дарыгерлер бир күндө эле ордуна коюшту.
Мен кандай кырсыкка кабылбайын, элдин майрамдык маанайы бузулбаш керек да. 31-декабрда бир кечем бар болчу, 3 ай бою Бакыт Байсариев алып барат деген жарнама кеткен, барбасам болбойт да. Жыл жаңырчу күнү чоң атамды жерге узатып коюп, кечинде ары карап ыйлап, бери карап күлүп ошол кечени алып баргам. Ошол кырсыктан кийин дарыгерлер «бийди 4-5 жылга чейин токтото тур, болбосо майып болуп каласың» дешкен.

– Чыгыш бийи дегенде көпчүлүк кыздардын бийлегенин күтөт. Жаңы чыга баштаганыңда жактырбагандар да болгондур?
«Чыгыш бийинен башка бий калбай калыптырбы, сен гей болушуң керек» дегендер болгон. Ошондуктан чыккан сайын бийдин тарыхын айттырып, анан бийлечүмүн. Араб өлкөлөрүндө бүгүнкү күнгө чейин эркектер бийлешет. Чыгыш бийин бийлеген кыздарды чет өлкөлүктөр дешет.

– Мен билгенден бий менен кичинеңден эле машыгасың...
– Жетиге чыкканымда апам «Сейтек» балдар борборуна бийге берген. 11-классты аяктагыча бал бийи боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум. Бир жолу Москвада семинарда жүрсөк, эл ызы-чуу болуп бир залга чуркашты. Мен да барып карасам кыз-келиндин баары чыгыш бийин укмуш кооз бийлеп жатышыптыр. Аларга бий үйрөтүп жаткан адам 120-130 килограмм салмактагы сакалчан эркек болчу. Дароо интернетке баш баксам, чыгыш бийи эркектердики экен. Мага ушундай бир керемет таасир калтырды дейсиң, ошол күнү эле бал бийин таштап, чыгыш бийине өтүп кеттим.

– Жакшы, балалыгың тууралуу айта кетпейсиңби?
– Балалыгым Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, тайларымдын колунда өттү. Апам 16 бир тууган, азыр 15и бар. Мага он ай болгондо мени апамдын Тосор айылында жашаган эже-жездеси багып алышыптыр. 3 жашымда апам борборго алып келип бала бакчага берген. Борборго келип-кетип жүрүп чоңойдум. Капкара болуп көл жээгинде жүргөнүм эч көз алдымдан кетпейт. Сууда жакшы сүзгөнүм да ошондон.

– Эмнеге тайлардын колунда өстүң, ата-энең ажырашып кеткенби?
– Атам менен апам мен 10 айга толгондо ажырашып кетиптир. Атамды өмүрүмдө бир да жолу көргөн эмес элем. «Эр жигит ата жагынан дагы бата алыш керек» деген кепти угуп, издеп таап барып, учурашып келдим. Токтогулда жашайт экен. Алар мени кандай кабыл алышты билбейм, мен жаш балача ыйладым. «Ата, мага сизден эч нерсе кереги жок, болгону батаңызды бериңиз» дедим. Азыр таппаса да баккан атам бар. Апам 2-жолу турмушка чыккан, карындашым Нагима болсо эң жакын адамым.

– Атаң элге таанымал уулу бар экенин билчү бекен?
«Бакыт Байсариев деген сенин балаң» деп айтышчу» дейт.

– Кызыңдын аты Майрамбүбү, уулуңдуку Азирет-Али экен. Балдарыңдын ысымын ким койгон?
– Кызым айт күнү төрөлгөндүктөн апам Айтбүбү же Майрамбүбү коём деди, жыйынтыгында Майрамбүбүгө токтолду. Сентябрда төрткө чыгат. Уулумдун атын да ата-энем тандаган. Балам июлда экиге чыгат. Мага койсо, Аделя, Артур деген заманбап ысымдарды коймокмун.

– Балдарыңды карашканга убактың барбы?
– Балдарды кароо келинчегимдин моюнунда. Менин күн-түнүм алмашып калган. Эл эртең менен 7-8де жумушка кетсе, мен таңкы 4-5те жумуштан үйгө келем. Эртең менен кызым бала бакчага кетет, түштө уулум келип «тур эле, тур» деп бетке чаап ойготот. Бош болгон күнү алар менен тоого чыгам, кийим алып берем. Мен бош болгон күн алар үчүн майрам, анткени алар эмне кыл десе баарын жасайм.

– Кызыңдын сени «быйтыбай» деп чакырганын билем, бул апасын туураганы да?
– Жок, мен аны «быйтыбай» деп эркелетчүмүн. Анан ал да мени «быйтыбай» деп калды. Жубайым атыман айтат же «алтыным» дейт. Уулум «ата» деп чакырат.

– Кайын журтта күйөө балалык милдетти кандай аткарасың?
«Оо, күйөө бала келди» деп жакшы тосуп алышат. Отунун деле жарам, самоорун деле кайнатам дегендей. Эгер колуман келбеген, акылым жетпеген иш болсо тааныштарымды чакыра калам, «дос, келе калчы, таксиңдин акчасын төлөп берем» деп. Кайната-кайненем шаарда турушат, аларга көргөзгөн акыркы кызматым кайнагамдын үйлөнүү тоюна тамадалык кылганым болду. Мен дайыма алардын кызматындамын.

– «Бакыт концерттерге даярданат бекен?» деп алып баруучулук милдетиңе канааттанбагандардын айтканы эсимде...
– Албетте, даярданабыз. Ошончо элдин алдында даярданбай чыгуунун өзү уят. Кээде элди күлсүн деп тамаша ыргытам, балким, айрымдарга ошолорум жакпай калып жаткандыр.

– Достор арасында сени пайдалангандар болгонбу?
– Жаңыдан Бакыт Байсариев деп атым чыга баштаганда телефонумда 1000 адамдын номери болсо, баары досторумдуку эле. Ресторан-кафеден башыбыз чыкчу эмес. Бир күнү ошол досторума «1000 доллар керек болуп жатат, бүгүн таап бергиле» дедим. Ошончонун ичинен бешөө мен айткан акчаны көтөрүп келишти. «Рахмат, достор, силер мага чыныгы доссуңар, мен да силердин ишенген досуңар болгум келет. Мага акчанын кереги жок болчу, ким жардамга келерин көргүм келген» дедим. Аларды мен бүгүнкү күндө кан досторум деп билем. Бирок досум деп жүргөндөрдүн ичинен мени пайдалангандарды байкай элекмин.

– Кальян көп чегериңди угам, канча күндө бир чегесиң?
– Жумасына 1 же 2 күн чекпей калышым мүмкүн. Башкача айтканда, күндө чегем. Тамеки тартпайм, спирт ичимдигин ичпейм. 12 жыл мурун Сириядан келген бир араб досум үйрөтүп койгон. 12 жыл мурун кальяны бар кафе ачылып, анын 1-кардары болгом. Шоу-бизнестеги досторумдун көбүнө мен үйрөттүм окшойт.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.

«Кичинемден аккордеон чертип ырдаганды жакшы көрөм».

«Кызым мени «быйтыбай» деп чакырат».

«Бал бийи менен атым чыккан жок. Чыгыш бийин бийлей баштаганда элге таанылдым».

«Апам неберелерим дегенде ичкен ашын жерге коёт»

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Өмүрүмдө көрбөгөн атамды таап, жаш балача ыйладым" дейт Бакыт Байсариев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Angel92
2014-06-23 13:34:09
Ийгилик,уй булолук бакыт
+2
antiwithin14
2014-06-23 13:37:52
Уй булосу менен улуттук кийимде тушкон суроту абдан жакты.
+2
Aalam-meikin
2014-06-23 15:23:35
Уй-булолук бакыт.Дайыма эл кызматында,жакшылыкта болсун
+2
burkut100
2014-06-23 16:22:38
Мыкты жигит. Чыныгы эркек. Той алып барганы жагат
+2
nur16
2014-06-23 16:49:54
суроолорго так жооп бериптир азамат
+2
mi-li-na
2014-06-23 18:12:39
Бул мырзанын акылына 5 деген баа бердим. Апасынын сыймыгы, уй-булосунун суйуктуу атасы, келинчегинин суйуктуусу, кыргыз элинин белгилуу шоумени, ийгилик сага!!!
+3
Positive
2014-06-24 00:17:57
баарын ачык айтыптырго а, болгонун болгондой, жогун жоктой кылып, бирок досторуну сынаганы чатак болуптурда)) жондон-жон эле тел.чалып аларга)) зарыл иши болгондо чалып же башка жол менен досторуну сынабаптыр. Уй-булолук бакыт!
+1
aida2013
2014-06-24 02:21:51
жакшы маек болуптур .чыгармачылыгына ийгилик жана уй булолук бакыт каалайм!
+1
Mirba-Nookat.83
2014-06-24 11:28:02
Жакшы тактика экен досторунан мин доллар керек деп ким жардам берет экен ким чыныгы дос экенин билгени
+1
Nelli_1988
2014-06-24 12:25:19
сизге ден-соолук,уй-булоолук бакыт,ийгилик каалайм.
+1
Lavanda
2014-06-24 18:20:11
Досторун сынаганы жакты.
+1
asyl85
2014-06-24 20:10:51
досторун сынаганы жакпады а балким жакшы досу акчасы жок болсочу
+1
Narynbek
2014-06-24 21:27:27
Чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт!
+1
Bazul
2014-06-25 13:51:56
Мага да досторун сынаганы жакты
+1
Eliza761024
2014-06-29 23:50:23
Досторун сынадым дегени ,туура эмес корунуш болуптур.
+1
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан