МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ ЦИРК

Дүйнө жүзүн кыдырып, цирк сүйүүчүлөрүнө жагымдуу маанай тартуулап келген Орус мамлекеттик цирк компаниясы Кыргызстанда каргашалуу окуяга кабылды. Бирок буга карабай, мекенибизде оюнун улантууда.

Жагымдуу жылмаюусу жүзүнөн кетпеген Светлананын ичинде кандай арман-күйүт бороону жүрүп жатканын элестетүү кыйын.

Дүйнө кезип...

Мекенибизде конок болуп жүргөн “Муз үстүндөгү цирк” бизге чейин Украина, Прибалтика, Катар, Кытай, Франция, АКШ, Индия, Венгрия, Румыния, Түркия, Тунис, Германия өлкөлөрүн кыдырып келишкен. Бизден кийин Казакстанды көздөй сапар алышмакчы. Цирктин каармандары дүйнө кезип жүрүп эле жаштыгынын жалындуу кезин жашап коюшат тура. Бул тууралуу “Муз үстүндөгү цирктин” продюсери Алексей да өз оюн айта кетти:
– Негизинен, цирк жашоосун тандап алгандар табиятынан эле өзгөчө адамдар болушат. Башкача айтканда, эгерде адамзаты бул жашоодо биринчи үй-бүлө куруп очор-бачар болууну максат кылса, цирк каармандары жеке жашоону экинчи планга коюшат. Чынын айтканда, үй-бүлө курууга убактылары да жетишерлик болбойт. Көпчүлүгү башка чөйрөгө чыкпай, кесиптештери менен үй-бүлө курушат. Мисалы, Багдасаровдорду деле алып карасак болот. Өзүнчө династияга айланышкан. Бизде ыраматылык Дмитрий Потапов менен Светлана Бордодымова бир үй-бүлө болчу. Бул жашоодо эч ким кантип, кайсы жерден каза табарын билбейт. Дмитрийдин Кыргызстанда жүрүп аюунун азуусунан дүйнө салышы бешенесине жазылыптыр. Азыр баарыбыздын кейип турган кезибиз. Цирктин кызматкерлеринин жашоосу ушундай,- деп оор үшкүрүп алды.

“Жашообуз кылдын учунда”

Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында циркте болгон окуя кимдин гана үрөйүн учурган жок. Айрымдар “көрүүчүлөргө кол салыптыр” дешсе, дагы бирлери “аюулар “Дордойго” чейин качып кетишиптир” деп да айтып жатышты. Айтор, борбор калаабыз мындай күбүр-шыбыр кептерге толуп калды. Болгон окуяны орусиялык цирктин жетекчилеринин бири Николай мындайча баяндап берди:
– Ошол каргашалуу күнү бардык даярдануулар өз ордунда эле өтүп жаткан. Буга чейин эле Дмитрий аюулардын жакшы укпай жатканын айтканына кесиптештерибиз күбө болушкан экен. Ошол күнү да даярдануу учурунда аюу арылдап укпай жатканынан бир-эки чаап коюптур. Балким, талуу жерине тийгенби, айтор, жинденген аюу үйрөтүүчүсүн баса калып чайнап салыптыр. Ал гана эмес жардамга келген асисстент жигитке да кол салып, жарадар кылган. Учурда анын абалы жакшы. Бул жерден кыргыз циркинин коопсуздук кызматкерлери да чоң эрдик көрсөтүштү. Биздин артисттер жансоогалап эмне кыларын билбей жатышканда капталдагы эшиктерди жапканга жетишип калышыптыр. Эми айбан деген өзүнүн айбандыгын кылат экен. Мындай окуялар ар бир цирктин тарыхында эле кездешет. Андыктан цирк кызматкери болуш үчүн өз жашооңду тобокелге салышың керек.Алардын ар бир кыймылында кокустук болуп кетиши мүмкүн. Ошондон улам цирк кызматкерлеринин жашоосу кылдын учунда десек болот.

“Ары карап ыйлап, бери карап күлүп турам”

Аза күтүп турса да, аренага чыгып эл алдында жаркылдап күлүп, муз үстүндө элди таң калтыра чимирилип бийлеп, оюндарын көрсөтүп жүргөн Светлананын кайратына таң калбай койбойсуң. Каректеринен мына-мына жаш мөлтүлдөп акчудай болсо да Светлана биздин суроолорубузга жооп берди. – Светлана, жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун.
– Жашоомдогу эң жакын адамым, жөлөнөр тоомдон айрылдым. Цирк мени Дмитрий менен жолуктурду да, кайра колумдан жулуп кетти.
– Канча жылдан бери аренага чыгып жүрөсүз?
– Эки балам бар. Ошол балдарымды төрөгөндө эле бир аз убакыт иштеген жокмун. Жалпысынан, циркте жүргөнүмө туура он жыл болуптур.
– Жаныбарларды үйрөтүү эмнеден башталат?
– Баары аларды сүйүүдөн башталат. Менин деңиз арстандарын үйрөтүп, сахнага алып чыгып калышым да өзүнчө окуя. Бир жолу биздин циркке кичинекей деңиз арстандарын алып келип калышты. Буга чейин мен көгүчкөндөр менен иштечүмүн. Ары өтүп, бери өткөн сайын эле алар мени карай беришти. Өзүлөрүнчө эле мени менен сүйлөшкүсү келгенин билдиришип, ойноктой беришчү. Алгач тамак берип коюп жүрдүм. Бир күнү жакшылап карап отуруп бул жаныбарларды сахнага чыгарарыма көзүм жетти. Алар да мени эле күтүп тургандай сезилди. Кээде ушинтип жаныбарлар өздөрү да тандап алган учурлар болот. Мына ошондон баштап деңиз арстандары менен иштеп калдым. Алар менин өз балдарымдай эле болуп калышты. Эң кичүүсү – Шарик, 4 жашта. Абдан оюнкараак. Андан кийин Лёля жана Вета. Алар ырдаганды абдан жакшы көрүшөт. Деңиз арстандары мактанчаак келишет. Дүркүрөгөн кол чабуулар болуп калса, тим эле койкоңдоп калышат. Негизи, жаныбарлардын баары эле циркте иштей алышпайт. Адамдар сыяктуу кандайдыр бир таланты барлар тандалып алынат. Жолдошум каза болуп, капа тартып жатканымды түшүнгөнсүп Шарик машыгуу убагында мага башын жөлөп коёт. Ошондон улам жаныбарлар үйрөтүүчүсүнүн ички дүйнөсүн да түшүнүшөт деп айтар элем.
Ал эми жолдошум Дмитрий аюулар менен алек болчу. Аларды мамалак кезинен баштап баласындай бапестеп чоңойткон. Эртең менен дайыма балыктын майын берип, тамагын да таптап берчү. Кандай кырсык басты, айталбайм. Мен болгону жолдошумдун канжалап жаткан жерине гана күбө болдум. “Тез жардам” келгиче эле бир топ канын жоготту. Акыры тил-оозго келбей эки баласын жетимсиретип кете берди. Дмитрий буга чейин деле машыгууларда аюуларына тумшук кап кийгизчү эмес. Кээде абайла десем, “аюуларым сага караганда көп нерсени айттырбай түшүнөт” деп мени тамашалап калчу. Бирок сахнага тумшук капсыз чыгарчу эмес. Мен бул тууралуу көп комментарий бербей эле коёюнчу. Аза күтүп турганыма карабай, көрүүчүлөргө жылмаюу тартуулап иштеп жатам. Номерди татыктуу аткаруу үчүн бул окуяны оюн учурунда унутушум керек. Сахнага чыкканда көрүүчүлөрдүн кол чабуулары мага дем-күч берет. Ошол көрүүчүлөрдүн ишеничин аткарыш үчүн аза күтүп турсам да, жылмаюу менен оюнумду аткарууга туура келип жатат.
Дмитрий Потаповдун сөөгү 26-октябрда самолёт менен туулуп өскөн жери Москвага жөнөтүлдү. Аны узатып кеткен Светлана айым кайрадан Кыргызстанга кайтып келип, цирк аренасына чыгат.

Жаныбарлардын паспорт алуу курагы чектелбейт

Циркке алынып келген ар бир жаныбарга кадимки адамдардай эле паспорт берилет. Эгер биз 18ге чыкканда паспорт алсак, цирк жаныбарлары кайсы жашында аренага чыга баштаса, ошондон баштап паспорт алышат. Ал паспортто аты-жөнү, салмагы, жашы, бою жазылат. Андан сырткары, ар бир жаныбардын терисинин астына чип (жаныбардын кайда жүргөнүн аныктап туруучу аппарат) киргизилет. Муну менен цирк жаныбарлары кайсы өлкөгө тиешелүү экени жана кайсы жерде жүргөнү аныкталып турат. Мындан тышкары, маал-маалы менен дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ар кандай илдеттерге каршы ийне сайылат.
Ал эми гастролго чыкканда жаныбарлар үчүн шарттар түзүлөт. Мисалы, деңиз арстандары сууда жашагандыктан, атайын деңиз туздары кошулган бассейни бар машина менен ташылат. Барган жерде да ушундай эле шарт күтүп турушу керек. Аларды муздаткыч орнотулган дагы бир машина ээрчий жүрөт. Бул машинада жаныбарлардын тамак-аштары жүктөлгөн. Тамак-аш демекчи, деңиз арстандары бир жумада эле 1 тонна балык жешет. Ал эми балыктан сырткары күч кошуучу ар кандай витаминдер да сөзсүз берилип турушу зарыл. Жаныбарлар сахнага чыкканда да ар бир аткарган оюндары үчүн таттуу тамактар менен сыйланышат.

Цирк чоң-кичине дебей, ар бирибизге жагымдуу маанай тартуулайт. Дүйнөнү түрө кыдырып, айлап үй бетин көрбөй, ачуу–таттуу күндөрдү кечиришсе да, алардын жашоосунун маңызы ушунда сыңары.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан