“Атсаң да болбой айкырып, аюу да коргойт мамалак” деген армандуу саптар он үч жашар баланын ый-муңу эмес беле? Бул го эс тартып калган баланын арманы дейли. Ал эми төрөлбөй туруп туна чөккөн же бөтөн жерде жарыкка келип, өз ата-энесин билбей, өзүнүн кыргыз экенин сезбей калган таштанды наристелердин ыйын ким угат? “Тогуз ай бел талытып көтөргөн баласына эне сүтүн эмизбей эмнеге таштап кетишет?” деген суроого жооп таба албай убара тартабыз, калайык.
ТАШТАНДЫДА КАЛГАН НАРИСТЕЛЕР
Орусияны көздөй жумуш издеп агылган мекендештерибиздин аягы жакынкы жылдары суюлар эмес. Алардын айрымдарынын иши жүрүшүп кетсе, айрымдарыныкы жүрүшпөй көчөдө калышууда. Булардын арасында өз канынан жаралган балдарын бага албай таштап кетүүгө аргасыз болгон күкүк энелер жүздөп саналат.
Статистикага таянсак, кыргыз мигранттарынын 40-50 пайызын аялдар түзөт. Бүгүнкү күндө Москвада 230дай таштанды кыргыз балдары бар. Булардын энелери 18-27 жашка чейинки кыргыз кыз-келиндери. Булар тууралуу «мигрант аялдар зордуктоого туш болушуп, боюндагысын өз убагында алдырууга каражат таппай, төрөп таштоого мажбур болушат» деген пикирлер айтылып жүрөт. Айрымдар «мектепти бүтүп-бүтпөй барган жаш кыздардын биринчиден, орус тилин билбегендиги, экинчиден, өз укугун жакшы коргой албагандыгы ушундай жолго алып барууда. Анын кесепетинен таштанды наристелер көбөйүүдө» дешет.
Кароосуз калган балдарды багып алууну каалагандар чет өлкөлүктөр, өзгөчө АКШнын жарандары болууда. Мына ушундай таштанды эки наристени Москвадагы кыргыздын чыгаан айымдары тарабынан түзүлгөн аялдарга ар кандай жардам көрсөтүүчү «Аруужан» фонду асырап алган эле.
БЕГИМАЙ – ВАСЕЛИСАГА, СЕЗИМ – ЛИНАГА АЙЛАНДЫ
Чет жердеги энелер менен балдарды коргогон, кыз-келиндердин саламаттыгынан баштап аларга улуттук, моралдык, психологиялык, медициналык колдоо көрсөтүп келген “Аруужан” фондуна жардам сурап кайрылгандардын саны арбын. Москва шаарындагы аталган фондго кош бойлуу эки кыз кайрылышкан. Алар төрөгүчө фонддун көзөмөлүндө жүрүп, төрөгөндөн кийин балдарын таштап басып кетишкен.
Сезимдин апасы Ош аймагынан келген кыргыз кызы, атасы индус экен. Боюнда бар кезинде ичин кысып байлап, ар кандай бойдон түшүрүүчү дары-дармектерди пайдалангандыктан, ымыркай оорукчан төрөлгөн. Оорукчан баланы өз фамилиясына жаздырып, аталган фондго таштап кете берген. Сезимге фонддун жетекчилери атайын бала багуучу жалдашкан. Алты айлык күнөөсүз наристени баккан Марина аттуу орус аял аны өзүнө каттатып, асырап алыптыр. Эми анын аты – Лина. Аты орусташтырылганы менен, улуту кыргыз боюнча калыптыр. Ага 18 жашка чейин майыптыгы үчүн пособие төлөнөт. 18ден кийин үй берилет жана майып болгондугу үчүн пенсияга чыгат. Ал эми энеге асырап алгандыгы үчүн мамлекет тарабынан акча берилет.
7 айлык Бегимайды да орус үй-бүлөсү багып алган. Орус туугандар Бегимайдын улутун – орус, аты-жөнүн – Васелиса Мурадова деп жаздырып, биротоло асырап алышыптыр.
Фонддун жетекчилиги «бул эки кыз океандын ары жагына кетпей, Орусияда, ишеничтүү адамдардын колунда калганына шүгүр» дешүүдө.
ӨЗ БАЛДАРЫН ӨЛТҮРГӨН КЫРГЫЗ ЭНЕЛЕРИ
«Московский Комсомолец» гезитинде берилген маалыматтар боюнча:
Жогорудагы өз балдарын өлтүргөн энелер – кыргыз аялдары. Болгондо да бала дегенде эт-бетинен кеткен мусулман аялзаты,- деп жазылат. Көрдүңүзбү, окурман, мындай үрөй учурган маалыматтар жан кейитпей койбойт.
Муну окуп алып чын эле бала дегенде баарын берүүгө даяр мусулман калкы арданары анык. Ошентсе да бул кашкайган чындыкты кантип танабыз?
СӨЗ СОҢУНДА...
Чындыгында, чет жерде иштеп келген айрым адамдардын «ит жашоону көрдүк» дегенин угуп, жакаңды кармайсың. Кыргыздын саны аз дейбиз, бирок ошол кыргыз тукуму минтип бөтөн эл, бөтөн жерде калып жатса, кантип көбөйөбүз? Албетте, чет жердегилердин баары баласын таштап баса беришет дегенден караманча алыспыз. Орусияда иштеп иши жүрүшүп, ити чөп жеген чыгаан мекендештерибиз да аз эмес. Болгону, бир кумалак бир карын майды чиритпесе...
Сөз соңун Орусиядан жазган бир мекендешибиздин ыры менен аяктагым келет.
Ар бир сөзүн уксаң кандай рахат берет,
Апа деген наристе да даамын сезет.
Ата мекен, кайдасың сен, мени батыр,
Адамзатта жүрөк болот, сыздай билет.
Кечир мени, Ала-Тоо, менден кетсе,
Кысып ал бооруңа, колуң жетсе.
Кул болоюн өз жеримде, өз элиме,
Кыргызыма тең келбес эч бир нерсе!
Бурул Исмаилова
koom@super.kg