17-июндан 18-июнга караган түнү Малайзиянын Селангор штатынын жээгинде Малакка кысыгында кеме кыйрап, анын кесепетинен 9 киши каза тапты. Куткаруу операциясынын жыйынтыгында 62 жүргүнчүнү сактоого мүмкүн болуп, дагы болжол менен 20дан ашуун киши дайынсыз болууда. «Кеме ашыкча жүктөн улам кырсыкка учурашы мүмкүн» деген божомолдор айтылууда. Узундугу 6,1 жана туурасы 1,5 метр болгон бул кеме жүргүнчү ташууга багытталган эмес жана анда 40тан ашуун адам болбошу керек эле.
Маалыматтарга караганда, чөккөн кемеде коңшу Индонезиядан келип, мыйзамсыз иштеп, кайра мекенине кайтып бараткан 97 мигрант болгон. Индонезиянын батышындагы Ачех провинциясына сүзүп баратканда түн ортосунда кеме кырсыкка учураган.