– Элден жыныстык жактан жугуучу оорудан дарыланбаса, колдун манжалары кыйшайып кетет экен дегенди уктум. Ушундай болушу мүмкүнбү?
Ислам, 36 жашта,
Жалал-Абад
– Жыныстык жактан жугуучу уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз деген ооруларды убагында дарылабаса, анда аталган оорулардын оору козгогучтары канга өтөт. Анан кол манжалардын муундарындагы кемирчектерди жабыркатат. Оору козгогучтардын түрүнө жараша же урогендик артрит (артрит – бул муундардын сезгениши) же ревматоиддүү артрит келип чыгышы мүмкүн. Экөөндө тең акырындап кол манжалары кыйшая баштайт.
Мындан тышкары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары жаралат. Аялдарда бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө, ал эми эркектерде жыныстык жактан алсыздык, тукумсуздук, заара чыгуучу каналдын ичкериши күтүлөт. Андыктан жогоруда аталган ооруларды тоготпой жүрө бербөө керек. Жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо дарыланбаганынан улам оору кайра жуга берет.
Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg