– Артритте өз алдынча кандай дары майларды колдонсо болот? Остеопороз болбоо үчүн эмнелерди жеш керек?
Элмирбек, 55 жашта, Бишкек
– Артрит оорусунда өз алдынча колдонулуучу дары май (мазь), гель, бальзамдар көп. Алар: диклофенак, быструмгель, Долгит, кетонал, Ортофен жана башкалар.
Остеопороз – бул сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы. Организмдеги кальций, фосфор, кремний, марганец, магний жана витаминдердин жетишсиздигинен келип чыгат. Спирт ичимдиктери, аз кыймылдуулук да ооруга себепкер. Оорунун алдын алуу үчүн сүт жана деңиз азыктарын, жашылчаларды, петрушканы, буурчакты, жаңгакты, балыкты, цитрус жемиштерин көбүрөөк жеш сунушталат.
Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg