«АНГИНАНЫ ДАРЫЛАБАСА, КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК КЕЛИП ЧЫГАБЫ?»

– Менин ангинам бар, бат-баттан кармайт. Эгер аны дарылабаса, кызыл жүгүрүккө өтүп кетеби?

Земфира, 31 жашта, Токмок

– Ангина – жугуштуу оору. Ооруну А тобундагы стрептококк бактериялары козгойт. Бактериялар оорулуудан соо адамга колдонгон буюму, өбүшүү аркылуу жугат. Мисалы, оорулуунун сүлгүсү, тиш щёткасы, оюнчугу, идиши аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан идиштер жалпы колдонулуучу бала бакчадан, казармадан ооруну жугузуу коркунучу чоң (чала жуулган идиштерден).
Ангина өтүшүп кетсе, оору козгогучтар жүрөктү, кол-буттун муундарын жабыркатып, сезгендирет да, кызыл жүгүрүк жаралат. Кызыл жүгүрүктө жүрөктүн согушу бузулуп, бат-бат согот. Адам энтигип шалдырайт, тердейт, муундары оорутат. Андыктан кызыл жүгүрүккө жеткирбей, ангинаны дарылатып туруу сунушталат. Кокус врачтар миндалинаны (тамак бези) операция жолу менен алдырып салууга кеңеш берсе, анда алдыруу кажет.

Cуроого Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кеңеш берүү жана дартты аныктоо эмканасынын ревматологу КАНЫМБҮБҮ АБДРАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nuri94
2014-06-25 21:13:36
Кечиресиздер менда ангинадан кыйналып келем врач айтып кеткен белгилер мага тааныш. кызыл жугурук дегенге тушунбой жатам сиздерден сураныч жооп жазып койунуздарды отуном.
0
admin_portal
2014-06-26 09:33:35
nuri94, Саламатсызбы! Төмөндө bekush жазып өткөндөй, "кызыл жүгүрүк" бул "ревматизм".
0
bekush
2014-06-26 09:00:43
Ревматизм!
0
Aksy-13
2014-06-26 23:20:42
Саламатсыздарбы! Менин да ангинам бар айрыкча ушундай мезгилде кармап калат а мен болсо бала эмигизем чайнап берем аш оокатты балама жугуп калбайбы сиздерден сураныч админ ушуну билип бересиздерби окуп алып ойлонуп калдфм азыр ангинам ооруп аткан болчу кызым ооруму карай берет эмне жесемда анан салып кое берем ага да чайнап коркунуч жокпу? Рахмат алдын ала...
0
admin_portal
2014-06-27 11:19:54
Aksy-13, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп: http://www.super.kg/article/?article=466
"АНГИНА – ЖУГУШТУУ ООРУ" макаласын окуп көрсөңүз.
0
jikitai
2014-06-29 22:20:14
Мен да кичине кезимде ангина болгондо врачка барбай эле апам сары май менен майлап жарып койчу .айыкпай кала берип азыр ревматизм 2степенге отуп кеткен.ошондуктан aksy-13 сизге кенеш берет элем баланызга чайнап бербей эле коюнуз.менин да 10айлык балам бар ага этти жб тамакты куручтой майда туурап кашык м.н эле берем.чайнап берген негизи эле гигиенага жатпайт.
0
kyrgyzka96
2014-12-06 00:41:22
Мен да 7жашым да ангина болуп операция жолу менен алдырткам. Андан кийин анда санда ангина пайда болуп калат анда соода менен чайкап жок кылам
0
№ 607, 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан