(Башталышы өткөн сандарда)
Назик «кийин сүйүп кетем» деп өзүн ишендиргени менен сүйө албады. Азаматтын колунан чоң иштер келе турган жигит экени, анын ата-энеси бай экендиги аны көбүрөөк кызыктырды окшойт. Азаматтын сүйүүсү анын бийик максаттарына тепкич болуп берди. Оо, андан кийин биздин сулуу жалаң гана чиновниктердин курчоосунда каларын, анын бир жылмаюусу үчүн өпкө-жүрөгүн чаба тургандар четтен чыгарын ал кезде билген эмес элек. Бардыгы анын «Мисс университет» сынагына катышкандан кийин башталды.
– Болбогон иш менен алек болуп, ушуга убакыт коротконун...- деп күңкүлдөп нааразылана кетти Жанара, Назиктин сынакка кийип чыга турган көйнөгүн үтүктөп жатып.
– Сен деле улам жазгандарыңды алып барып, редакциялардын эшигин тешип жатпайсыңбы? Ошентип убараланып жүргөнүңдү биз болбогон нерсе деп айтпай эле турабыз го,- деди Назик да таарына. Мен анын чачын жасалгалап жаткан элем. Жанара талаша кетүүнү күтүп эле турат эмеспи, чарт жарылды.
– Эй, сен менин жумушумду баланын оюнундай нерсеге салыштырба. Ал деген ак эмгек, ал деген өзүн-өзү өстүрүү, искусство.
– Меники деле искусство...
– Баян, сен күбө болчу, эми могу цыгандардыкындай көйнөк кийип, жасалма жылмайып, тоту куштай жасанып турган искусствобу? Же менин жазгандарымбы?
– Экөө тең,- дедим мен токтоо гана.
– Экөө тең көп эмгекти, көп курмандыкты талап кылат. Андыктан талашпагыла. Назик, Кудай жалгагыр, сен кыймылдабай отурчу...
Таң каларлык нерсе, бирок дайыма экөөнүн ортосунда мен калыстык кылчу элем.
Жанара экөөбүз тең толкунданып, Назик чыккан сайын алаканыбыз ысып кеткенче кол чаап жаттык. Кырка тизилген кыздардан ак куудай айырмаланып турган Назиктин сулуулугун калыстар тобу байкабай койгон жок. Эң башкы сыйлыкты ошентип биздин курбубуз алды. Жанара экөөбүз кучакташа кыйкырып жатып, кимдир бирөөнүн кареги мени тепчип өткөнүн сездим. Кылчая берсем, мени Дастан карап турган экен. Тек гана Жанара экөөбүздүн жиндилигибизге таң калып тургандай. Билинер-билинбес баш ийкелди, алик алдым. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө ал мага басып келишин каалап жатканымды сездим, бирок ал келген жок. Биздин жолдорубуз ушинтип кайсы бир жерлерден биригип, кайра үзүлүп жатты.
Ошол күнү Назиктин жеңишин куттуктаганы Азамат баарыбызды кафеге чакырды. Жеңиштин даамынанбы же бир аз ичимдик ичкенгеби, Назиктин көзү ого бетер жайнап калыптыр. Кеч болуп кетсе деле кетейин деген ою жок. Ага Жанаранын жини келе баштады.
– Кетпесең кетпе, жүр, Баян кеттик...
– Жок, Баян мени менен калат, а сен кете бер,- деди Назик.
– Эмне?
– Сага бул жерде көңүлсүз болсо кете бер, бирок Баян мени менен калат.
Ысып турган, курбу деп кубанып турган жүрөккө биринчи жолу муз чачырады. Жанаранын көздөрү чакчайып кетти.
– Жок, мен Жанара менен кете берейинчи. А сен анан Азамат менен келерсиң.
Жанара ушул эле сөзүмдү күтүп турса керек, мени колдон ала сыртты көздөй жөнөдү. Үн катпай жөө басып келе жаттык. Жанарага чын эле боорум ачып жатты, анын үстүнө Назиктин текебер мүнөзүн билчү элем. Бирок Жанара таптакыр башка нерсени ойлоп келе жатыптыр.
– Баян, мен кимдир бирөөнү өтө сагынып жүрөм,- деди ал улутуна.
– Кимди?
Сурап алып жүрөгүм тыз дей түштү. Албетте, Эмирди да. Эх, сурабай деле койбой.
– Мен баары бир аны унута албайм. Мына, Назик жигит тапты, жакында сен өз турмушуңду түздөй баштайсың. А мен жалгыз каларымды сезип жатам. Анткени мен силердей сулуу
эмесмин, мүнөзүм да чорт.
– Антип айтпачы, сенин жан дүйнөң сулуу. Сен Назик экөөбүздөн дагы кыйынсың.
– Сага бир нерсе айтайынбы, мен Эмир менен түрмөгө жолугушканы барганга көп жолу аракет кылдым. Бирок ал мени көргүсү келбеди. Жолукпайм деп коюптур.
– Жанара, сен акылыңдан адашкан окшойсуң. Түрмөгө сага бышырып коюптурбу? Кантип корккон жоксуң?
Жанара мени тиктеп туруп, акырын күлүп койду.
– Эмнеден коркушум керек? Ал жердегилер деле сен экөөбүздөй эле адамдар. Арасында түрмөгө жөн эле отуруп калгандары да бар.
– Жанара, экинчи барбайм деп убада бер мага!
– Апендим десе, мен сени кошо алып барайын деп жатам. Экөөбүз барсак, балким, ал жолугууга чыгар. Билип турам, ал сени келди десе жолугууга чыгат.
– Жинди болбочу...
– Мына, көрдүңбү, сен аны менчелик сүйчү эмессиң. Сеники жөн гана балалык жактыруу болчу. А мен аны бир өмүр сүйөм. Аттиң, ошону Эмир түшүнгөн жок. Башын буруп кеткен
курбум ыйлап жатты. Туура, мен Эмирди чын эле Жанарадай сүйө албагам. Менин чыныгы махабатым башка адам эле. А Жанара болсо шоруна көрүнүп, Эмирди такыр унута албады.
Ошентип биздин жашообуз өтүп жатты. Шайыр-шатман, күлкү коштогон күндөр эле. Бирок убакыттын шары менен тагдырларыбызда орчундуу бурулуштар боло баштады. Биринчи болуп Назик бизден бөлүнө турган болду. Мыкты моделдик агенстволордун бирине жумушка орношуп иштеп жаткан. Анын үстүнө Азамат үй алып, аны менен чогуу жашаганга чакырыптыр. Баары бир ичибиз ачышат экен. Ал буюмдарын жыйнап жүрсө, согушка узатып жаткансып, көзүбүздөн жаш тегерене баштады.
– Эй, кыздар, силерге эмне болду? Мен тез-тез конокко келип турам. Мен деле силерди таштап кетким келген эмес. Азаматка ата-энеси көп кабаттуу үйлөрдөн үй алып бериптир. Кыздар, биз жашай турган үйдү көрсөңөр, тим эле керемет!
– Кыялдар орундалат деген ушу,- деди Жанара какшыктай.
– Жанарочка, сенсиз, сенин курч сөздөрүңсүз менин жашоом алда канча оор болмок. Мен сени жакшы көрөм.
– Биз дагы сени жакшы көрөбүз, жинди кыз...
Жанара экөөбүз Назиктин Азамат менен бирге жашоосуна канчалык каршы болсок да, анын чечимин өзгөртө албайт элек. Сумкаларын көтөргөн Назик бизден алыстап бара жатты. Шаардагы бир жылдык жашоо аны ушунчалык өзгөрткөнүн ошондо байкадым. Өзүнө ишенимдүү кадам шилтеп, бизден узап бара жатты.
Назик кеткенден кийин биздин турмушубузда шаң азайып калгандай. Бир капталыбыз эңшерилип калгандай томсоруп жүрдүк. Жанара болсо баш оту менен ишине берилип кетти. Эсимде, анын биринчи макаласы биз экинчи курс кезде белдүү деген гезиттердин бирине басылып чыккан.
– Баян, жүрү, жүрсөң,- деп купуя сыры көөдөнүнө батпай жаркыган Жанара менин университетиме келди.
– Эмне болуп кетти?
Шашпай колундагы гезитти алып чыгып, дал бетиме такай берди.
– Бул эмне?
– Макоо, түбүнө карасаң, менин макалам гезитке басылды, алдында аты-жөнүм турбайбы...
(Уландысы кийинки санда)
Асия Алиева
lira@super.kg