Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кызыгына батып жаткан учуру. Тайпалык баскычтагы оюндар аяктап, ал күтүлбөгөн жыйынтыктар жана кызыктуу окуялар менен коштолду. Алсак, учурдагы Дүйнө чемпиону жана бул чемпиондуктун негизги фаворити саналган Испания курама командасы өз тайпасынан да чыга албай калды. Уругвай чабуулчусу Луис Суарес Англияны тизе бүктүрсө, укмуштуудай оюн көрсөткөн Коста-Риканын кезектеги курмандыгы Италия болду. Германиянын 36 жаштагы чабуулчусу Мирослав Клозе Дүйнө чемпиондуктарында 15-голун киргизип, Роналдонун рекордун кайталады.
БОМБАРДИРЛЕР ТИЗМЕСИ
Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндары жыйынтыкталууда. Гезит бети басылып жаткан маалда оюндарда башкалардан көп гол киргизип, бомбардирлер тизмесинин алдына чыккан оюнчулар:
4 гол:
Неймар (Бразилия)3 гол:
Карим Бензема (Франция)
Эннер Валенсия (Эквадор)
Робин ван Перси (Голландия)
Томас Мюллер (Германия)
Арьен Роббен (Голландия)
Хамес Родригес (Колумбия)2 гол:
Лионель Месси (Аргентина)
Луис Суарес (Уругвай)
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg