ЭТ ЖАНА АЙРАН МЕНЕН ОКРОШКА ЖАСООНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ

Эң жөнөкөй, даамдуу жана көбүнесе ысыкта жасалуучу тамактардын бири – окрошка. Мунун 20дан ашуун түрү бар. Ошолордун ичинен кеңири жайылгандары айран, квас, минералдык суу, чамгыр жана эт менен жасалгандары.

КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР (5 ПОРЦИЯ ҮЧҮН):

Уйдун эти – 200 грамм
Картошка – 150 грамм
Айран – 0,5 литр
Каймак – 200 грамм
Газдалбаган минералдык суу – 200 грамм
Жумуртка – 5 даана
Чамгыр (редис) – 150 грамм
Бадыраң – 150 грамм
Укроп – жарым боо
Көк пияз – жарым боо
Горчица – 30 грамм
Лимон ширеси – 50 грамм
Туз – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ
1.Алгач жумуртканы, этти, картошканы сууга бышырып, даярдап аласыз. Чамгыр, бадыраң, укроп менен көк пиязды жууп даярдайсыз.
Муздаткычтын муз тоңдуруучу калыптарынын ар бирине бир тал укроптон салып, үстүнө муздак суу куюп, тоңдургучка салыңыз. Муз ушинтип даяр болот.

2.Бышып даяр болгон картошканы, жумуртканы, уйдун этин майда төрт чарчы кылып туураңыз. Чамгыр менен бадыраң да ичке төрт чарчы тууралат. Укропту, көк пиязды да майдалап туурап алыңыз.
Эми даяр болгон азыктардын баарын көлөмдүү чуңкур идишке салып, жакшылап аралаштырыңыз.

3.Айран менен каймакты аралаштырып, туз, лимон ширесин, горчицаны жана минералдык сууну кошуп, жакшылап аралаштыруу кажет.

4.Эми чоң идишке баарын салып, бир сыйра аралаштырыңыз. Анан окрошканы табактарга бөлүп куюп, ар бирине тоңдурулган муздардан 2-3төн салып коюңуз. Тамагыңыз даамдуу болсун!

Эскертүү: Квас менен окрошка жасагыңыз келсе, ушул эле азыктарды колдоносуз. Бирок айрандын жана минералдык суунун ордуна 1 литр нандан жасалган квасты куясыз. Эттин ордуна колбаса колдонууга да болот.

Окрошка жасоонун ыкмасын үйрөткөн Бишкектеги «Атлас» ресторанынын шеф-ашпозчусу ГАЛИНА ГОЛУБЕВА болду.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Наргиза Бекжанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сергитчү тамак - окрошка жасап ичиңиз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
asiia03
2014-06-30 15:29:19
Onoi ele jasalat eken . Men aiaibai syiyp ichken tamak. Raxmat keneshinerge super info.
0
sagyn01
2014-07-05 14:16:39
Админ ушуну кантип кочуруп алсак болот
0
insap
2014-06-30 19:56:42
Kyrgyzga taandyk daamduu tamak tvrv eken, jasap alsak bolguday...
0
happy86
2014-06-30 20:41:46
Супер Инфо бадыран туздоо жонундо да жаздынар беле шилтеме берип койгулачы
0
admin_portal
2014-07-01 12:11:25
happy86, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/?article=17525
0
happy86
2014-07-01 15:32:48
Рахмат Супер Инфо!
0
betman
2014-07-01 22:42:55
жумурткасыз жасаса болобу, жумурткадан аллергиям бар
0
zara-919
2014-07-02 15:15:52
мен жеп көрбөгөн экенмин.
0
aika_sv
2014-07-03 11:57:13
Мм окрошканы жакшы кором. Ыссыкта жасап ичсен сонун да.
0
Azem2013
2014-07-04 08:41:59
Эттин ордуна колбаса кошсо да болот.
-1
tilek-x
2014-07-04 15:11:31
Чамгыр деген эмне
0
matteraza
2014-07-05 23:17:22
Чамгыр деген редиска
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан