«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Өткөн саныбызда «Даңазалуу кылым» сериалын башынан баяндап беребиз, тартуу учурундагы көп кызыктар менен бөлүшөбүз» деп убада кылганбыз. Кезек экинчи сезондо. Ал кандай чоң окуя менен башталат? Малкочоглу Бали бей тарыхта орду бар адам болгонбу? Тартуу иштери учурунда кайсы актёрлор жаракат алышкан? Ушул жана башка соболдордун жоопторун сиздер үчүн жиликтеп чыктык.

ЭКИНЧИ СЕЗОН

25-серия: Гүл ага менен Сүмбүл аганын тирешүүсү башталат
Хүрремдин колунан алып жеген ууланган таттуудан Лео Ибрагим паша менен Хатиже султандын ак сарайында жан берет. Бул күнү ак сарайдын бакчасында Венгриянын падышасы Лайош тарабынан тымызын жөнөтүлгөн Виктория Сулейман султандын өмүрүнө кол салмакчы болуп, анын кекиртегине канжар такайт. Бирок Викториянын амалы ишке ашпай калып, бул окуяны өз пайдасына буруп калууга далалат кылган Хүррем «Ибрагим паша алып келген күң, ал кол салуу үчүн жооп бериши керек» деп чыгат.
Сулейман султан диванда Венгрияга карай улуу жүрүш баштай турганын жар салат. Султанды согушка узатуунун алдында Хүррем Эдирнеде үчүнчү уулун жарыкка алып келип, Сулейман төртүнчү мураскерин чоң атасынын урматына Баязид деп атайт. Махидеврандын уулу Мустафа жүрүшкө катышууну катуу дегдеп, атасынын сөзүн укпай, эч кимге билгизбей, согуш талаасына өз алдынча жөнөп берет. Орто жолдон аны таап келишип, Мустафа атасынан кагуу жейт. Эдирнедеги ак сарайда колу колуна, буту бутуна тийбей кызмат кылган Гүл аганы Хүрремдин сунушу менен борбордогу хан сарайга ала кетишет. Гүл ага менен Сүмбүл аганын ортосундагы тирешүүдөн гаремдеги жашоонун кызыгы артат.   

26-серия: Европаны тизелеткен Мохач жүрүшү
Венгрияга бараткан сапарда Лайош тарабынан уюштурулган буктурмада Сулейман султандын өмүрүнө кол салынат.  Ага капыстан ок атылып, падыша атынан кулайт. Дал ушул учурда эр жүрөктүүлүгү менен даңазасы ашкан Малкочоглу Бали бей султанды куткарууга жетишип келип калат. Ушундан улам да согуш даярдыктары, айрыкча көпүрө куруу Ибрагим пашага эмес, Бали бейге тапшырылат.   
Ибрагим жүрүшкө кеткенден кийин Хатиже султандын кош бойлуу экендиги билинип, өзгөчө камкордукка алынат. Гүл ага хан сарайга кезектеги күңдөр алынып келингенин кабарлап, Хүррем Хатижеге «жаңы ак сарайыңызга кызматчыларды тандап албайсызбы, Ибрагим пашанын өзүнүн гареми да болуп калат» деп кайрылат. «Сен өзүңдү кантип мага теңейсиң? Мен султанатта төрөлгөм, султанатта өлөм. Гаремдеги бардык аялдардан өйдөмүн. Сен мураскер төрөп берсең да күң бойдон каласың. Ибрагим башка аялдарга көз сала албайт, анткени мен аны менен ажырашып кете алам, аны керек болсо жок кылып салууга акым бар» деп Хатиже султан Хүрремдин оозун жабат.
1526-жылдын 29-август күнү Венгриянын Мохачында уруш башталат. Ибрагим паша жарым ай формасындагы тактиканы сунуштап, анда Осмон армиясынын борбордук бөлүгү артка чегинимиш болуп, душманды болушунча жакындатып алуу менен оң жана сол жактан сокку урат. Жыйынтык күтүлбөгөн жеңил жеңишти алып келет. Мындан улам султан өзүн-өзү тарбиялоо максатында, көзүн май басып калбашы үчүн да аскерлерине көр каздырып, анын ичине түшүп жатат. «Биз Мохачта күн батканга чейин жеңишке жеттик. Жан дүйнөмдү текеберлик чулгап алды, аны мен ооздукташым керек. Эч качан чиренбе, абийириңди жоготпо, Сулейман! Өзүңдү Жараткандан жогору койбо. Текебер мүнөзүңдү өлтүрбөсөң, ал сени өлтүрөт. Ар бир фараонго өзүнүн Моисейи табылат» деген падышанын монологу менен бул серия аягына чыгат. 

27-серия: «Михримах, баары сага баш ийген күн келет»
Венгер падышачылыгы Осмон империясына каратылып, бардык байлыгы, анын ичинде китепканасы менен байыркы грек мифологиясынын Кудайларынын статуялары хан сарайга жана Ибрагим пашанын ак сарайына көчүрүлүп келинет.
Хатиженин «сен баары бир күңсүң, мен династиянын өкүлүмүн» деп айткан сөздөрүнө арданган Хүррем кичинекей кызы Михримахка «Сен ханбийке болуп төрөлгөнсүң, Михримах султансың. Сага буюмдай мамиле кылып, буйрук бере алышпайт, сени кемсинте да алышпайт. Бир күн келет, сенин алдыңда баары баш ийишет. Сен мендей күң болбойсуң» деп айтат.
Бул аралыкта Кастилиянын ханбийкеси Изабелла Жер ортолук деңизинде каракчылар тарабынан кармалып, султанга тартуу катары Стамбулга алынып келинет. Кош бойлуу Хатижеге кызмат кылуу үчүн хан сарайдын гареминдеги Нигар калфа Ибрагимдин сарайына бөлүнүп, калфанын пашага карата акылга баш ийбеген сүйүүсү от алат.  

Режиссёрлор Дурул Тайлан жана Ягмур Тайлан: «Сериал эфирге кетерге чейин аябай кыжалат болуп жүрдүк. Ягмур экөөбүз бир жолу продюсер Тимур Савжыдан «Эгерде эч бир жыйынтык чыкпай калса эмне кылабыз?» деп сурап калдык. Анда Тимур «ийгиликти бул сапар багындыра албасам, анда бардык ишти кайрадан нөлдөн баштайм» деп жооп берди. Тимурдун бул сөздөрү биз үчүн маанилүү болчу»,- дешет.

 

Малкочоглу Бали бейдин ролун жараткан Бурак Өзчивит: «Менин сериалга биринчи тартылышым август айына, мээ кайнаткан ысык күндөргө туш келип калды. Үстүмдөгү териден тигилген кийим денеме чапталышып, аны чечкенде кадимкидей суу сыгып алууга болот эле. Ушул күндөрү 3-4 килограмм жөн эле арыктадым. Кылыч менен машыгып жатканда алаканым жооруп, сыйрылып, тартуу учурунда колум ачышып оорутуп жатты. Оор кылычты көтөрүү үчүн алаканымды кездеме менен ороп тартылдым. Кан басымым түшүп кетип, мына азыр эсим ооп кулачудай абалга жеткем»,- деп эскерет.

 

Бурак Өзчивиттин канчалык кыйналганы өзүнө эле маалым болбосо, сериалда Бали бейдин пайда болушу көрүүчү айымдарды акылынан аздырып, Малкочоглу чыныгы жүрөк ооруга айланган. Тарых барактарында «Бали бей Малкочоглу деген атактуу уруудан чыккан, Сулейман султан менен курдаш жашта болгон» делет. Бул уруудан убагында чоң саясий ишмерлер менен кол башчылар чыккан. 1526-жылы Мохачтагы салгылашууда Бали бей бир аптанын ичинде көпүрө куруу менен султандын сыйына татып, Осмон армиясынын оң канатынын башчысы болуп дайындалат. Сөөгү 1548-жылы Түркиянын Бурса шаарында жайгашкан анын ысымындагы мечитте жерге берилген.


Тимур Савжы: «Сулеймандын тарыхтагы эң чоң жеңиштеринин бири бул Мохачтагы жеңиш. Ошол үчүн да кичинекей уруш талаасын көрсөтүп коё алмак эмеспиз»,-дейт. Тарыхчылардын айтымында, Мохач жүрүшүнөн кийин Европа 60-70 жыл бою Осмон империясына согуш жарыялоого кудурети жетпеген, муну менен Европа осмондорго жеңилип берген десе болот. Сулейман султан Европанын жүрөгү Венгрияны 3 айда жеңебиз деп чыгып, бирок салгылашуу 2 жарым саатка эле созулуп, душман бир урушта утулуп калган. Дүйнө тарыхында мындай тездик менен аягына чыккан башка согуш кайталанган эмес.

Салгылашты тартууга 13 күндүк эмгек кеткен. Ушул серияда көрсөтүлгөн көпүрө жаңыдан курдурулуп, ал кийин сценарий боюнча жардырылган. 10 гана мүнөттүк болуп көрсөтүлгөн Мохач урушуна Түркиядагы эң кымбат бир серияга сарпталган каражат коротулган. «Баш-аягы эки миңдей кылыч жасалды. Экинчи пландагы айрым актёрлор ролду ойноого берилип кетишип, чындап эле согушуп жаткандай аткарышып, кылычтарды көп талкалашты»,- дейт тартуу иштери боюнча координатор. Чабандестер аттары менен кошо чет өлкөдөн алынып келинген. Байкаган болсоңуздар, өлгөн аскерлер менен кошо согуш талаасында өлүп жаткан ат дагы көрсөтүлөт. Режиссёрлордун айтымында, ат өлүмүш болуп жатууга үйрөтүлгөн жана бул кадрларды тартуу үчүн күн баткан учурда эки апта бою ат 45 мүнөттөй кыймылдабай жатып өз ролун аткарып берген.

Бул жүрүштү тартууда Ибрагим пашанын ролун ойногон Окан Ялабык ат чабышты өздөштүрүп жүргөн жеринен аттан кулап түшкөн. Режиссёрлор иш үзгүлтүккө учурайт экен деп актёрду жемелегенге да жетишишет. Текшерүүдө О.Ялабыктын буту эле чийилип кеткени билинет. Жаракаттардан султандын ролун жараткан Халит Эргенч да кур калган эмес. Ал эки жолу бутун сындырып алган.

Гаремдин евнухтары, айыгышкыс атаандаштар Сүмбүл ага менен Гүл ага сериалдын курч окуяларына күлкү-шаң кошот. Хүрремге чын дилинен берилүү менен кызмат кылып, кошоматчылыктын туу чокусун көрсөтө Гүл аганын ролун жараткан Энгин Гүнайдын Түркияда комедиялык жанрда ойногон атактуу актёр жана сценарист. Анын күйөрмандары «ишин мыкты билген актёрго «Даңазалуу кылымда» чоң роль берилбей калды» деп нааразы болушкан жайы бар. Бирок актёрдун харизмасы экинчи пландагы билинер-билинбес ролду көрүүчүлөрдүн арасында эсте калган ролго айланткан. Энгин Гүнайдын «Даңазалуу кылымга» тартылып жүргөн учурунда башкы ролду сунуштаган башка долбоорлорду кабыл албай турган.

«Даңазалуу кылым» үчүн реквизиттин дээрлик баары жаңыдан жасалып, костюмдарды тигүүгө 50 миң метр кездеме, декорацияга 100 миң метр кездеме пайдаланылган. Мисалы, чалмаларды ороого эле 7ден 30 метрге чейинки кездеме керектелген. «Даңазалуу кылымды» кездеме менен камсыз кылган дүкөн Бред Питт катышкан легендарлуу «Троя» тарыхый драмасы, «Белоснежка» фэнтези тасмасы, «Хоббит» трилогиясы жана Рассел Кроу ойногон «Ной» фильми менен да бул жаатта иштешкен. Ар бир серия үчүн жок дегенде 10 жаңы сахна аянтчалары даярдалып турган. Кадр артында жашыруун калып кеткен жүздөгөн кызыктар менен сериалдын урунттуу окуяларынан турган баяндаманы кийинки сандарыбыздан калтырбай окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Oceana
2014-06-30 15:19:53
Kiyimderi soonun tigilgen.
0
aigul.suiunevaismanova.92
2014-06-30 15:37:43
сумбул ага соонун роль аткарган кийимдери ачкан
0
aryshka
2014-06-30 16:38:17
А Хюремдин аткарганычы иииий,караганы басканы жинденгени
+1
iskra
2014-06-30 18:08:02
Хюрремдин олумунон кийин(135чи сериясында олот)фильмдин кызыгы деле жок болуп калат.Андан кийин Селим менен Баязиддин бири бири менен тирелишуусу башталат.Сулейман 139чу сериясында олуп фильм ошону менен бутот.Андан кийин эмне болгону тушунуксуз.....
0
nora00
2014-07-01 14:17:07

Малкочоглу Бали бейдин ролун жараткан Бурак Өзчивит,жагаааааааааааааааат эх кыргызстанда мындай жигиттер жок болсо керек.рахмат супер инфо азмаз жазып койгонунарга инфо БАЛИ БЕЙ жонундо
-1
nsk-mk
2014-07-01 18:59:00
nora00, Болсо да баркына жетпейсинер
0
Aksy-13
2014-07-01 16:05:12
Супер инфо сураныч кинозалга ушул сериалды улантып жуктогулочу
0
admin_portal
2014-07-01 16:12:57
Aksy-13, Саламатсызбы! Аракет кылабыз!
0
jigit.mr
2014-07-02 12:48:21
буюрса кыргыздар да мындай тасма тартат ишеничим чон ал эми курманжан датка тасмасы бет ачаары болуп калат тарыхый тасмалардын
0
zara-919
2014-07-02 14:22:31
чалма деген эмнеси?
0
Эльвира Караева
2014-07-02 18:58:07
zara-919, селде. Орусчасы - тюрбан.
0
orun
2014-07-04 10:44:15
zara-919, менимче селде болуш керек. (салла).
0
jikitai
2014-07-02 15:44:59
Мен хюрем катышпай калган учун 4сезонун коргум келбей калды .анын ордуна роль жараткан айым такыр конулумо толбой койду
0
rozka
2014-07-02 20:56:00
Мен дагы коруп бир ыйлап бир кулом . Кийимдерине соз жок ошого окшош алтындарды тагып прическаларына дагы соз жок
0
Jakai89
2014-07-04 05:23:31
Мен бул сериалды коруп туготтум 139 серия экен чынында эле бул жашоодо акыйкат жок экен деп койдум журогу таза элим деген Байазитти олтуруп койду аа арак кор элге пайдасы тийбеген Селим Паадыша болуп калды ..
+1
askar_myrza
2014-07-04 07:20:00
Супер инфо сиздерден сураныч киггаздын ырларын жүктөп коюуңуздарчы. Алдың ала рахмат!
0
admin_portal
2014-07-04 09:38:34
askar_myrza, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, угуп, көрө аласыз:
http://www.super.kg/media/?search_term=Kiggaz&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
agronom
2014-07-04 12:27:44
Аябай сонун тартылган кино экен. Кыргыызчасын да жакшы которушкан, кыргыздар эле тарткандай сезимдер болуп кетип атат коргон сайын. Биздин озубуздо да ушундай тарыхый жакшы кинолор тартылса эээ сонун болмок.
0
admin_superstan
2014-07-05 01:27:14
kykenbai, сайттын башка катышуучусун кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган! 5 күн БАН!
0
kmLove
2014-07-06 10:57:30
Кино кыргызчага жакшы которулган)))) +5
0
№ 608, 27-июнь-03-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан