ИЙНЕ КОШТОГОН ИЙГИЛИК

Катаал заманга баш ийбей алдыга койгон максатына жетүүгө далалат ургандар биздин күндө аз эмес. Мисалы, Жаннат Бекжанова. Бул айым моданын мекени Францияга кыргызды таанытып келди.

Башат

– Бир жолу үй жыйнап жатып булгаарынын чоң кесиндисин таап алдым. Ишимди унутуп, ошол кесиндиден куурчагыма көйнөк тигип отуруп калдым. Ошондон тартып менде кийим тигүүгө кызыгуу пайда болду. Сабактан соң теңтуштарым оюнга ашыкса, мен колума ийне-жип алып бирдемелерди тигүүгө шашылчумун. Ал кезде менин моделдерим куурчактар эле. Балалыктагы бул кызыгуум чоңойгондо тарап кетпестен күч алып, мектепти бүтүргөн соң ойлонбостон эле дизайнер-модельер адистиги боюнча окууга тапшырдым. Сынактан жогорку балл алып, өзүм каалаган окууга өттүм. Анан экинчи курстан баштап эле жергиликтүү жана эл аралык конкурстарга катыша баштагам.
Мисалы, 2004-жылы болгон “Алтын жип” сынагына алып барган костюмдарым өлкөбүздөгү белгилүү модельерлердин кызыгуусун жаратты. Ал эми 2005-жылы “Жылдын кутюрьеси” сынагында авангард стили боюнча биринчи орунга ээ болуп, Москвага жолдомо утуп алдым. Бирок каражаттын жоктугунан Москвадагы сынакка катыша албагам.

“Ийгилигимди Чыңгыз Айтматовго байланыштырам”

–Мени тигүүчүлүктөн башка дагы бир нерсе кызыктырат. Ал – Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары. Дипломдук ишимде ошол эки сүйүктүү нерсемди бириктирип чагылдырып көрүүнү чечтим. “Ак кеме” повестинде Бугу Эне тууралуу уламыш айтылат эмеспи. Ошол Бугу Эненин образын заманбап стиль менен айкалыштырып кийим тиктим. Ушул дипломдук ишимди жазуучунун өзүнө көрсөтсөм деп кыялданып жүргөм. Бирок ошол жылы залкар жазуучубуз дүйнө салды. Дипломдук ишиме “мыкты” деген баа алып, өлкөбүздө боло турган мода жумалыгына катышууга жолдомо алдым. Менин чет жерде кыргыз модасын таанытып калганыма да мына ушул сынак жана улуу жазуучунун чыгармалары таасир берди окшойт. Балким, мен бул теманы тандабаганымда мындай ийгиликке жетишмек эместирмин деп ойлоп кетем. Кыскасы, ар кайсы өлкөдөн келген калыстардын купулуна толуп, “заманбап этника” деген наам боюнча биринчи орунду ээлеп, Парижде өтүүчү “Жаш таланттарды колдоо” мода жумалыгына жолдомо алдым.

“Булгаары падышасы”

– Францияга барып, сынакка катышуу – ар бир модельердин аруу тилеги. Москвага жете албай жатып Францияга барууга кайдан каражат тапмак элем? “Ийгилик кушу адамга бир ирет келип конот. Ошону тууруна кондуруп калса, адамда өмүр бою калат, айласын таппаса кайрылбай кете берет” деп коюшат эмеспи. Өзүмдүн ийгилик кушумду качырып жибергим келген жок. Каражат издеп канчалык кыйналганымды айтпай эле коёюн. Айтор, өзүм барбасам да, тиккен кийимдеримди жиберүүгө карыздап акча топтодум. 500 евро керек болчу. Чынын айтсам, жеңүүчү болом деп үмүт эткен да эмесмин. Болгондо да 150 өлкөнүн ичинен баш байгеге татыктуу болуптурмун. Мен тиккен кийимдерге Анжелина Жоли, Элтон Жон, Леди Гага өңдүү белгилүү жылдыздарды кийинткен Жан Клод Житруа аттуу кутюрье өзгөчө кызыгыптыр. Анткени кийимдерим жалаң булгаарыдан тигилген болчу. Житруа мырзаны Францияда “булгаарынын падышасы” деп аташат экен. Мына ушул адам мени өзүнүн ишканасында бир ай тажрыйба алууга чакырды. Жол киремди да төлөп берди.
Ошентип, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан октябрга чейин Парижде болдум. Баарынан кызыгы, жакында Жан Клод Житруа мырза Кыргызстанга келип, өлкөбүздүн мода дүйнөсү менен кенен таанышмакчы. Аны Кыргызстандын белгилүү модельерлери менен бирдикте тосуп алабыз. "Булгаары падышасынын" келишине арналып бизде мода жумалыгы өткөрүлөт.

Кыргыз деген улуттун бар экенин жакшы биле бербеген чөйрөгө улутубуздун аты таанылышы кандай жагымдуу. Ал эми минтип моданын мекени болгон Францияда алгачкы чабалекейлерибиздин учуп жатканы биз үчүн чоң сыймык.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chopa_07
2009-11-07 16:55:36
Molodez, iyigilik!!!
0
Azamatik
2009-12-07 10:43:24
Азаматсын Жаннат!
Саламатсызбы Бахияна!
мумкун болсо Жаннаттын почтасын же телефонун бере аласызбы?
Менде бир аз суроолор бар эле.
Азамат
0
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан